Эки доочу бир келсе... 

 

“Азия Ньюс” гезитинин, доо арызында жазылгандай: “ыксыз, далилсиз асылып, жаманатты кылууларынан” тажаган экс-спикер Ахматбек Келдибеков гезитти сотко берип, үч жолу сот отуруму болуп өткөнүн уктук. Бирок, жоопкер тарап келбей жаткандыгына байланыштуу сот эми башкы редактор Аслан Сартбаевди күч менен соттук териштирүүгө алып келүү чечимин кабыл алганы белгилүү болду.

 

 

Буга чейин, акыркы үч-төрт жылда тынымсыз, Ахматбек Келдибеков тууралуу ар кандай ойдон чыгарылган жалган жалааларды жазуудан тажабаган Аслан Сартбаевдин беттешүүлөрү, жакалашуулары, элдешүүлөрү ЖМКларда кеңири баяндалган. Асландын “экинчи алдыңыздан туура баспайм, эркекче сөз берем” деп бүжүрөп, кечирим сурап, анан эле ай айланбай анысын унутуп таз кейпине кетип калмайынан тажап бүткөн Ахматбек Келдибеков акыры ажыр жооп жалакорду сот аркылуу сазайын окутмак болуп белсенип, мындай окуялардын бир нечесине күбө болгон жакын жоро жолдошторунун арасында, “эми элдешпейм, до конца барам, эркекче сөзүм” деп касам ичкендей болуптур. Ал окуянын чет-бучкагын эшиткен Аслан Сартбаевдин айласы куруп, мурдагыдай бөйпөңдөп бөжөктүн образына кире калуу аркылуу кутулуп кетмей амалы жардам бербесин сезип, сотко келбей качып жүрөбү?

 

Ал ортодо, “Азия Ньюс” гезитинин үстүнөн сотко дагы бир арыз түшкөнү калганын эшиттик. Белгилүү коомдук-саясый ишмер, мыкты аналитик Иманкадыр Рысалиев да Аслан Сартбаевди сотко берем деп билегин түрүнүп, адвокатка кайрылганы белгилүү болду. Кечее эле туздаш-даамдаш, май-көл, сүт-көл  болуп жүргөн демөөрчүсү Иманкадыр Рысалиевди кайсы кара теке сүзгөнүнөн шыбап жибергени бизге белгисиз. Бирок аны да соо койбой, мындай деп жазыптыр: “Акаевдин экс-пресс-секретары, Жаныштын идеологу Иманкадыр Рысалиев бүгүнкү күндө Кудайын тааныбай чиренип, “Соке - досум, премьер Абылгазиев – бажам” деп, бүтүндөй бизнесмендерди үркүтүп, кадр саясатына кийлигишип, кутура баштаганын билесиңерби? “Атамбаевдин түбүнө Икрам жетсе, Жээнбековду эми жаманатты кылууга Иманкадыр киришти” деп элдин баары айтышууда. Банкирлерди, бюджетниктерди “сыгып”, ошого катар кадр саясаты боюнча бажасы Абылгазиевди ортого салып эзип атканы жалганбы? Бекеринен сөз чыкпайт да, “Икрамдан кутулсак Иманкадыр бар” деген…”. Ушинтип болушунча боктоп салыптыр. “Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, адам арыгын сактасаң ооз каңдайт” деген башына келип, “тузум урсун” деп чамынган Иманкадыр Рысалиев да сотко берсе, баягы “эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени” дегендей болуп Аслан Сартбаевге кыйын болгону калгандай.

 

Автандил Белеков.

Булак: "Майдан.kg" гезити