С.Абдырахманов: "Туйгунаалы Абдраимов врач да, ал шизофреник деп диагноз койгон. Анан оорулу немеге таарынып эмне кылам?" 

 

Чүй облусунун экс-губернатору, КСДП партиясынын ветеран мүчөлөрүнүн бири Сагынбек Абдырахманов партиянын келечегине тынчсызданып, партияны ар-кошкон ууру-кескиден тазалоону, кайра сьезд өткөрүүнү демилгелеп, партияга коррупционерлерди толтурууга жол берген Алмазбек Шаршенович Атамбаевди (АША) төрагалыктан кетирүү демилгеси менен чыгып, эски партиялаштардан кызуу колдоо таап жатканы Атамбаевдин жанын кашайтканбы (?), айтор, АША жакында кең Чүйдүн Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Кемин райондорунан КСДПнын акыркы убакта унутта калган, бир кездеги белдүү активистерин өзүнүн “Форум” жеке менчик ишканасына чакырып, жолугушуу өткөргөнү маалым болду.

 

Жыйынга катышкан КСДПнын12 активистеринин айтымында жолугушуу өткөн-кеткенди эстөө менен башталып, төрага мурун “кидать” этип кеткен эски партиялаштарынын көңүлүн жайгаруу аракеттерине бурулуп баратып эле, кашайып, көнүмүш адатынча “ала-качтырма” жолго түшүп кетиптир. Эмоцияга алдырган экс-президент Сагынбек Абдырахмановду болушунча боктоп, “Сагынбек “Кыргызалтындан” кандай бошогонун унутуп калган тура, мен аны с... таштайм”, “мен анын энесин с...” деп бакырып кайра-кайра сол муштумун оң алаканы менен каккылап, жыныстык ишарат кылып, бир топко чейин албуутанып, жолугушуу майнапсыз аяктайт.

 

Ооздору ачылып, бушайман болгон активисттер: “ушундай адамды кантип президент шайлаганбыз” деп күбүр-шыбыр болуп, бир далайы түз эле Сагынбек Абдырахмановго барып, болгонун болгондой айтып беришет. Арасында “Сашка байке (Сагынбекти ич ара ушинтип айтышат) ушуну кайсы бетиңиз менен президент шайлап бергиле дечү элеңиз” деп нааразычылык билддиргендер да болот. Анткени Сакең шайлоонун үгүт убагында Чүйдү түрө кыдырып, жогорудагыдай активисттерге Атамбаевди кыздын баласындай мактап жүргөнү белгилүү. Ошентип АШАнын опурулган убадалары Сагынбек Абдырахмановго эле жетпестен партияга, кенири коомчулука тарап кетет.

 

АША чындап эле Сашкеңди энесине кошуп “итерип” салса дагы кандай болот (?), деп санааркагандар биздин редакцияга баш баккан экен, алар менен Сагынбек Абдырахмановго телефон чалып, чоо-жайын сурадык. Ал кептерден кабардар экенин айткан Сагынбек Абдырахманов: “Кам санабагыла, ал ошондой да, билесиңер, колунан келбейт, оозу менен орок оро берет. Мен ага таарынган деле жокмун. Туйгунаалы Абдраимов врач да, ал шизофреник деп диагноз койгон. Анан оорулу немеге таарынып эмне кылам. Биздин максат партияны Алмаз толтурган акыр-чикирден арылтып, КСДПны саясый аренада сактап калуу,”- деп трубканы койду.

 

Учурда Сагынбек Абдырахмановдун АША менен анын коррупционер куйруктарынан арылуу демилгеси партиянын белдүү ветеран мүчөлөрүнүн, ЖКдагы КСДП фракциясынын дээрлик көпчүлүгү тарабынан колдоого алынып, жер-жерлерде партиянын баштапкы уюмдарынын ишин жандандыруу, республикалык сьездге делегаттарды шайлоо иш чаралары башталганы турат. Анткени АШАны кайра шайламыш болгон сьездге жер-жерлерден шайланып келген делегаттар киргизилбей, алардын ордуна кыңк этпей отуруп, добуш бере турган өн-тааныш, “ишенимдүү” адамдар киргизилип, сьезд легитимсиз болуп калганы КСДПчыларга эле эмес, жалпы элге бештен белгилүү эмеспи.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (360), 20-июнь, 2018-ж.