Дагы бир ирет Дача-СУдагы кырсык жөнүндө 

 

Түркиядагы “adimlardergisi.com” сайтында 2017-жылдын башында Дача-СУ айылында кулаган “Боингдин” чатагына тийиштүү аталган мамлекеттин Улуттук чалгындоо кызматынын ушуга дейре жашыруун “грифте” турган документтери жарык көрдү. Бүтүндөй бир айылды жер менен жексен кылган кандуу учакта контрабандалык товар ташылып келе жатканын, анын адресаты Бишкекте экендигин мурда эле укканбыз. Ал эми “учак Бишкекке май куюу үчүн эле токтомок”- деген кыргыз аткаминерлеринин сөзүн “АСТ” авикомпаниясынын расмий жетекчилиги “Гонконгдон Стамбулга чейин заправка кылуунун эч кандай кажети жок”- деп жокко чырган.

 

Түрк сайтындагы документтерде кулаган учактагы жүк экс-президент Атамбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экендигине далилдер келтирилген. Эсиниздерде болсо, кырсыктын алдында А.Атамбаев Пекинге расмий визит менен барган. Түрктөрдүн чалгындоо кызматы визиттин программасы бүткөндөн кийин Атамбаев дээрлик 10 күн кайдадыр жок болуп кеткенине кызыгышкан. Көрсө, бул мезгил аралыгында АША Гонконгдо жеке адам катары товар алып жүрүптүр. Аталган маалымат булагы АШАны Гонконгдо “Сүйлөй алчу жылан” (“sesli yilan”) каймана ат менен белгилүү АКШда жашап жаткан түрк жараны коштоп жүргөнүн жазды. Бул каарман түрк мафиясынын мыйзамсыз иштери менен шугулданат. Акыркы беш жылдан бери ири партиядагы товарларды Кыргызстанга алып келүү үчүн кыргыз кримдүйнөсү тарабынан тартылып жүргөн. Маалыматка ишенсек, дал ушул жаран кырсыкка кабылган учак үчүн аба коридорун ачып берген (“АСТ” авиакомпаниясы бул типтеги учакты 2 эле пилот башкарышы керектигин, а үчүнчү адам ким экенин билбей тургандыгын жар салган. Ошол үчүнчү адам “сүйлөй алчу жылан” болсо керек деген божомол бар, себеби, мындай ири көлөмдөгү жүктү жеке өзү коштоп келген окшойт). Атамбаевдин учагы да ошол аэропорт аркылуу Кыргызстанга келген. Контрабандалык схема жөнөкөй: түрк учагы Бишкекке май куюу шылтоосу менен токтоп, 86 тонна эч жерде жазылбаган товар түшүрүлмөк. Стамбулга бопбош учак кетмек. Бул туурасында Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы президент Р.Эрдоганга атайын доклад жөнөткөн. Анда акыркы бир нече жылдан бери ушундай мүнөздө көптөгөн рейстер ишке ашырылгандыгы да баяндалган.

 

Бирок, ошол күнкү коюу тумандан улам “Боинг” Бишкекке жакын айыл үстүнө кулап түшүп, экипажды кошпогондо биздин 35 жаран каза тапкан. Кырсык болор замат атайын кызмат өкүлдөрү айылды толук курчап, эч кимди өткөрбөй, учактагы жүктөрдү ташып чыгышкан. Буга үч-төрт сааттай убакыт кеткен. Андан кийин гана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу кырсыктын кесепетин жоюуга киришкен. Бул аралыкта дагы деле канча адамды сактап калат элек? Атамбаев ошол маалда таптакыр көзгө көрүнгөн эмес. Бир нече күн өткөндөн кийин гана кимдир-бирөөлөргө тапшырма берип жаткан сүрөтү чыкты. Түрк сайты кырсыктан соң Атамбаев катуу “кайгыга” түшкөнүн жазып чыкты. Себеби, дүйнөсү күйүп кетти да. Кандуу учакта уюлдук телефондор, акча, компьютерлер, электрондук жабдуулар, алтын, баалуу таштар болгондугу айтылууда. Түрк атайын кызматы жок болгон товарлардын жалпы баасы 250 миллион доллар экенин билген. Боордош мамлекет эмнеге эле бул учактын кырсыгына кызыкты? Түрк бийлиги Атамбаевге тийешелүү компания алардын аймагы аркылуу мыйзамсыз тапкан акчаларын адалдаштырып жүргөнүн билип, макалада жазылгандай, “кыргыз мафиясынын ири шишкасын” ордуна коюуну милдет кылган.

 

Эми бизден дагы кошумча – учурда өкмөттө Дача-СУдагы кырсыктын чоо-жайын жакшы билген эки адам олтурат: Мухамедкалый Абулгазиев вице-премьер-министр катары өкмөттүк комиссияны жетектеген, Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министри болчу. Экөө тең бул кырсыкка байланыштуу кыйраткан иш жасашкан жок. Буларга оозун жаап туруш үчүн жаңы өкмөттөн бирине премьер-министрлик, экинчисине 1-вице-премьерлик тийдиби? Болбосо, бул экөө тең кырсык учурунда оперативдүү иш-чараларды кыйсыпыр кылганы үчүн дароо кызматтан алыныш керек эле. Жүктүн калган бөлүгүн ташууга жардам бергени үчүн ордуларын сактап калганбы ошондо?

 

Кубатбек Бороновго кайрылсак, бул киши таптакыр сууга чөкпөйт го! Өзүнүн сөзү, 2017-жылы жайында маек берип жатат, “беш айдын ичинде өзгөчө кырдаалдагы кырсыктардан 102 адам каза болду”,- деп. Бул андан мурдагы жылдын 5 айына салыштырганда 5 эсе көп! Мейли, “Боингдин” кулашы анын колундагы иш эмес экен, Аюу-сай айылындагы көчкүнүн алдын алса 24 адам аман калат эле го? Дача-СУда учак кулаганда Боронов төрт сааттай убакытта аран жеткен, бул министрдин кайдыгерлигин көрсөтүп турбайбы! Кыргызстан – кереметтүү өлкө: колунан иш келгендер ар дайым четте калып, Боронов, Абулгазиевге окшогон “нан жебестер” жоопко тартылгандын ордуна, кызматтан өйдөлөшөт! Буга түшүнсөм өлөйүн!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.

Тема: