С.Чолуев: "Түлеев Атамбаевден кечирим сурабагандыгынын кесирин тартты. Атасынын, бир туугандарынын да мүлктөрүн зомбулук менен тартып алышты..." 

 

Учурунда Бишкек шаарына мэр болуп, жасаган жумушу менен элдин алкышына арзып, келечектен көптү үмүттөндүргөн кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Нариман Түлеевди атамбаевдик бийлик сындырууга катуу аракет жасагандыгы белгилүү. Ал кезде АША өзү баш болуп, саясий оппоненттерине жасалма иш козготуп, биринин артынан бирин камаганды адатка айлантып албады беле...

 

Түлеевдин иши боюнча жакында Нарын облустунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Салыбек Чолуев чуулгандуу билдирүү жасады. “Нариман уулубузду бошотуп алуу максатында чогулуп сүйлөшүп, атайын топ Жогорку Кеңештеги жердеш депутаттарга бардык. А.Шыкмаматов, М.Тиленчиевага жолуктук, алар бир ооздон “макул” деген менен, конкреттүү кадамдарга барышкан жок. Ошондуктан, биз КСДП фракция жетекчиси, жердешибиз Чыныбай Турсунбековго келдик. Ал киши “шар” кетти. Адам катары, депутат катары, бийликтеги партиянын лидери катары дароо демилгени колго алды. Президентке бул маселе менен 7 жолу кирди. Анан жыйынтыгында бизге жолугуп, “макул болдуртуп келдим, шаардык соттон кийин кечирим сураса чыгарам”- деп айтканын жеткизди. Түрмөдөгү киши менен байланышуу кыйын экен, бирок, аракет жасап, мунун баарын Нариманга жеткиздик. Ал: “мен кечирим сурабаймын, кылган күнөөм жок, жеген-ичкен эмесмин, кимдин-ким экенин турмуш өзү тастыктайт”,- деп койду. Ошону менн Чыныбай Турсунбековго рахматыбызды айтып, абалды түшүндүрдүк. Ал: “ден-соолугуна, жагдайына карасын, ушундай жол менен болсо да чыгып кетсе дедим эле”- деп айтты. Уюлдук операторлордон текшертсеңер биздин ошол кездеги Ч.Турсунбеков менен сүйлөшкөндөрүбүз чыгат. Ошентип, талашып-тартышып, аягында Нариман бошоду. Бирок, ал Атамбаевден кечирим сурабагандыгынын кесирин тартты. Атасынын, бир туугандарынын да мүлктөрүн зомбулук менен тартып алышты. Бул жакшы маселе болбой калды. Демократиялык мамлекеттин президенти кыла турган иш эмес бул. Тиранга айланып алган экен көрсө”,- деди С.Чолуев.

 

Андан көп өтпөй эле КСДП партиясынын басма сөз кызматы “Нариман Түлеевге таандык” делген “кечирим каттын” сүрөтүн жарыялады. Буга Н.Түлеев өзү таң калуу менен реакция жасап, КСДП даназалаган каттагы кол жазма ага тийешелүү эместигин, керек болсо экспертизага жөнөтүп, далилдеп бере тургандыгын билдирди.

 

“Буга таң калыштын кереги жок. Кара пиар, документтерди фальсификациялоо – ушулардын деңгээлиндеги иш. Менин гана ишим боюнча эмес, башка көптөгөн адамдарга карата документтерди мыйзамсыз бурмалоолор ал кезде эң жогорку чекке жеткен. Ошонун айынан көптөгөн саясатчылар соттолуп, камалды, журналисттер куугунтукталды. Фальсификация жана жалганчылык мамлекеттик саясатка айланган”,- дейт Н.Түлеев.

 

Ошону менен катар, Н.Түлеев Алмазбек Атамбаевди “Азаттык” радиосунун түз эфиринде теледебатка чакырды.

 

“Мен эмес, Атамбаев элден кечирим сурашы керек! Коррупция, өзү кийлигишип жатып талкалаган сот системасы, адамдардын конституциялык укуктарынан бузулгандыгы, аттиштер менен видеокамералар, бажыдагы контрабанда, Дача-СУ, “Датка-Кемин”, аймактык принцип боюнча элди мазактагандыгы үчүн кечирим сурап, жооп бериши керек! Мына ушул маселелер боюнча да түз эфирдеги теледебаттарда сүйлөшкөнгө даярмын!”- дейт Түлеев. А Атамбаевден жооп жок. Башка болушу да мүмкүн эмес болчу...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.