Коңшулар мамилесин өзгөрткөн жок! 

 

7-апрелде Кыргызстан Апрель ыңкылабынын сегиз жылдыгын катуу майрамдап жатканда, Өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мамай жергесине басып киришип, Кербен шаарынын курамындагы Курулуш кыштагынын тургуну Фархад Мырзакалыковду кадимкидей атып кетишти.

 

Айтмакчы, бул каргашалуу окуя жергиликтүү тургундар тарабынан видеого дагы тартылып алынган. Тилекке каршы, Кыргыз бийлиги коңшу мамлекетке нааразычылык нотасын гана жолдоо менен чектелгендиги абдан өкүндүрөт.

 

“Фейсбуктун” активдүү колдонуучусу, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Курулуш кыштагынын тургуну Жуманазар Алмамбет уулу “Акыркы маалыматтар” баракчасы аркылуу эки видеосун таратты. Биринчисинде канга боелгон жаш жигит жана формачан өзбек аскер кызматкери колуна курал көтөрүп турат. А экинчи видеотасмада автор өзү түшүндүрмө жасап жатат. Анда өзбек чек арачысы Кыргыз жаранын кыргыз аймагында аткандыгы даана көрүнүп турат. Ал катуу коркккондуктан, атылган жигитти Өзбекстанга сүйрөп өтүүгө катуу аракеттенет. Бирок, муну байкап калышкан Курулуш айылынын тургундары кыйкырып жиберишкенде, тигил корккон чек арачы Өзбекстанга кире качып кутулган.

 

Баса, аталган видеого тартылгандар чындык экендигин Кыргызстандын Чекара кызматы дагы ырастады. Бирок, тергөө кызыкчылыгынан улам окуяга ачык комментарий берүүдөн караманча баш тартышты.

 

Кыргыз тараптын айтымында, Өзбек чекара отряды Кыргыз жараны Фархад Мырзакалыковду белгисиз жагдайда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай тилкесинде атып ташташкан. Ок жеген жигит оооруканага жетпестен каза тапты. Ал эми Өзбекстандын версиясына ылайык, Кыргыз жараны чекара тартибин одоно бузган. Эскертүү иретинде аталган окту дагы тоготкон эмес. Ошондуктан, өзбек чек арачылары дагы бир ирет асманды карай атып, анан Кыргыз жаранын кармоого далбаса кылышканда, тигил жигит изин суутууга далбаса жасаган. Себеби, аны атайын даярдалган машина чек ара тилкесинде күтүп турган экен. Ошол себептүү өзбек чек арачылары дагы бир ирет ок чыгарышканга үлгүрүшкөн.

 

9-апрелде “Автодорожный” бекетинде Кыргыз Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары-аталган кызматтын чекара аскерлеринин кол башчысы Руслан Мирзиеев жолугушту. Анда эки тараптын чекара тартибин бузган жарандарга карата курал колдонбоо милдеттенмеси так аткарылбай жаткандыгы баса белгиленди. Ошондой эле бул чатак боюнча эки тарап тең бирлегешкен иликтөө жүргүзүшөөрүн катуу убада кылышты. Буга улай өзбек аскерлеринин колунан бейкүнөө ажал тапкан 34 жаштагы кыргыз жараны Фархад Мырзакалыковдун өлүмүн жеринде териштирген кыргыз тараптын ыкчам маалыматы дагы угулду.

 

- Кырсык катталган аймакка КР Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Кожошев өзү барып, Аксы районунун акими, жергиликтүү күч жана тартип органдарынын жетекчилери менен жолугушту. Ушул тапта чек ара тилкелеринде өзүн алып жүрүү маданияты жергиликтүү тургундарга кең-кесири түшүндүрүлдү. Эми алар калган чек арада жашашкан элди дагы кыдырып, аларды ынандыруу саясатын ого бетер күчөтүшмөкчү,- деди КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева.

 

Буга дейре өкмөт башчысы Сапар Исаков Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн Чек ара кызматарынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин гана бул чатакты бирлегикте иликтөөнү макулдашышкан.

 

Эске салчу жагдай: 7-апрелль күнү  Кербен шаарынын курамындагы Курулуш кыштагынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстан тарапта жашаган эжеси Дилорам Бакиеванын үйүнөн коноктон кайтып келатканда, ок атылат. Күбөлөрдүн айтымында, Кыргыз жараны Чек ара сызыгынданы арыкты аттап өткөндө кийин өзбек чек арачылары атышкан. Ок башына тийгендиктен, Фархад Мырзакалыков набыт тапкан.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: