А-уу, Ак үй?
Редакцияга Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгында жетекчилик кызматтарда иштеген Улан Досалиевдин афералык аракеттеринен жабыр тарткан Асылбек уулу Атайдын өлкө жетекчилигине жазган кайрылуусу келип түштү.
Анда: “мен Сиздерге Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгында иштеген Улан Досалиев “крышалап” келе жаткан алдамчы-шылуундук топтон коргоо издеп кайрылып жатам. Күн сайын теледен ички иштер, кооопсуздук органдары, сот системасында иштегендерге каршы антикоррупциялык күрөш күчөгөнүн көрүүдөбүз. Анда иштегендер байлыкты кайдан тапканын, моралдык-абийирдик жагдайын иликтөө маселесин президентибиз Сооронбай Жээнбеков эң туура көтөрүп жатат. Бул жагынан улуу урматтуу президентти чын жүрөгүмдөн колдоймун. Бизде мыйзам сатылма-кубулма милиционер, чекист, прокурорлор жана соттордон элди коргой турган болсо, элдин турмушу кыйла женилдеп, онолмок. Мына мен да, ушуга окшогон татыксыз, мамлекетти уят кылып жаткан шылуундардан бир топ мезгилден бери азап чегип келе жатамын. Учурда Свердлов райондук сотунда мага караштуу “Тропикана” кафесин алдамчылык жол менен, бийлигине таянып тартып алган И.Э.Жунуев, Э.К.Жунуев, У.К.Досалиев жана Д.А.Жангазиевдерге карата козголгон кылмыш иши каралууда. Буга чейин соттор дал ушул шылуундарды коргоп келгенин баса белгилегим келет. Мисалы, И.Жунуев мага өзү Октябрь райондук сотунун жакында сиз жумуштан алган судьясы Гулчехра Оморовага ишти өз пайдасына чечүү үчүн, б.а. менин кафемди Д.А.Жангазиевдин наамына карматуу чечими үчүн 5 мин доллар бергенин айткан. Шаардык соттун судьяларына бул ишти өзгөртүүсүз калтырышы үчүн 10 миң доллар, Бишкек шаардык кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызматкерлери Дастанов менен Саралаевага дагы 10 миң бергенин көрүнгөн жерде мактанып жүргөнүнө жол болсун! Мына, коррупция кантип гүлдөп жатат. Жунуевдер эмнеге өздөрүн минтип жазасыз калышына ишенип асмандашууда? Анткени, МУККнын 9-башкармалыгында жездеси Улан Досалиев олтурат. Эми суроо туулат: МУККнын катардагы кызматкеринде кафени сатып алууга 75 миң доллары бар имиш, аны кайдан тапкан анда? Чындыгында, мындай акчаны көргөн да эмеспиз. Дагы кызыгы, сотторго Улан Досалиев басым көрсөтүп, биздин кафени кайра саттым деген Д.Жангазиев акыркы 6 жылда Балыкчыдагы №10 Манас атындагы мектепте мугалим болуп иштеген, айлыгы 2866 сом. Бул киши анан кантип 400 миң долларлык кафени сатып ала алат? Мунун баары шылуундардын баш айланткан аферасы экендиги даана көрүнүп турса да, чындыкка жете албай келебиз! Ошондуктан, чындык издеп Сизге, Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз”,- делет.
Эске салсак, 2013-жылы эптеп ишкерликтин көзүн таап, оокатын өткөзүп келаткан А.Асылбек уулу ата-энесинин ооруп калгандыгына байланыштуу, “Мастер групп” курулуш компаниясынщда иштеп жаткан И.Жунуевден үч айда кайтарып берүү шарты менен 7 миң доллар карызга акча алган. Күрөө катары “Лексус 700” автоунаасын берген. Убадаланган убакыт ичинде карыздар тарап И.Жунуевге 5600 доллар акча каражатын сүткорлор да батынбаган үстөк пайызы менен кайтарып берет. Демек, 2 миң доллар гана карызы калган. Ошол эле убакта А.Асылбек уулуна турмуш жагдайынан улам дагы чоң өлчөмдөгү акча каражаты керектелип калат. Бирок бул сапар И.Жунуев кайдан-жайдан билип алганы белгисиз, күрөө катары карыздарга караштуу “Тропикана” кафесинин документтерин сурайт. Мурда-кийин Остап Бендерди укса да, ага окшогон макулуктар бар экенине кабары жок А.Асылбек уулу эч нерседен деле шектенбей, кафенин техпаспортун, генералдык ишеним катынын оригиналдарын кармата коёт да, 2013-жылдын 24-мартында эбегейсиз чоң үстөк пайызы менен 10 миң доллар алат. Ушул эле жылдын 21-июлунда дагы 2700 доллар алат. Ал кезде булардын ортосунда өтө жылуу мамиле пайда болот, жада калса ортодон акча чыгарып ломбард ачууну да ойлонушат. Чындыгында, И.Жунуев А.Асылбек уулуна караштуу мүлктөр көп экендигин дайыма ойлоп, тымызын тузак салып жаткан болчу. Ошого карабастан, ар дайым таза жүргөн А.Асылбек уулу 2013-жылдын октябрында алган карызынын 20 миң долларын кайтарып берет. Ошондо үстөк пайыз катары болгону 4 миң доллардын тегерегинде бересеси калат. Карыз алуучунун бир аз кечиккени эле болбосо, ишенимдүү өнөктөш экенин көрүп турса да, ошондо эмнегедир И.Жунуев кафени күрөө катары кайрадан беришин талап кылат. Бул сапар да оюнда кири жок А.Асылбек уулу макул болот. Көп өтпөй, калган карыз акчаны тапкан А.Асылбек уулу өнөктөшүнө жолугушууну көздөйт. Бирок, тиги качып туруп алат. Жолугушкусу келбейт, ар кандай шылтоону айтат. Буга өз учурунда күбө болгон да адамдар бар, алар: “негизи азыркы заманда ким “акчамды алып кой”,- дегенден качсын?!”- деп жакасын кармап, тобо келтирип жүрүшөт.
Жунуевдин максаты – ишкерге таандык кафеге ээлик кылуу болчу. Аталган кафенин рыноктук баасы 400 миң доллар! Демек, 4 миңди алып эмне кылат? Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынан А.Асылбек уулуна телефон чалышып, алардын макулдугусуз кафени эмнеге сатып бергенине кызыгышат. Себеби, кафе муниципалдык участокто турат, ага байланыштуу бардык операциялар УМСтин уруксаты менен гана жүргүзүлүшү кажет. Көрсө, арам байлык И.Жунуевдин көзүн күйгүзүп, кафени өз алдынча сатып жиберген экен. Мына сага бендерчилер! Башында кафени Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкармалыгыны жетекчисинин орун басары, өз жездеси Улан Досалиевге каттатат. “Шектүү шектенет”,- демекчи, бул кадамдары осол болуп калганын байкаган соң, бир аз убакыт өтүп, И.Жунуевдин атасынын классташы жана досу – Дүйшөнбек Жангазиевге каттатууга аргасыз болушкан.
Жакында бул шылуундук топ НТС телеканалына буйрутма менен өздөрүн актап, берүү жасатыптыр. Көрдүк, укмуш, аппак каргалар... Бирок, жаңы президент келгенден бери бизде, элде чоң үмүт пайда болду. Сот да ошондуктан, бул иш боюнча адилет чечим кабыл алаарына, аферисттер акыры темир торго түшөрүнө ишенебиз!
А.Белеков
Булак: “Майдан.kg” гезити