Саясий серенада

 

Кемеси чөгө баштаган КСДП партиясынын 31-марттагы курултайынан кийинки басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулукта көптөн бери сөз болуп келе жаткан Райымбек Матраимов (“Райым миллион”) жөнүндө да өз пикирин билдирген жайы бар.

 

Ток этер жерин айтканда, “эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган”- деп өзүн мактап келип, “жадагалса бүгүнкү, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй уурдап келген схема да былтыр апрелде Атамбаев тарабынан башталган, Сегизбаевге жана ошол кездеги АКСтин жетекчиси Чоткараевге тапшырма берилген. Анан августта биринчи далилдер табылган, бүгүн болсо аларга айыптар тагылды. Бул схеманын артынан эле бажыдан 10 миллиард акча желгендиги боюнча схеманы таптык. Өткөн жылы мен Сапар Исаковдон “Райым-миллионду” аталган тармактан бошотууну сурангам. Ал 23-ноябрда аны кызматынан бошотту. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын отуна түштү. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу кыйкырсаң, анда жакындарыңдын, досторуңдун арасында “Райым-миллиондор” болбошу керек...”- деген болчу.

 

Атамбаевдин тагдырына таң калбастан башка арга жок. Деги ал урушпаган, жамандабаган адам Кыргызстанда калдыбы? Алты жылда АША Убактылуу өкмөттөгү санаалаштарынын баарын, президенттик посту салтанаттуу колуна тапшырган Роза Отунбаеваны кошуп жаманатты кылып бүттү. Ошол эле кезде тегерегине жалан кошоматчы, колунан иш келбегендерди топтоп алганы, алар эми АШАнын өзүн сатып, башка жээкке өтүп кетип жатканын кантип танасың? Бизди, оппозициялык прессаны абдан жаман сөздөр менен тилдеп келди, а бирок, эгерде ал учурунда биздин жазган сын-пикирлерди окуп, укканда, азыркыдай аты бар, заты жок партия башчысы титулунан башка эчтекеси жок, жалгыз калбайт эле го! Биз жазганбыз: “Алмазбек Шаршенович, жалан эски падышаларды аңга түрткөн кадрлар сизди курчап алыптыр, эски шефин саткан адамдар кайра сизди сатпайт дейсизби?”- деп. Мына ошол кадрлардын көпчүлүгү учурда Атамбаевдин айтканын аткаруудан баш тартып, өз арызы менен кызматтан кетүүгө мажбур болушууда. Буга мисал катары Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевди айта кетсек болот. Дагы бир-эки кадры калды...

 

Президентти сатпаган Фарид Ниязов да келечеги тууралуу катуу ойго батууда. Ал да АШАнын акыркы сөздөрүнөн кийин партиянын бедели кыйла ылдыйлап кеткенин айттырбай түшүндү. Өзү мактап-жактап алып келген адамына ич күптү болуп, “мен саясатка кайрадан киришпесем болбой калды”- деп, күргүштөтө сындап киргени үчүн Атамбаевге эл түкүрүп жатат. “Өз абийири менен эле кетип калса болот эле го”,- деген кептер арбын. Ал жөн кете албайт, урматтуу окурман! Анткени, жаңы президент Жээнбеков коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштап, “досум, тууганым, анан мурдагы элге сиңирген эмгегине да карабайм!”- деп жыландын башын кылтыйтты. Жемкорлук фактыларынын ирилери Атамбаевге барып такаларын билген үчүн айтты. Дээринен таза жана ак жүргөн Сокеге да кыйын болду, кимди тандаарын билбей. Бирок, анын акыры “менин элге берген убадам бар, аткарышым керек”- деп туура жолго түшкөнүн бүтүндөй эл кубаттады. Ошентип, Атамбаевдин: “Соке менин досум! Ушуга гана ишенем. Келсе мага тийишпейт. Жоош. Сыртынан башкара берем, баары менин колумда”- деген тариздеги жеке кызыкчылыктагы ой-максаттары ишке ашпай калып, атүгүл коррупцияга каршы күрөш өзүнө да жетерине көзү жеткенде айкырып чыкты. Кекетпей эле жөн олтура берсе болмок, азыр АШАны көчөгө чыгарайын десе, эч ким колдобосу анык болуп турат.

 

Атамбаевди сатпаган саналуу адамдардын бири – Икрамжан Илмиянов. Бул инсандын Атамбаевге кандай камкордук көргөнүн Азимбек Бекназаров китебинде жазбады беле. Мына ошол эмгектерин эске алып, Атамбаев Икрамды жакшы эле көтөрмөлөдү. Жада калса көп “кадрдык маселелерди” Икрам гана чечери кыйытылып келген. Мына ошол Икрам паша Атамбаев менен кеңешип, Мамлекеттик бажы кызматына айтылуу “Райым-миллион” Райымбек Матраимовду алып келгени ачыкка чыгып олтурат. Муну ойдон чыгарган жокпуз, Райым өзү АШАнын макала башында биз келтирген сөздөрүнө жооп иретинде айтты. “2015-жылдын август айында Алмазбек Шаршенович менен досум Икрам Илмиянов Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары болушума жардам берген. Мен муну жашырбайм”,- дейт ал.

 

Андан ары Райым мырза Атамбаевдин 2017-жылы бажы кызматындагы коррупция боюнча билдирүүсүн да четке какты: “Алмазбек Шаршенович күнөөлөгөндөн мурун мени өзүнө чакырса, баарын түшүндүрүп бермекмин. Мен убагында КСДП партиясына берилип иштегем. Бир командадабыз деп ойлогом. Азыр түшүнбөйм, эмнеге мынча күч жумшап, учурда керексиз болуп калдым”. Бул багытта ачылбаган сырлар көп экенин, анын баарын учуру келгенде ачыккан чыгарарын айтты.

Атамбаев адамдарды колдонуп, анан кереги жок буюмдай ыргытып жиберери бизге жаңылык деле эмес. Мисалы, Текебаев аркылуу далайын жайлаганы белгилүү. Абактагы саясатчынын жардамы, акылы менен оппозицияны талкалады. Анан гана болбогон жерден уруша кетип, аны да каматкан. “Райым-миллиондун” айтканынан эле байкалып турбайбы, булар кандай эриш-аркак иштешип келгени. Азыр Атамбаевдин ага атырылып, “коррупцияга каршы күрөшө турган болсоң, досторуңдун арасында “Райым-миллиондор” болбошу керек”- дегенинин төркүнү – кечээки президенттик шайлоодо Райым Матраимов азыркы президент Жээнбековду колдогон. Райым тууралуу көптөгөн белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жакшы пикирде. Бирок, ал тууралуу көптөгөн жөө жомоктор айтылып жатат. Мисалы, айрымдар, “Атамбаевге Райым аркылуу кетип аткан финансы агымы Жээнбеков келгени башка жакка бурулуп кеткен”, “Ошого маанайы түшүп, Райымды сокууга алды”, “Сапар өз баласы да, Райымды жумуштан ага айтып алдыртканы, ошол финансылык агымды өз таасиринде сактап калуу амалы”- дешүүдө. Эми ушунун кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин Райымбек Матраимов ачык айтып бере алабы? Баса, Икрам Илмиянов эмнеге досу “Райым миллионду” колдоп чыкпайт? Деги Икрамдын келечек позициясы кандай болот?

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg