“Камалып чепте эл калды,

Калың  журт санаа жеп калды. 

                                                             “Ишенип жүрсөк буларың,    

                                                       Ит экен баары” – деп калды.” 

                                                               

“Жаңы Ала-Тоо”, №1/33/, январь, 2О12

                                      

“Кумтөрдүн” бүтпөс чыры  

                                                               

Айтор, чейрек кылымга жакын аралыкта кыргыз алтынын чыры “сымбатын” бузбай, калкыбызды эриктирбеген негизги тема болуп калды. Кимиси мамлекеттин башчысы болсо да, алгач “Центерра Голд Инк” компаниясындагы кыргыз үлүшүнүн аздыгына “үшкүрүгү” таш жарат да, “аларын алып, жээрин жеп” коюшабы, акырында бул маселе “жабылып” калат. “Кумтөр” маселеси мезгил-мезгили менен дүжүрлөр аркылуу козголуп, элди козуткан менен ал үчүн туруктуу күрөш жүргүзгөндөр сейрек. Же колунда бийлиги жок, же байлыгы жок эл бул чатактын артында кандай сыр катылып жатканын кайдан билсин! Бизде бийликке умтулгандар алгач ушул багытта кеп таратышат да, качан мансапка жеткенде бул боюнча убадаларын “унутуп” коюшары далилдөөнү деле талап кылбайт. Ошондой болсо да кылым кылмышына бийликке келгендердин ар биринин катышы бар экендигин, көмүскөдө туруп, тиешелүү үлүшүн алып, тынчып каларын угуп-көрүп келатабыз.

 

“Кумтөрдүн” алтыны өлкөбүзгө пайдасынан мурда, зыянды көп алып келери азыркы күндө белгилүү боло баштады. Бул орчундуу маселени козгогондугу үчүн Садыр Жапаров “кылмышкер” катары акыры “күн тийбес” жерге жаткырылды. Бул учурду алтын чырынын өз апогейине жеткен мезгили катары карасак болот. Анын кыргыз бийлигинин өз элине жасаган кыянатчылыгын ачып бергендиги үчүн соттолгону тууралуу калктын калың катмарынын али толук билбегендигин жашырбай белгилей кетели. “Ак ийилет, сынбайт”, - демекчи, бирок азыркы таптагы тарткан азап-тозогу бул адамдын психологиясына, алтындан кымбат ден соолугуна канчалык залал келтиргенин эсептей алабызбы?

 

Эң өкүнүчтүүсү, “Кумтөрдүн” алтынынын бүтпөс чырынын артында калайык-калкка белгисиз көп сыр катылып, анын куну бир гана “жалтырак”таш менен өлчөнбөй тургандыгында болуп отурат. Кыргызстан алтындан гана ажырабастан, зыяндуу таштандылардын көрүстөнүнө айланган аймакка айлануу коркунучуна кептелди. Элибиз кландык бийликти кулатканда жергебиздеги кен байлыктарды мамлекетибизге кайрып алып, жаңы бийлик жергебиздеги алтын кендери мамлекетибиздин келечегине пайдаланат. Анын натыйжасында чет мамлекеттерге финансылык жактан көз каранды болбой. алтындан түшкөн киреше менен өнүккөн өлкөгө айланабыз деген үмүт пайда болгон. “Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңдан тал карма”- дегендей болдук. Мурдагы эки президенттердин эки мөөнөттө бийликти чапчып турганда “ичип-жегендерин” А.Атамбаев бир эле мөөнөттө “ашап” койгону ачыкка чыгып келе жатпайбы! Менимче, алтындын артында катылган бийликтин кылмышын ачкан Садыр Жапаров эмес, ага мыйзамсыз ээ болушкандардын орду ошол жак эмеспи!

                                  

Канадалыктар алтынга кантип толук ээ болгон?

 

Кыргыз бийлиги “Кумтөр” алтынын өз кызыкчылыктары үчүн пайдалананууну терең өздөштүргөнүн энөө элибиз али түшүнө элек. Кептин ачыгы – али мунун сырын түшүнө элек, өкүнүчтүүсү түшүнө да алышпайт. Анткени алтындын чырдуу сырынын түбүндө эмне катылганын элес алышпай келет.

 

Мунун артында кылым кылмышы, же кыргыз элине кандай кыянатчылык катылып жатканын калкыбыздан жашырбай ачыкка чыгаралы. Алтын кенин иштетүүдө “Кумтөр Оперейтинг Компани” (мындан ары “КОК” деп берилет) менен бийлик долбоор түзүп, анын негизинде өндүрүлгөн алтындын 33 пайызы Кыргызстанга калтырууга келишим түзүлөт. Иштетүү мөөнөтү 2007-жылга чейин деп белгиленет. Демек, 2007-жылдан кийин  бул алтын кени Кыргыз Республикасынын менчигине өтмөк. Эгерде келишимге ылайык мөөнөтү бүткөндөн кийин кенди иштетүүнү өз колубузга алсак, алтынды өндүрүү канадалыктардан 2 эсе аз өндүргөн болсок да өлкөбүз чет мамлекеттерге  ири көлөмдө карызкор болмок эмес. Ушуга чейинки мезгилде чыныгы “экинчи Швейцарияга” айланмакпыз.

 

Тилекке каршы, аферисттик топтун кылтагына илинген Кыргызстан алардын “алдооч баштыгына” башын салып, ири коррупциялык оюнуна аралашкан десем жаңылыштык болбос. Бийликтегилердин “КОКтун” башчысы Л.Хоменюктун бир айлык маянасы 300 миң доллар экенин билбей калышы мүмкүн эмес. Ал эми алтын кенинде эч иш аткарбаса да анын аялы Марина Стивенске 4 жыл бою ири суммада маяна төлөнүп, 1 миллиондон ашык долларды “ап” деп жеп койгону” калкыбыздан жашырылып келген. Ошол учурда  Акүйдөгүлөр, Көкүйдөгүлөр менен “депжутарларыбыз” “курсагы ачканда” кенди иштеткенин текшерүүгө алышып, “ачкан курсактарын эптеп тойгузуп” жүрсө,  анан кантип алардын кылмыш аракеттеринин бетин ачмак эле, “ал бечаралар”...

 

Албетте, кенди иштетүүдө формалдуу түрдө Кыргызстандан Амангелди Муралиев, Карыбек Ибраев, Нияз Алдашовдор Директорлор Кеңешине мүчөлүккө киргизилет да, алардын оозун жабуу үчүн айына 16 миң доллардан эмгек акы төлөнүп турат. Кыргызстанда ошол учурда жумасына эки “ставкага” саат жетпеген 34 сааттан сабак берген мугалимдердин маянасы 3 миң сомго жеткен эмес (мыйзам чегинде мугалимдердин бир “ставкасы 18 саат). Кыргыз элинин кендеги өкүлү катары ишеним көргөзгөн өкүлдөрүбүз,  “тың чыкмаларыбыз” “КОК” тарабынан экономикалык жана финансылык тартип бузууларды көрүп-билип турса да, өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргогон эмес, (ороюраак айтканым үчүн окурмандардан кечирим сурайм) “көз көрбөсө ... бөрү жесин” дегендей мамилелери кылмышка жатпас бекен?

                                          

“Кумтөрдүн” алтынынан кантип кол жуудук?

 

Мөөнөтү бүтүп бараткан канадалыктар “Кумтөрдүн” кенин колдон чыгарбоого аракеттерин тымызын ишке ашыра баштайт. Коррупцияга баш оту менен кирген кыргыз бийлигинин сырын билген “КОКтун” башчылары чылбырды алыстан ыргытышып, кенди иштетүү мөөнөтүн узартуу жолун издей баштайт. Бул максатты алар бекеринен алдыга кошкан эмес, себеби мурдагы “Камеко” – кийинки “КОК” кирешенин 90 пайызын “Кумтөрдөн”, 10 пайызын “Бороо”, “Габсуур” жана АКШдагы Невада РЕН кенинен алышкан. Учурда “Кумтөрдөн” башка “Бороо” кенин гана иштетишет деген имиш бар. Кыргыз алтын кенине караганда ушул кичинекей “Бороо” кенинин алтынын 66 пайызы Монголияга калтырылат экен. Мындай айырмачылыктын сырын чечмелеп берүүгө  аракет кылайын.

 

Бардыгы келишимди түзүүдөгү коррупциянын кесепетинен болгон деп коркпой айтсак болот. Фактыга  таяналык. “Бороо” кенин иштетүү келишими мамлекеттер ортосундагы эл аралык мамилелер эрежесине ылайык мамлекеттик масштабда түзүлгөн. Натыйжада, Канаданын бийлиги кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликти моюндарына алышкан. Монгол бийлиги жеке  кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон деп жыйынтык чыгарсак болот. Ал эми башына чейин коррупциянын баткагына баткан  кыргыз бийлиги жеке менчик ишкана менен эч тараптан гарантия талап кылбастан, өлкөнүн кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору коюп, алтындын 33 пайызына макулдугун беришкен. Муну ири масштабдагы кылмыш, болгондо да мамлекетке каршы жасалган чоң чыккынчылык катары эсептесек болот.

 

“Кумтөр” кенин колдон чыгарбоо максатында “КОК” көшөгөнүн көмүскөсүндөгү кезектеги оюнду баштайт. Муну ишке ашырууга мурда эле аты булганып “элге таанымал” болуп калган Л.Хоменюктун ордуна Стивенд жетекчи болуп келет, анын эмгек акысы баягыдай эле 300 миң доллар боюнча калтырылат да, рестуруктуризация  (түзүмдү өзгөртүү) шылтоосу менен Кыргызстандын активдик үлүшүн 15,66 пайызга төмөндөтөт. Ал кыргыз бийлигинин кенди мамлекеттин карамагына өткөрүп алууга аракет кылбасын алдын ала туйган көрүнөт. Кенди иштетүү мөөнөтү бүтүп баратканда кооптонбой чечкиндүү аракетке өтүшүнө таңыркабай деле койсок болот. Себеби келишимдеги мөөнөт бүткөн күндө деле кыргыздын чиновниктери кенди мамлекеттин карамагына алууга аракет жасамак эмес. Кен мамлекетттин колуна өтсө, бийликтегилер кендин кирешесине мурдагыдай колун чыканагына чейин салып жегенине чек коюларын, ошондуктан баары бир алар буга макул болбосун билген көрүнөт.

 

Бул пикир бекеринен айтылган жок. Эл аралык мамилелерде алтын кендерин иштетүү мамлекеттер ортосундагы келишим аркылуу ишке ашырылат. Кен мамлекетке таандык болгондон кийин бекер келген, арам жол менен агылып келип турган  ири кирешеден биздин чиновниктер ажырап калуу коркунучун сезишкен. “КОКтун” ар түрдүү жомогунан кийин алтын өндүрүүгө башка кенге өнөктөш болуп иш алып баруучулар кооптонушуп, жаңы кызыкдар тараптын келиши бир кыйла кыйынчылыктарда пайда кылары шексиз болчу. Кенди мыйзам түрүндө иштетүүгө өнөктөш болгондордун өлкөлөрдүн парламенти менен Кыргыз мамлекетинин парламенти, же мамлекет башчылары келишим түзүүсү бир кыйла убакытка созулмак.  Макулдашууга жетишилгенден кийин эки тарап милдеттенмелерин так аткарууга мажбур болмок. Кен кайрадан иштетиле баштаганда киреше кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, өлкөнүн экономикасына ири кирешени алып келмек.

 

Албетте, мыйзам чеги сакталган мындай шарты коррупциянын ана башчысы болгон кыргыздын алдым-жуттум ири чиновниктерине жакпагандыктан, кенди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө кызыкдар болбогондугун мезгил өзү далилдеп койду. Айрымдар мындай чиновниктердин таламын талашып, алтын кенин иштеткенге кадрлар жок деп чыгышы мүмкүн. Бул багытта дагы бир кеп оролун баштайлы...                        

 

Кылымга татыган кылмыш

 

“Кумтөр” кенин “КОКтун” рестуруктуризация жасоого өтүшү көшөгөнүн көмүскөсүндөгү дагы бир тымызын сес көргөзүүсү катылып жаткан. Алар ыңгайлуу кырдаалды өз пайдаларына колдонуп кетишти. Ач көздүгү ашынган чиновниктер 2007-жылы өлкөбүздүн келечегине кедерги болуп, кенди мамлекетибиздин карамагына алуунун ордуна, аны кайрадан “Центерра Голддун” колуна салып берди, кылымга татыр кылмышка барышты. Бул кокустуктан жасалган күнөө эмес, өлкөбүзгө билип туруп атайын жасалган чыккынчылык экендигин коркпой айтсак болот.

 

Кыргыздын ана башчылары менен “КОКтун” ортосундагы табышмактуу сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар бизге белгисиз. Эмне үчүн ошол учурдагы бийлигине манчыркагандар “Кумтөр” кенин алгачкы келишимдин негизинде мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу  мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу талабын коюшкан жок? Бетке кармар бир шылтоосу кенди иштеткенге кадрлардын жоктугун шылтоологон жомогун айтышар. Элибиз мындайларды “кара жанын жегирлер,” – дейт эмеспи. Маалыматка таяналы. Канадалык кадрлардын саны 20 адамдын тегерегинде, алар өндүрүштө түздөн-түз жумуш аткарышпаган ак колдор. Ал эми кендин шахтысында эмгектенген 1200 жумушчулар жана техникалык кызматкерлер өзүбүздүн Кыргызстандын жарандары болгон эмеспи.

 

Кенде иштегендердин бир бөлүгү кен иштетүү тармагы боюнча билимге ээ болгонун кантип тана алабыз. Алар теориялык билимин практикалык жактан айкалыштырган, коллектив менен иштөөгө толук мүмкүнчүлүккө ээ болушкан. Биздин “хан сарайдагылардын” кокуйлугу ушунда. Алар мындай маянасы көбүрөөк жерге бөлөк-бөтөндөрдү ишке алышпай, ал жерге өздөрүнүн урук-туугандарын, жек-жааттарын, эң болбогондо коён колтук алышкан адамдарынын уул-кыздарын алышмак. Аларды ишке алгандан кийин алтынды жетиштүү түрдө өндүрө аларына көздөрү жетпегендиктен  жоопкерчиликтен  качышкан окшойт. Мындан тышкары, кен мамлекеттин катуу көзөмөлүндө калса ичкен-жегенин кайрадан кусууга туура келерин ойлонуп, баш оорутканча баягы эле “КОКтун” эсебинен ала турган арам үлүштөрүнө ырааазы болгон сыяктанат. Ошентип, өлкөнүн стратегиялык жана экономикалык негизги булагы боло турган “Кумтөрдүн” алтын кени кайрадан “КОКтун” колуна өткөн эле. Кылымга татыр кылмыш ошентип ишке ашырылып, өлкөбүзгө  алтындан ири көлөмдөгү киреше түшкөн жок, бирок бул аймакта экологиялык зыяны алтындан түшкөн кирешеден көп эсе кымбатка турары белгилүү болуп калды. Башкасын мындай коёлу, канадалыктар кыйроого учураткан Давыдов муз мөңгүсү Нарын дайранын суусунун кырк пайызын камсыз кыларын экологдор жана эксперттер аныктап, жарыялаган эле. Бирок алардын бул кыйкырыгын бийлик тоготкон жок, ал эми оппозиция саясий-шоу менен гана алектенип, бул эки тарап өлкөнүн негизги байлыгына чет өлкөлүктөрдүн ээлик кылышына гана жол ачпастан, алардын жергебиздин жаратылышын да кыйратууга мүмкүндүк беришти. Кылымга татыган кылмыш ушинтип башталган. Мезгил өзү табиятка биз канчалык кара ниеттик мамиле кылсак, жаратылыш айыгышкан түрдө бизден эселеп өч аларын жашоо турмушубуздагы тажрыйбабыздан көрүп жатпайбызбы...

 

“Биринчи көч  кайда кетсе...”

 

Мурдагы эки президент “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганы” менен алардын айыптары элге айгине болуп калган. Оппозициянын тынымсыз кыймылынан улам өлкөдө экономикалык орчундуу маселе унутта калып, саясий күрөш тынымсыз жүрүп жатты. Акыры бийлик кулатылды. Карапайым калк мурдагылардын тагдырын эстеринен чыгарбай, кийинки бийлик ээлери “өлкө үчүн эми ак иштейт го”- деген үмүттө болушту. Экс-президент А.Атамбаев биринчи иш сапары катары Түркияга барганда: “...канадалыктар 10 миллиард доллар алып чыгып кетиптир, биздин мамлекетке 10 пайызы да калбаптыр...”- дегенин бийлигин чыңап алгандан кийин унутуп койду.

Арман күн а-ай, Мекенибиздин “аксакалынын” ушул кебинен кийин кен элибиз үчүн иштейт деген ишеничибиз арткан, бирок “сыныктан башкасы жугуштуу” болорун унутуп коюппуз. Алтынды көргөндө эле алар деле “ак шакалга” айланып кетерин ойлобоппуз. Биз билген жана билбеген А.Атамбаевдин нукура жүзү качан бийликти колуна алгандан кийин гана ачыкка чыкпадыбы...

Алтындын зээринин кубаттуу күчүн айт, 2009-жылы эле парламенттен бекитип, Конституциялык Соттон чечим чыгарып алыптыр деген шылтоо менен тим болгонун баарыбыз билебиз. Өлкөдө төңкөрүштөн кийин Жоке менен КонCот легитимсиз деп таркатылган, ушунун негизинде бул келишимди мыйзамсыз деп табууга неге аракет жасалбаган? Бул шайлоонун алдында Казакстанга өтүп кеткен Каркыраны “Назарбаевдин алдына чөгөлөсөм да кайрып алууга аракет кылам”- деген куру убадасынын эле бириндей болуп калганын жашырбай эле коёлу.

 

Шамалга чачылган акчанын изин ким табат?

 

Сырынан чыры көп “Кумтөр” алтынын көргөн мамлекет башчылары өлкөнүн келечегине эмес, өз чөнтөктөрү үчүн колдонуп келгени алар бийликтен кетери менен ачыкка чыга баштайт. Тактап айтканда, 2009-жылы 15-декабрда экс-премьер Данияр Үсөнов “КОК” менен “КГТынын” (Кумтөр Голд Компани) өлкөбүзгө төлөөчү 1,5 миллиард сом салыгынан бошоткон жарлыгын чыгарат. Ага кыргыздын “аттуу-баштуу” чиновниктери А.Жапаров, А.Салянова, А.Карашев, А.Кожошов, Т.Калимбетова кол коюшат. Атти-иң, бул акчалар мамлекеттин казынасына түшүп, бул акча каражаты ошол учурда каржалып, кредит алып, карызын төлөй албай үй-жайынан ажыраган кыргыз элине жардам катары берилсе, же кыйратылган өнөр жай ишканаларын калыбына келтирип, реконструкция жасалса, болбосо жетим-жесирлерге материалдык жардам катары берилсе, калкыбыздын канчасы жакырчылыктан кутулмак. Муну менен бийлик ээлеринин эл алдында жүзү жарык болбойт беле!? Ал эми ушул ири суммадагы кыргыз алтынын менчиктеп алган канадалыктарга толугу менен өткөрүп “белекке” беришинин артында ири коррупциялык операция бар экендигин айтпасак да окурмандар боолголосо керек.

 

Урматтуу президент С.Жээнбеков мырза, мамлекеттик ири суммадагы каражатты шамалга чачкан жана анын кыйла бөлүгүн кымырып алган чиновниктердин кылмыш иштерин кайрадан козгоого эркиңиз жетеби, же буларды “соттоп жиберүү менен маселе чечилбейт” – деп четке чыга бересизби? Шамалга чачылган бул акчанын изин ким табат жана бул ири коррупциянынын изи жабылып кала береби? Эгерде эрендикке барсаңыз карапайым калктын күчтүү колдоосуна ээ болоруңуз шексиз. Бул каражаттар казынага кайрылса, атыңыз кыргыз тарыхында алтын тамга менен жазылып калаарын ойлонуңуз...

 

Атамбаев алтынды көрө электе эле “ажыдаарга” айланганбы?

 

Эске сала кетели. Оппозицияны калктын калың катмары колдоого алып, БЭК тынымсыз пикет-митингдерди уюштуруп, элдин бийликке нараазылыгы күч алган учур эле. Экс-президент же өз ыктыяры менен бийликтен кетмек, же оппозиция менен тил табышып, бийлигин чыңдап, убакытты утуп алуу керек болду. Натыйжада, ошол кезде оппозициянын лидери катары тааныла баштаган А.Атамбаевди премьер-министрлик постко бекитти. Бийликтин бир чылбырын колуна алган А.Атамбаев кыргыз алтын кендерин чет өлкөлүктөргө өткөрүүгө шымаланып кирише баштайт.

 

Сөзүбүз куру болбосун. Учурунда премьер-министр А.Атамбаев кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясына 4 миллиард доллардык киреше берүүчү Чаткал районундагы “Иштамберди” алтын кенин 40 миллион долларга баалап берет. Мунун артында коррупциялык маанайда макулдашуулар болгон сыяктанат. Суроо туулат, ал бул кызматы үчүн канча суммада долларга ээ болду?

 

Таластын эли чырдан башы арылбаган “Жерүй”, “Андаш” жана Арал айылынын аймагындагы “Талды-Булак” алтын кендерин иштетүүгө катуу каршылык көргөзө баштаган. Дүйнө жүзүндөгү ири алтын кенине кирген “Кумтөрдөн” мамлекетибизге олуттуу пайда түшпөгөндүгүн эске алган элдин бул аракети чынында эле туура болгон. Анын үстүнө “Жерүй” менен “Андаш” кендеринин хвостохранилищелери Талас дарыясынын негизги башаты болгон Чоң-Чычкан жана Каракол ири сууларынын жээгинде жайгаштырылмак..

 

Андан тышкары “Жерүй” кенинин хвостохранилищеси салына турган турган аймакты каза баштаганда 2-3 метрге жетип-жетпей суу чыкканы элге белгилүү эле. Кенди ушул шартта иштетсе, уулуу химикалык заттар бүтүндөй Талас дарыясын булгап, Талас өрөөнүндөгү токою жок болуп, бир  нече жылдан кийин өрөөн чөлгө айланмак. Ошол себептен эл премьердин жолун тосушуп, бирок А.Атамбаев эл менен тил табыша алган эмес. Жаалданган эл андан кийин таш бараңга алышкан. Анын жыйынтыгы кандай аякталганы калкыбызга белгилүү эмеспи. “Алгачкы  чоң кызматка ээ болгон жомокчубуз алтынды көрбөй туруп эле ажыдаарга айланган”- деген кеп бул аймакта ачык эле айтылып жүрбөйбү. Кийин президент болгондо элдин-суроо талаптарын четке кагып, өзүм билемдикке салып, алтын кенин иштетүүгө “добро” бергенин кантип танар болду экен?

 

“Кумтөр” берген 30 миллионду Осмонбек Артыкбаев кайда кетирди?

 

“Кумтөр” кенинин чыры А.Атамбаевдин учурунда да басылган жок. Көлдүн эли кендин нукура кирешесин ачыкка чыгаруу, экологияны сактоо жана көлдүн аймагына ири көлөмдө  каражат бөлүү талаптарын коюп чыгышты. Таластагы алтын чырынан тажрыйба топтогон А.Атамбаев аларга аёосуз чара колдонуп, жазага тартуу талабын койду. Өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо шылтоосу менен күч структурасын колдонуп, ондогон адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козготту. Элдин ой-пикирин бийликтин уккусу да келген жок.

 

Атти-иң, Акүй менен Көкүйдү ок атылганына карабай басып алган элибиз жергебизге киреше алып келбеген алтын кени үчүн жапа чеккен бир боордошторубузду колдогонду же коргогонду кой, эч нерсени укпаган, эч нерсени билбеген тайызда кайдыгерликти көргөзбөдүкпү.

 

Бийлик өз билгенин кылды. Алар мамлекетибиздин казынасына кирешенин түшүшүн ойлогон жок. Тетирисинче, өздөрүнүн чөнтөгүнө түшүп турар кирешелеринен кол жууп калышынан коркушкан сыяктанат. Ошол себептен “КОКтонбу, же “КГКыданбы”, аларын алып, жээрин жегендерин сиңирүү үчүн “ак шакалдар” элдин ой-пикирлерин, суроо-талаптарын уккан эмес, угушмак да эмес. (“Ак шакалдар” карылар эмес, эл эсебинен туйтунган ири чиновниктер).

 

Сөзүбүз төгүн болбосун, 2011-жылдын 21-майында (ал учурда А.Атамбаев премьер мезгили) “Кумтөр” алтынын эсебинен 30 миллион акча дивидентке которулат. Бул каражат казынага кириштелбей туруп, “Кыргызалтынды” өнүктүрүү шылтоосу менен акчаны О.Артыкбаевге бергендиги тууралуу кеп көп айтылат. Ушул жерден мыйзамга таянсак, премьер болобу, президент болобу, мындай акча мамлекеттик бюджетке которуларын, эч кимдин акча кириштирилмейинче өзү билип сарптоого мыйзам жол бербей тургандыгын А.Атамбаевдин жана ошол кездеги “Кыргызалтынды” башкарган О.Артыкбаевдин билбей калышы мүмкүн эмес. Мына ушунун артында афералык ыкма катылып жаткан жокпу?

 

Кыргызстанга акыркы 3 жыл бою бир басып келбеген “Центерра Голддун” башчысы Стивен Ленг 2011-жылдын 1-декабрында күтүүсүз жерден бар болгону 20 саатка шашылыш учуп келет. Эмнеси бар экен, алтындын абалын билүүгө келген чыгар дегендер чыгар, жок, бул күн жергебизде жаңы президенттин ант берүү аземине туура келет. Ажобуздун көңүлүн алуу үчүн келип, резиденцияда бир топ убакыт чогуу отуруп кетет. Жолугушууда эмне туралуу макулдашууга жетишкени ушул күндө да табышмак болуп калды.

 

Эске сала кетели, 2010-жылы 7-апрелде Акүйдүн алдында кан төгүлгөндөн кийин өлкөнүн парламенти жана Конституциялык Соту легитимсиз орган катары таркатылган. Демек, “Кумтөр” боюнча парламент өткөргөн ратификация жана КонСоттун чечими автоматтык түрдө жокко чыгаруусу мыйзамга туура келет. Ал эми бул алтындын чатагы боюнча алгач жаалданып чыккан А.Атамбаевдин “парламенттен бекитип, КонСоттон чечим чыгарып алган, аны кайтарып алуу мүмкүн эмес”- дегенин суу кечпеген куру шылтоо катары баалоого болот. Кайсы А.Атамбаевге ишенебиз? Маселенин баары “Центерра Голддун” башчысы Стивен Ленг менен жолугушуудан кийин “Кумтөрдүн” алтынын чыгарып кеткендеги боюнча айтылган сөздөрдүн кан буугандай токтогонунун ортосунда биз билбеген жашыруун сыр бар болбосун? Ушулардан улам биз ишеним көргөзүп келген президенттер Кыргыз мамлекетин башкарып, “Кумтөр” кени жана анын алтыны кыргыз элине таандык экенин билгени менен “КОК” менен “Центерра Голддун” кылымга татыр аферасына аралашып, коррупциянын сазына төбөсүнө чейин батып, элибиздин ой-мүдөсүн каршы иш жүргүзгөн жана мамлекетибиздин келечегине балта чапкан кылмышка барышкан деп жыйынтык чыгарсак  болот.

 

Ээрге мурдатан эле кыйшык отурушкан

 

Кыргыздын “ак жакачан ак шакалдары” “Кумтөрдүн” алтынын иштетүүдө ээрге мурдатан эле кыйшык отурушкан. Стратегиялык маанидеги бул кен өлкөбүздүн өп-чап экономикасын көтөрүүгө, элибиздин бакубат жашоосуна жана өлкөбүздүн кубаттуулугун арттырууга даяр каражат болчу. Мамлекеттин башына ач көз адамдар келбесе, экономикалык-социалдык жактан маселелер оңунан чечилип, азыркы күндө өлкөбүз башка мамлекеттерге белчесинен карызга батмак эмес. Ажолорубуз акылман болсо, канадалык аферисттерге улам эле алданмак эмес.

 

Сөзүбүз төгүн болбосун. Кенди иштетүүгө Кыргыз Республикасы менен жеке адамдын ортосунда келишим түзүүдө эле биздин бийлик башындагылар коррупциялык жолду тандап алган деп коркпой айтсак болот. Таң каларлыгы, алтындын ээси болуп туруп, жеке ишкердин ыргыткан жүгөнүнө моюндарын салып, алардын жетегинде калганында. “Кумтөрдү” мамлекетибиз парламент тарабынан  ратификациялоодо эмне үчүн мамлекеттик масштабдагы маселеге Канада мамлекетинин гарантиясын талап кылышпаган? “Легендарлуу парламент” ошол учурда эмнеге бул маселеге кайдыгер мамиле жасаган? Ушунун артында ири коррупциялык сырлар катылган десек жаңылыштык болбос. Мамлекеттик мындай орчундуу маселени мындай кой, талаадан тааныбаган адамыңа “бага бер” деп малыңды таштап кете бересиңби?

 

Бизден башка мамлекеттин башчылары стратегиялык маанидеги тармактарын башка өлкөнүн адамдарына иштетүүгө береби? Бермек түгүл ошол тармакка кызматка алабы? Жок, алар эң мурда жарандыгың текшерет, толгон сыноолордон өткөрөт, мурдагы жашаган жериңден толгон-токой тактамаларды талап кылат. А бизде миллиарддаган суммадагы акчаны каалашыңча алып кете бергиле деп “Кумтөр” алтынын алардын колуна салып бербедикпи. Ошондой артыкчылыктар эмне үчүн өзүбүздүн ишкерлерге берилбейт? Жооп ушул, алар канадалыктар сыяктуу ири суммада пара бере албайт, бизде ко-о-орупция оорусу...

 

Өкүнүчтүүсү, биздин кенди Кыргыз мамлекетинин парламенти ратификациядан өткөрүп, ал эми ишкерден жашаган мамлекетинен кепилдик талап кылбагандыгында. Бирок, Кыргызстан менен жеке менчиктеги компаниянын ортосундагы келишим эл аралык масштабда түзүлбөгөндүгүн  жана 2010-жылы парламенттин жана Конституциялык соттун чечимдерин легитимсиз деп жарыялагандыгын эске алсак, кенди Кыргызстанга кайрып алууга шарт бар болчу. Кыргызстан БУУнун мүчөсү, канадалыктар чуу салса, канадалык жеке ишкердин кенди иштетүүгө өз өлкөсүнүн парламенти тарабынан ратификациядан өтпөгөндүгүн бетке кармаса, бул Эл аралык келишимге жатар-жатпасын БУУ тактап аныктамак.

 

Негизинен 1992-жылдан ушул мезгилге чейинки келишимдер эл аралык мыйзамдарды бузуу менен түзүлгөн. Ушундан улам мамлекет тарабынан бир тараптуу бул келишимден баш тартууга мүмкүнчүлүктөрдү колдонбогондугу биздин ажолордун өлкөгө жасаган чыккынчылыгы катары бааланышы керек. Бул дүйнө жүзүндөгү ири кылым кылмышы, анткени буга мамлекет башчылары баш болуп ишке ашырган афералык көз боёмоочулук болуп отурбайбы! Мунун көмүскөсүндө кыргыз элине жасалган кыянатчылык жашырылгандыгын кантип жокко.чыгарабыз?

 

“Кумтөр” алтынын иштеткендер кыргыз жергесине гана эмес, Борбордук Азияга орду толбос экологиялык кандай зыян алып келгенин бийлик ээлери элден жашырып келет. Ал эми “Кумтөрдүн” ири көлөмдөгү алтынынан түшпөгөн киреше анын жанында шоона эшпеген 12 алтын кени өлкөгө ири киреше алып келеби? Элдин көзүн будамайлоого жасалган мындай аракеттер качан токтолот? Бул суроолорго азыр эч ким жооп бербейт. Элибиздин шору мына ушунда...

 

(Уландысы бар)

 

Эртабылды АТТОКУРОВ,

эркин журналист

 

Булак: “Майдан.kg”