Р.Сулайманов: Учурда Бабановго карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү жана массалык башаламандык уюштуруу” фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, тергелүүдө... 

 

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге жана экс-депутат Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери жөнүндө “Азаттыкка” маек курду.

 

- Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнү тууралуу маалымат тарады. Бул кылмыш иши тууралуу кененирээк маалымат бере аласызбы?

 

- 2017-жылдын 30-сентябрында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси, 233-беренесинин 1-бөлүгү жана 295-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана өзүнүн мамлекеттик органдардагы байланыштарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алуу планын ишке ашырууну белгилегени аныкталды.

 

Кылмыш ишинин алкагында Исаев менен кошо дагы үч адам кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси, 233-беренесинин 1- бөлүгү жана 295-беренеси боюнча айып тагылып, камакка алуу боюнча бөгөт чарасы каралган. Кылмыштуу топтун ою боюнча Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү, добуш берүү процесси аяктагандан кийин массалык башаламандык, ар кандай чагымдарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу максаттары пландалган.

 

Учурда Исаевге жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыкты. Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары материалдар менен таанышып жатышат. Алар таанышып бүткөндөн кийин материалдар сотко жөнөтүлөт.

 

- Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов үчүн ушундай аракеттерге барганы айтылган. Бул иштерде Бабановдун жоопкерчилиги кандай?

 

​- Кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдар президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери менен кошо бийликти күч менен басып алууну даярдашкан.

 

Учурда Бабановго карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү жана массалык башаламандык уюштуруу” фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, тергелүүдө. Тергөө жүрүп жатат.

 

- Демек, Бабановго карата дагы бир кылмыш иши козголсо, мындан аркы сиздердин аракеттер кандай болот? Издөө жарыяланабы?

 

- Тергөө тарабынан бардык тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Эгер тергөө учурунда алынган көрсөтмөлөр аныктала турган болсо, УКМК, тергөө органдары тарабынан Бабановду тиешелүү жоопкерчиликке тартуу боюнча маселелер каралат. Сөзсүз түрдө тергөөнүн Бабановго суроолору болот. Учурда ал Кыргызстандын аймагында жок.

 

"Азаттыктан": "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова "Азаттыкка" бул маалыматтан кабарсыз экендигин, партия лидери менен байланыш боло электигин маалымдады.

 

Бул "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон экинчи кылмыш иши. Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-беренесинин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы "монтаждалган жалган жалаа" деп билдирген.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

 

Уланбек Эгизбаев

Булак: "Азаттык"