Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго 

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

 

Кыргызстандын мурдагы бардык президенттерине түздөн-түз, ачык сын-пикир, сунуштарын айтып келген бир кыргыз катары, адатымча “Унчукпай коюуга укугум жок” – деп сизге да өзүмдүн ой пикир сунуштарымды каалоо иретинде ачык билдирүүнү туура көрдүм.

 

Дүйнө жүзүндө, кыргыз элиндей өз бийлигине момундугун, чыдамкайлыгын, анан күч келгенде жоокер эл экендигин көрсөтө алган эл болбосо керек. Кыргыз эли ошол мүнөзүн мурдагы бардык президенттерге көрсөткөндөй, сизге да “убакыт берели”, “иштесин”- деп үмүт артып турган чагы.

 

Бирок күн өткөн сайын коомчулукта сизге болгон үмүттөрдүӊ негизинде ар түрдүү пикирлер айтылып, акырындап алар топ-топторго бөлүнүп, бириге баштады. Анткени сурай турган мэзгил жакындап келүүдө.

 

Биринчи топту, албетте сизге ашкере жагынууну көздөшкөн, учуру келген эле жерде “Сооронбай жакшы адам”, “айыл чарбаны билет, жакшы адамдын баласы” ж.б. сизди айга күнгө теӊеп, сиз менен өмүр бою бир үйдө, бир төшөктө, чоӊойгондой, өлүмгө да даярдай кейиптеги сизге дүжүр болсом, жок дегенде бала-чакамды ишке койсом, “Ак шумкар, Манас” ж.б. сыйлыктарды алсам дегендер түзөт.

 

Албетте аларды түшүнсө да болот, себеби Атамбаев өзүнүн дүжүрлөрүнө короосунда чоӊойушкан балдарына, катчыларына ж.б. эӊ жогорку кызматтарды, сыйлык чиндерди, наамдарды аянбастан бербедиби.

 

Кыргыз мамлекетине, элге президент болгон адамдын, жакшы адам экени, айыл чарбаны билгени эле жетишсиз, өлкө, журт башчыга, башкы кол башчыга чечкиндүү, бирөөнүн көзүн карабаган, жеке жоопкерчиликти сезе билген, элим-жерим деген патриот, үзүлгөндү улаган кеменгер, туура, калыс бийлик жүргүзгөн, акыйкаттык, чындык үчүн катуу президент керектигин сизге дүжүр болобуз дегендер билсе да  айтып жаман көрүнгүсү келбейт.

 

Мындан башка, айрыкча түштүк жергесинде, сизди чын дилинен колдоп,”шашпагыла март айы аяктаса Сокебиз ким экенин көрсөтөт, өз партиясын-командасын түзөт, биз Атамбаев же анын СДПКсы үчүн Сокени колдогон эмеспиз, биз Сооронбайга өз командасын түзүп өз саясатын Атамбаевсиз жүргүзөт деп ишенип колдогонбуз” –дешип, өздөрүн сиздин жаӊы команда-партияӊыздан көрүшкөн аке-үкөлөрүбүз экинчи топту түзүшүп үмүттөрү үзүлө элек.

 

Ушул топко “бийлике ким келсе, ошол келсин, кандай гана жол менен болбосун, улам кийинки жаӊы президенттердин колтугунда, бийликте, байлыкта жүрсөк болду”- дегендер да кошулат. Алардын көбү Акаевдин доорунда Айдар, Бермет (Акаевдер), күйөө балдар, балдыздар аркылуу үй-бүлөлүк, “Алга Кыргызстан” партиясында, кийин Бакиевдин заманында Жаныш, Акмат, Максимдин (Бакиевдер) колтугуна киришип Бакиевдердин “Ак-жолунда” жүрүшкөндөр. Атамбаевдин доорунда алардын көпчүлүгү СДПКга кире албаганы менен Икромжан (Ильмиянов) үкөмдүн жардамы менен СДПКнын жандоочу партияларын түзүшүп, парламентке келишип СДПКдан үмүттөрүн үзүшпөй кезек күтүп СДПКнын оор жүгүн көтөрүп, Атамбаев сизди президенттикке көрсөткөн күндөн бери Асылбек (Жээнбеков) үкөмдүн көлөкөсү болуп ээрчип жүрүшөт. Булар президенттер үчүн, өлкө, улут үчүн да эӊ коркунучтуу адамдар.

 

Дагы бир чоӊ топ-булар Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин авторитардык режимин ачык сындап күрөшүп келген эркин саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана айрым журналистерден турат. Бул топко кыргызым деген улутчул, мекенчил күчтөрдү кошсок да туура болот. Алар мамлекетчил, укукчул, мекенчилдик позицияны бекем кармангандыктан сизге толук ишенбегени менен көпчүлүк эл катары “Бирөөнүн мураскору болуп шайланбадыбы, өзүн толук кандуу, көз карандысыз президент сезиш үчүн эле убакыт, мүмкүнчүлүк берилиши керек, калганы Сооронбайдын өзүнүн аракетине жараша болот” – деген эркин инсандардын, күчтөрдүн тобу. Түпкүлүгүндө бул топ сиздин ишеничтүү жөлөгүӊүз же “келишпес душманыӊызга” айланышы мүмкүн.

 

Мындан сырткары сизге таптакыр ишенбеген, президент катары тааныбаган “Сооронбай Атамбаевсиз кымындай да иш кыла албайт” – деп өздөрүн сизге оппозиция катары эсептеген аз сандагы топ бар. Бирок бул топ сизди, Атамбаевдин ишин аткарат дегени менен Атамбаевди эч качан сизди сындагандай, сындаган эмес. Бул топтун мүчөлөрү СДПКнын “Сооронбайды биз президент кылганбыз, биздин айтканды кылбаса, ошол күнү жок кылабыз” – кыязында сүйлөгөн айрым мүчөлөрүнөн айрымасы жок. Бири муштумун көрсөтсө, экинчиси “мен айтпадым беле!” деп кекетип тургандай. Жогоруда аталган топтор сиздин президенттик ишмердүлүгүӊүзгө таасир берүүчү күчтөргө айланары бышык.

 

Айтор, Сооронбай Шарипович, карапайым эл: “Сокебиз өлкөнү кантип башкарат же Атамбаевдин техникалык президенти болуп эптеп алты жылын өткөрөбү?”- дешип түшүнбөй турган чагы. Ушундай жагдайда сиз көӊүлгө аласызбы же албайсызбы, сиздин мурдагы үзөӊгүлөшүӊүз катары төмөндөгүдөй кеӊештерди жолугууга мүмкүнчүлүк жоктугунан ачык кат түрүндө берип жатам.

 

1-Кеӊеш: Асти, ичкен кудугуӊа түкүрбө

 

Баардыгы алланын буйругу менен дегендей, сиз экс-президент Атамбаевдин кийлигишүүсү, көпчүлүк элдин колдоосу менен Кыргызстандын бешинчи президенти болдунуз. Буйрусун. Бирок сизди колдогон эл алты жыл Атамбаевдин же анын партиясынын эле президенти бол деп ыйгарым укук берген жок. Сиз бүгүн де-факто, де-юре Атамбаевдин да, түрмөдө жатышкан Д.Чотонов, Б.Асанов, Ө.Текебаев, Т.Калматов ж.б., качып жүрүшкөндөр М.Мырзакматов, Ө.Бабанов ж.б., СДПК партиясынын да, “Республика – Ата Журт, “Ата-мекен”, “Асаба” ж.б., партияларынын да, сиздин жеӊишти тааныгандардын да, тааныбагандардын да, сизге добуш берген-бербегендердин да, - деги эле Кыргызстандын жалпы эинин президентисиз. Президент болуу бул жалпы элдин, өлкөнүн жүгүн көтөрүү жоопкерчилигин моюнга алуу. Тилекке каршы мурдагы президенттер эл өлкө үчүн жеке жоопкерчиликти моюнга албай, жеке бийликке жана байлыкка клишкенин гана тарыхка калтырып кетишти.

 

Сиздин Акаев менен Бакиевдин кетириген тарыхый каталарын кайталоого укугуӊуз жок. Алардын эӊ биринчи башкы саясий катасы-өздөрүн бийликке алып келишкен үзөӊгүлөштөрүн саясий-коомдук күчтөрдү жээрип кеӊеш берсе, чындыкты айтса душмандай көрүп, куугунтуктап алардын ордуна саясий сойку-кошоматчылардан команда курап, чет элдик кеӊешчилерди күтүп, алардын айтуусу, мактоосу менен жеке үй-бүлөлүк партияларды түзүп, ошолор менен өлкөнү башкарышканы болду. Кесепетинде өлкөдө авторитаризмдин жаӊы түрү: үй-бүлөлүк башкаруу режими орноп, мамлекеттик бийлик машинасы бир үй-бүлөгө кызмат кылып калган. Аягы эмне менен бүткөнүн эсиӊизге салам. Асти, өз партияӊызды, командаӊызды жаӊыдан түзөм дебеӊиз. Эгерде өз партияӊызды түзсөӊүз ага кимдер мүчө болору деле айдан ачык. Баягылар, акчалуулар, саясий сойку-кошоматчылар эле кирет.

 

Өзүӊүз туура белгилеп жүргөндөй: Жээнбековдор көп жылдан бери СДПКнын мүчөсү болуп жүрүшүп, элчи, губернатор, министр, премьер-министр, депутат, президент болдуӊар. Жаны партия түзүү ичкен кудугуӊарга түкүргөндөй эле болот.

СДПК партиясы эгемен Кыргызстандын тарыхында: үч президентти (Р.Отунбаева, А.Атамбаев, С.Жээнбеков) үч спикерди, төрт премьер-министрди, ондогон өкмөт мүчөлөрүн, губернатор-акимдерди, мэрлерди чыгарган партия. Жогорку Кеӊеш – 100% партиялык тизме менен шайланган күндөн бери (2007-ж.) бардык чакырылышта жеӊишке ээ болуп парламентте туруктуу фракциясы бар. Бардык саясий-тарыхый окуяларда: Аксы окуясында (2002-ж.) март революциясында (2005-ж.) апрель революциясында (2010-ж.) эл тарабында болгон. Убактылуу Өкмөттүн саясатын улантып, өлкөнүн эӊ жогорку бийлигин өз мезгилинде, тынчтык, шайлоо жолу менен алмашып туруусун камсыз кылды. Кыргызстанда мындай тарыхый ийгиликтерге жетишкен СДПКдай саясий партия жок. Ушундай тарыхый ийгиликтердин жаралышы СДПКнын лидери А.Атамбаевдин жеке эмгеги десек туура болот жана муну моюнга алып айта жүрүү парз.

 

Урматуу Сооронбай Шарипович, эгерде сиз президент катары өз атымды тарыхта калтырам десеӊиз жаӊы партияны түзүүнү ойлобой СДПКны Атамбаев менен бирге идеялык жактан жаӊылап, ичинен тазалап, катарын жаӊы прогресивдүү жаштар, тажырыйбалуу, туруктуу саясатчылар менен кеӊейтип коомдук пикирлерди эске алуу менен Атамбаев жана андан мурдагы президенттер бүтүрө албаган иштерди бүтүрүүнүн, каталарын оӊдоонун жолдорун таап, аныктап, жаӊы реформаларга багыт алсаӊыз, тарыхта каласыз.

 

Сиздин абалдай мисалдар тарыхта көп. Мисалы, СССРдин жол башчысы В.И.Ленинден кийин бийлике келген И.Сталин ошол эле Лениндин жана Компартиянын аты менен адамзатында мурда болбогон социалистик системаны дүйнө жүзүнө орнотуп, СССРди соко абалынан атомдук державага айланткан. Совет элин түзүүчү жана жогорудагы реформа эмгектери менен СССРде жашаган бардык элдердин атасы аталып тарыхта Ленинден да жогору бааланып аты калды.

 

Россиянын биринчи президенти Б.Ельциндин мураскору В.Путин ошол эле Б.Ельцин түзгөн партия менен Ельциндин убагында батыштан келген либералдык-демократия менен ууланып чачылып бараткан Россияны кайра бириктирип, партияны ичинен тазалап, жаӊылап, бизнес менен саясатты бөлүп Россиянын элине, экономикасына, саясатына орустун өзүнүн демократиясын, духун, тартибин кайра берип Россияны кыйроодон сактап, улуттук туура жолго салды десек жаӊылбайбыз. Буга Б.Ельцин өзү да ыразы болгон.

 

Өзбекстандын жаӊы президенти Ш.Мирзиёев И.Каримовдун мураскору катары бийлике келгени менен, Каримовдун мезгилинде кетирилген кемчиликтерди оӊдоп, жаӊы багыттарды белгилеп, элдин ишеничине кирүүдө. Башкасын айтпасак да Каримовдун мезгилинде түзүлгөн коӊшу өлкөлөр менен түзүлгөн кырдаалды жеӊилдетип,  жаӊы алака түзүүнүн өзү эмне деген эрдик.

 

Сизде деле Атамбаевдин мураскору катары өзүӊүздүн жаӊы идеялар, кадамдар менен СДПКнын толук ишенимин, колдоосун алып жалпы элдин Президентине айланууга моралдык, саясий укуктук жактан толук мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Буга СДПКнын атамандары Мискенбаев менен Карамушкиналар каршы болбосо керек. Сиз өз саясатыӊызды, бийлигиӊизди, тайсалдабай, чечкиндүү баштасаӊыз, азырынча бийлик кумарынан кете албай турган Атамбаев өзүнүн Кулматов, Сегизбаев, Жолдубаева, Исраиловко окшогон мурдагы кошелок, жансакчы, жардамчы, катчы, шоферлорун ээрчитип ардактуу эс алууга аргасыз болот. Эгерде Атамбаев бийликтен колу-бутун Б.Ельцинге окшоп, биротоло тартып сизге толук кандуу иштешиӊизге мүмкүнчүлүк берсе, кыргыз эли да орустар Б.Ельцинди кечиргендей Атамбаевди кетирген кемчиликтер үчүн кечирет. Кеп - Атамбаев, Ельцин, ал эми Жээнбеков Путин боло алабы - ошондо.

  

2-кеӊеш: жылкыбызга жараша ышкырсак

 

Сиз 6 жыл өлкөнү кимдер менен кантип башкарууну биротоло чечкенден кийин 6 жылдык программаӊызды элге ачык айтышыӊыз керек. Программаӊыздын өзөгү мурдагы президенттер бүтүрө албаган, бүлүнткөн маселелерди бүтүрүү, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, уурдалганды кайтарган, адилетсиздикти жойгон, айтор көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелердин чечилиш жолдорун көрсөтө алса туура болот. Эл азырынча сиздин “Атамбаевдин саясатын улантам, элет жерине көӊүл бурам, коррупцияны Бабановдон баштайм”- дегениӊизди гана билет. Чет элдик программалардан көчүрүлгөн, жалпы илимий, кооз чет элдик терминдер менен ширетилген, формалдуу программаларга кыргыз эли эчак тоюп бүткөн.

 

Сиздин программаӊыз жылкыбызга жараша ышкырылган, жети өлчөнүп бир кесилген реалдуу, аларды чечүүнүн жолдору, убактысы, механизмдери, жөнөкөй кыргыз тили менен жазылып так көрсөтүлгөнү туура болот. Программаӊыз 2018-жылдын 7-апрелинен кечиктирилбей, жарыяланганы оӊ.

    

3-кеӊеш: жаман үйдү коногу бийлейт

 

Эгемен Кыргызстандын сизге чейинки бардык президенттери батышчыл, орусчул багытында саясат жүргүзүштү. Кыргызстанды Щвейцарияга, Малайзияга, бери дегенде жаӊы Орусияга окшошторушуп, Орто Азиядагы “демократиялык аралча”, “адам укугу сакталган өлкө” аташты. Президенттердин чет элден келишкен кеӊешчи-үй-бүлөлүк досторунун кеӊеш-жардамдары менен ондогон Конституциялык реформаларды тар чөйрө менен даярдап (жазып), референдум жолу менен өткөрүп алуу адатка айланды. Дүйнө жүзүндөгү бардык адам укугу менен эркиндиктеринин топтому, гендердик саясатта, улуттук азчылыктын кызыкчылыгын коргоо, шайлоо системасын, сот укук коргоо органдарын, жергиликтүү бийликти реформалоо, жеке менчикти, бизнести өнүктүрүү, жер, айыл чарба, салык, бажы, билим берүү, медицина тармактары, менчиктештирүү, кен байлыктарды иштетүү жана башка маселелер боюнча чет элдерге окшошобуз деп, саясий шарттар менен миллиарддалган кредиттер алынып, кумга сиӊген суудай жок болду. Турмушубуз жаӊыланбай же эски бойдон калбай кайда барсан Мамайдын көрү дегендей абалда. Булар боюнча ондогон Конституция, миӊдеген мыйзамдар жазылды, бир гана жердин, мамлекеттин ээси болгон- кыргыздар жөнүндө, алардын келечеги, өткөн тарыхын, маданиятын, каада-салттарын, тилин, динин, жашоо мүнөзүн орус жытынан арылтып, заманбап жаӊылайлы, өнүктүрөлү, кайра жараталы (трансформацияланалы) деген саясат реформа жүрбөдү, бул максатта кредиттер алынбады.

 

Жыйынтыгында Кыргызстан Орто Азиядагы үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны, өнүктүрүү боюнча чоӊ лабораторияга айланды. Бул лабораторияда жоокер мүнөз кошоматчылыкты билбеген, эркиндикти, момундукту туу тутуп жашаган кыргыз улуту карайлап калды. Сиздин программаӊыздын өзөгүн-улутум кыргыз, урааным Манас, диним салттуу мусулманчылык, демократиясы элдик курултай жер суунун, кен байлыктардын, мамлекеттин ээси-кыргыздар- деген саясат жыттанып, кыргызга көӊүл бурулушун каалар элем.

 

4-кеӊеш: алыскы туугандан, жакынкы коӊшу артык

 

Сизден мурдагы президенттер коӊшу өлкөлөргө караганда тээ Океандын ары бери жагы менен алака түзүүгө, жок эле дегенде “улуу агабыздын” этегин бекем кармап жүрүштү. Бул жаман эмес дечи, бирок бирөөсү да те илгертеден кудай буйруп, мазары, базары, дини, тили бир,  бир суудан суу ичкен, бир мамлекетте жашап келген бир тууган- өзбек, тажик, казак коӊшулар менен бир туугандарча мамиле түзө албай, тарыхый душман элдей абалда жүрөбүз. “Каримовдон өлгөндө кутулабыз” деп жүрүп, эми минтип Нуракебиздин (Назарбаев) каарында калдык.

 

Сиздин эӊ башкы максаттарыӊыздын бири болуп коӊшу өлкөлөр менен жок эле дегенде СССРдин мезгилиндей мамиле түзүлүп, визасы жок катташуу, эркин соода-сатык жүргүзүүгө жетишүү болуш керек.

 

5-кеӊеш: Конституция булаланган төө эмес, ал укуктук мамлекеттин                                                            пайдубалы

 

Жогоруда айтылгандай Конституциябыз жеке президенттердин кызыкчылыктары үчүн гана кайра-кайра өзгөртүлүп, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу орноп, ага чыдабаган эл эки элдик революцияга чыгышты, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: үй-бүлөлүк башкарууну камтыган Конституцияны оӊдоп-түзөп жатып, өздөрүнөн кийин бийликке келген Президент же Жогорку Кеӊеш мурдагыдай өздөрү үчүн баш мыйзамыбызды өзгөртүп албасын деп, Конституциянын өзүнө 2020-жылдын күзүнө чейин өзгөртүүлөргө тыюу салып, 10 жылдык моратория жарыялаган Убактылуу Өкмөт бул кадамга “10 жыл ичинде эмнебиз туура, эмнелер оӊдолууга жатат, элдин таразасынан өтсүн, андан соӊ коомчулуктун кенен пикиринен кийин Жогорку Кеӊеш аркылуу ийне жибине чейин талкууланып, үч окуудан кийин өзгөртүүлөр кабыл алынса (1993-жылкы Конституция сыяктуу)”- деген аруу тилек болгонун өзүӊүз жакшы билесиз. Конституция бул укуктук, демократиялык мамлекеттин пайдубалы. Кандай гана үй болбосун, анын пайдубалы бекем болбосо, кыйшык болсо, ал үй эч качан бекем болбойт. Азыркы Конституциядагы кетирилген кемчиликтер оркоюп көрүнүп калды 2020-жылга чейин дагы коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү, оӊдоо вазийпасы сизге буйруду, эӊ башкысы сиз өз кызыкчылыгыӊыз үчүн эмес, Конституциянын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө, тартипте коомчулуктун калыӊ катмары талкуудан өткөрүлгөн Конституция Жогорку Кеӊештен кабыл алынат.

 

2020-жылга чейин эки жыл бар, ошол мөөнөткө даяр баруу жана коомчулуктун пикирин тереӊ изилдөө, билүү, топтоо үчүн быйыл кенен форматтагы Конституциялык кеӊешмени өз жарлыгыӊыз менен түзүп, ишке салсаӊыз туура болот. Ал Конституциялык кеӊешмени эки экс-президенттер Р.Отунбаева менен А.Атамбаев теӊ төрагалык тартибинде жетектесе деген сунушумду билдирем.

    

6-кеӊеш: Кетирилген каталарды оӊдоо күнөө эмес

 

Азыркы Конституция менен биз эч качан чыныгы демократиялык, укуктук, мамлекет куралбайбыз, себеби анын өзүндө мамлекеттик эӊ жогорку бийлик бутактарын түптөө, шайлоо боюнча демократия жолунан тайып, авторитаризмге, партиялык-коррупциянын пайда болушуна кенен жол ачкан беренелер бар.

 

Конституциядагы биринчи кемчилик - эӊ жогорку бийлик ээлери болгон Президент менен Жогорку Кеӊеш эл тарабынан шайланаары бекитилгени менен аткарган иш аракеттери боюнча элге отчеттуулугу, эл алдындагы жоопкерчилиги Конституцияда көрсөтүлбөгөн.

Биз Кыргызстан улутчул-мекенчил күчтөрдүн биримдиги (КУМКБ) – эл тарабынан шайланган мамлекеттик бийлик ээлери аткарган иштери боюнча элге жыл сайын бир жолу элдик курултайларда отчет берилишин, Конституциялык статусу бар элдик курултай институту аркылуу ишке ашсын деген сунушту мурдагы Президентке, Жогорку Кеӊешке бергенбиз. Биздин пикир боюнча элдик курултай институту, мамлекеттик бийликтин ишин көзөмөлдөөчү жана багыттоочу, эч бир бийлик бутагына кирбеген, өзүн өзү башкарган конституциялык деӊгээлдеги саясий коомдук уюм болот. Элдик курултайдын мыйзам чегинде кабыл алынган чечими - элдин эрки катары мамлекттик бийлик үчүн милдеттүү күчкө ээ.

 

Өзүнүн аткарган иштери боюнча жыл сайын элге отчет берген Президент чыныгы демократ, ал эми мамлекттик бийлик бутактары, эл тарабынан көзөмөлдөнүшүн колдогон мамлекет- укуктук, демократиялык мамлекет болот.

 

Элдик курултай институтунун Конституцияга бийликти көзөмөлдөөчү жана багыттоочу коомдук саясий уюм катары киргизилишин өзүӊүз менен бирге президенттик шайлоого катышкан 13 талапкердин 9у, экс-президенттер А.Атамбаев, Р.Отунбаева, СДПК фракциясы да колдоорун билдиришкен.

    

7-кеӊеш: Сөзү, ою, жүрөгү эркин депутат, партиясыз, көз карандысыз судья

 

Азыркы Жогорку Кеӊеш менен сот бийлигине 80-90% эл ишенбей калды, эл өкүлдөрү деп аталган Жогорку Кеӊештин депутаттары чындыгында кайсы бир саясий партиянын лидеринин өкүлдөрү. Алар чөнтөгүнө жараша тизмеге киришет да, депутат болот.

Жогорку Кеӊешти 100% партиялык тизме менен шайлоо системасын 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилгенин жакшы билесиз. Бакиевдердин мындан башка жолу жок эле, алардын бири да эч бир региондон депутат болмок эмес. Көз карандысыз эркин депутаттарды Жогорку Кеӊештен тазалоонун бирден бир жолу депуттарды 100% партиялык тизме менен шайлоо жолу болгон. Алар бийликтин “Ак жол” партиясын түзүп, ага өз жакындарын киргизип, элим-жерим деген эркин, көз карандысыз депутаттарга каршы чара катары партиялык шайлоо системасын пайдаланышкан.

 

Сиз нечен жолу Кара-Кулжадан көз карандысыз, эркин депутат катары шайлангансыз. Бүгүн парламентте Кара-Кулжанын элинин депутатымын деп сизге окшоп эркин сүйлөгөн эл өкүлү барбы? Сиздей эле Бишкек-Чүйдүн М.Мукашову, А.Проненкосу, Алайдын И.Исакову менен А.Эркебаеви, Алай-Кара-Суунун А.Келдибекову менен Т.Бакир уулу, Ноокендин Д.Садырбаеви, Өзгөндүн А.Мадумарову, Баткен-Кадамжайдын А.Масалиеви менен Б.Эркинбаеви, Базаркоргондун Ө.Текебаеви, Нарындын И.Кадырбекову, Ыссык-Көлдүн А.Малиеви, Таластын Б.Шерниязовундай депутаттар барбы? Бүгүн парламентте Атамбаевдин, Бабановдун, Текебаевдин депутаттары гана бар.

 

Ошол Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасы өлкөдө партиялык коррупцияны жаратты. Эсиӊиздеби, 2006-жылы парламенттеги “Реформа үчүн” депутаттар тобунун демилгеси менен өткөн Бишкектеги Ноябрь митингинде кабыл алынып, кийин парламенттен үч окуудан өтүп кабыл алынган, президент К.Бакиев аргасыз кол койгон Конституцияда (2006-жыл ноябрь) Жогорку Кеӊеш 50-50% регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен шайланары бекитилген эле.

Убактылуу Өкмөттүн дээрлик көпчүлүгү ошол “Реформа үчүн” кыймылынын жөнөкөй мүчөсү эмес, лидерлеринен болгонуна карабай, 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасын өзгөртпөй сактап калганы Убактылуу Өкмөттүн кетирген каталарынын эӊ башкысы. Бул кемчилик 2020-жылкы Конституциялык Реформада оӊдолуп, Жогорку Кеӊеш 50-50% менен регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен куралганы дээрлик элинин көпчүлүгү элет жеринде жашаган Кыргыз мамлекети үчүн туура болот.

 

Убактылуу Өкмөттүн дагы бир чоӊ катасы судьяларды тандап алууну же сот системасынын кадр маселесин да парламенттеги саясий партиялардын колуна бергенинде. Сот адилеттигинин эӊ башкы принциптери - бул судьялардын көз карандысыздыгы жана эч бир партияда болууга тыюу салынгандыгы, бул конституциялык ченем. Судьяларды тандап алуу кеӊеши парламенттеги партияларга берилгендиктен, судья болуп кайсы бир партиялардын мүчөлөрү депутаттарга окшоп эле, чөнтөгүнө жана партиянын лидеринин көз кырына жараша тандалып алынат.

 

Судьяларды тандап алуу мамлекет башчысы президент тарабынан түзүлүүчү Улуттук кеӊешке берилип, жергиликтүү соттун судьялары тийиштүү райондогу жергиликтүү кеӊештин депутаттары тарабынан шайланса деген кеӊешти берет элем. Мындан сырткары сот адилеттигин жүргүзүүдө эл өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо үчүн- арачачы соттор (суд присяжный) институту аркылуу камсыз кылуу сиз экөөбүз депутат болуп жүргөндө- 2007-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилсе да иштебей турат.

 

Акыркы 7 жылда укук коргоо, прокуратура, тергөө органдары мурда болуп көрбөгөндөй башаламандыкка кабылды. Тергөө системасы негизинен Өкмөттүн курамындагы атайын кызматка - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) АКСке берилип- илгерки Бэриянын заманы жаралды. Азыр УКМК каалаган адамын мыйзамсыз угуп, тыӊшап, жаздырып, аӊдып кааласа жасалма арыздар, маалыматтар менен кылмыш иш козгоп, мыйзамсыз факты, далилдерге сот, прокуратура аркылуу мыйзамдуу боек берип, өзү токуган кылмыш иштерди сотторго: “мындай тартипте карап, мындай чечим чыгарасыӊ”,- деп буйрук бере алат, себеби УКМК-АКСтин артында мыйзам, Конституция эмес “эӊ күчтүү” адам турарын АКС эӊ күчтүү адамдын жарлыгы менен Конституцияга каршы болсо да жаралганын жана ошол адамга гана баш ийерин соттор, прокурорлор жакшы билишет.

 

Тергөө органы- атайын кызматтан, аткаруу бийлигинен өзүнчө көз карандысыз мамлекеттик тергөө органы катары Конституциялык деӊгээлде чечилиш керек. Россиядагы тергөө комитетине окшоп. Ар бир укук коргоо органдарынын өз функциялары, мисалы, ИИМ- коомдук тартип жана коопсуздук; УКМК- улуттук коопсуздук, ички, тышкы чалгындоо, терроризм менен күрөшүү; прокуратура - мыйзамдуулукту сактоо, жалпы көзөмөл; Тергөө комитети- тергөө иштерин жүргүзүү ж.б. ушул сыяктуу так бөлүнгөн функцияларды аткарыш керек. Укук коргоо органдарынын жетекчилигине ошол тармакта бир күн иштебеген президенттердин өз жакындарын дайындоо практикасы токтотулушу керек. Ал тармактардын жетекчилери болуп, ошол тармакта өсүп жетилген кесипкөйлөр иштегени туура.

 

Урматтуу Президент,  азыркы Конституция боюнча президент өзүнө баш ийген карателдик органды түзүүгө укугу жок. Экс-президент Атамбаев өз жарлыгы менен Конституцияга ылайык эмес АКСти түзүп алган. Сиз аны жоюуга же Конституцияга ылайык келтиришиӊиз керек.

  

8-кеӊеш: Үзулгөндү улаган, чачылганды жыйнаган

 

70 жыл Совет доорунда топтолгон элдин байлыгы, Акаевдин мезгилинде өз жакындарына ит бекер берилип, чачылып, сатылып, жок болгонун жакшы билесиз. Короо-короо мал сарайлары менен, завод-фабрикалар, ишканалар контора-объектилери, техникалары, жерлери менен айрым адамдардын менчигине айланды. Кумтөр, Жер үй ж.б. алтын кеӊдери баш болуп кен байлыктарыбыз чет элдиктердин колунда дүйнөлүк рынокто колдон колго отүп, соодаланып жүрөт. Саясий шарттар менен сырттан келген миллиарддалган доллар өлчөмүндөгү кредиттер кимге берилгени билинбей, элдин мойнуна түштү. Мунун бардыгы коррупциялык жол менен мурдагы бийликтер тарабынан чачылды, уурдалды, бүлүндү.

 

Башкасын айтпаганда да, “Кумтөр” алтын кени коррупциянын туу чокусу, далили катары дагы деле иштеп жатат. Мамлекеттик, парламенттик деӊгээлде 2009-жылкы “Кумтөр” алтын кени боюнча түлгөн келишим - Кыргызстандын эгемендигин чектеген, кызыкчылыгын көздөбөгөн, Кыргызстандын Конституция мыйзамдарынан жогору күчкө ээ болгон коррупциялык келишим катары расмий таанылганы менен (2012-2013ж.ж.) Жогорку Кеӊеш тарабынан денонсация болгон жок. Мындай өзгөчө оор кылмышты айтып чыккандар кылмышкер, ал эми аны бузбай коргоп, сактап жүргөндөр дагы деле бийликте. Акыйкаттык кайда? Бул маселе эки элдик революциянын талабы болсо да, аткарылган жок, ошондон улам эки элдик революция теӊ толук максаттына жеткен жок деп эл нааразы. Сиз “коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштайм” дедиӊиз эле, бул менимче туура эмес, кайсы бир саясатчыны же кимдир бирөөнү карателдик жол менен садага чабуудан коррупция азайбайт, мен сизге башка кеӊеш берет элем: коррупция менен күрөшүүнү анын түнөгүн, тамырын издөөдөн, табуудан баштаӊыз, анын тамыры түнөгү сиз олтурган кабинетте жана Ак үйдүн жетинчи кабатында.

 

Бул маселелерди чечүү үчүн өзүӊүзгө баш ийген атайын комиссия түзүп, чыныгы коррупционер менен чыккынчыларды, прихиватор-ууруларды аныктап, аларды кустуруу жолун колдонуӊуз. Мурдагы коррупциялык келишимдерди бузтуруу, уурдалгандарды кайтаруу, ууру-коррупционерлерди кустуруу жолун – Грузияда М.Саакашвили, Россияда В.Путин ийгиликтүү жүргүзгөн. Бизде да эки элдик революциядан кийин кыска мөөнөтө (5 ай) иштер жүргүзүлүп бирок аягына чыгарылбаган.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мурдагы президенттерден сизге мурас катары калган: үзүлгөндү улай, чачылганды жыйнай, бүлүнгөндү бүтүрө турган, тарыхый улуу иштер арбын. “Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган” президент катары тарыхта калганга толук мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Ал үчүн албетте сизге бакубат ден-соолук, күчтүү эрк, анан элдин колдоосу керек. Эгер сиз өз ишиӊизди жогоруда кеӊеш катары аталган макалдардын тереӊ философиясы менен чын ихластан, адилеттүүлүк үчүн баштасаӊыз, элиӊиз колдоп берет. Мунун баары өзүӊүздүн колуӊузда. Сизге чын жүрөгүмдөн ийгилик каалайм.

 

Сизди урматтап,

А.Бекназаров, Бишкек шаары

 

Булак: “Майдан.kg” гезити