Келгиле, чогуу коргойлу?

 

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары Ош чөлкөмүнүн жаштары менен жолугушту. Маңдай-тескей сүйлөшүүнүн жүрүшүндө калктын активдүү катмары президент Сооронбай Жээнбековдун корупцияга каршы күрөшүн ачык кубатташаарын, бирок, бул аеосуз таймашта бийликке кесипкөй жана мекенчил кыз-жигиттерди байма-бай тартуу зарылдыгын дагы баса белгилешти.

           

Адил ТУРДУКУЛОВ, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы: - Жашырып не. Акыркы алты-жети жыл аралыгында Кыргызстан оң жагына дегеле өзгөргөн жок! Бирок, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешиндеги сүйлөгөн акыркы сөзү өчүп бараткан үмүттү кайрадан жандырды. Чындыгында, бийликтин бардык бутактары ушугезде  чукул жаңыланууга муктаж. Чоң-кичине кызматтарга кесипкөй жана мекенчил жаштарды көбүрөөк тартуубуз абзел! Ансыз мурдагыдай эле орун таптап, эзели өнүкпөйбүз.

 

Мавлян АСКАРБЕКОВ, “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчысы: - Ар мамлекетке ат тезегин кургатпастан сапарлап, тилемчилик кылып акча сурап, мамлекетибизди олчойгон карызга батырдык. А мекендештерибизге жумуш издетип, ар өлкөгө тентиттик. Бирок, байларыбыз дагыле дөөгүрсүп уул-кыздарын алыскы Америка жана Европанын бай өлкөлөрүндө окутуп, каалагандай талтаңдап жатышат. Демек, “Жетишет!” деп ачык айтууга убакыт жетти! Муну бизден мурун президентибиз Сооронбай Шарипович өзү туюп-сезип, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында “Токтоткула?!?” деп сөмөй кезегени бизге дем байлатып олтурат. Мына, коңшу Өзбекстанды карагылачы, эй? Президенти Шавкат Мирзиеев элине таянып, коррупционерлер менен аеосуз түрдө күрөшүп жатат. Биз деле ошентпейлиби, ыя?

 

Айбек МЫРЗА уулу, “Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлү: - Кыргызстанда сөз эркиндиги олуттуу коркунучка кептелди. Чындыкты жазган журналисттерге соттор аркылуу олчойгон айыптарды салышып, а түгүл чекесинен камап дагы жатышат. Мисалы, замандашыбыз Мавлян Аскарбековду “Фейсбук” баракчасында жазгандары үчүн соттоп тынышты. Эми минтип журналист Элмира Алканованын үстүнөн дагы атайылап кылмыш ишин козготушту. А саясий позициясы өтө бекем инсандарыбызды дагыле түрмөдө кармап олтурушат. Мындай акыйкатсыздыкка азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков акыры чекит коерунан биздин дагыле үмүтүбүз чоң!

 

Айбек ТААЛАЙБЕК уулу, коомдук активист: - Кайдыгерлигибиз түбүбүзгө жетип олтурат. Мунун кесепетинен туңгуюкка жана депрессияга кептелдик. Сөз эркиндиги накта коркунучта! Чындыкты бетке айтсаң, же жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласаң, акыры баары бир соттолосуң. Ошондуктан, мындай зордук-зомбулукка каршы тегиз көтөрүлүүгө убакыт жетти, замандаштар!

 

Сонунбек ЖУНУСБАЕВ, коомдук ишмер: - Президентибиз Сооронбай Жээнбеков деле жаны таптакыр кашайганынан улам Өкмөт мүчөлөрүн Коопсуздук Кеңешинде ачык сындабадыбы. Ал ошол эле кезде чечкиндүүлүк кылып, бир катар министрлерди жана Баш Прокурорду жумушунан дароо бошоткондо, элдин дагы сообуна калмак. Неткен күндө дагы өлкөбүздө коррупцияга каршы ачык күрөш жарыяланды. Ушунусуна дагы шүгүр! Эми баарыбыз тең Ажобузду тегиз колдоп-кубаттап, бир майданга бириксек, эл дагы бизди сөзсүз ээрчийт. Көпөстөрдөн жана көпкөндөрдөн дал ушинтип гана кутулабыз.

 

Назима АЛМАЗБЕКОВА, жаш активист, Ош шаары: - Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешовдун сөз эркиндигин чектеген мыйзамы кокусунан кабыл алынып калса, өлкөбүздө демократия тирүүлөй жерге көмүлөт. Ошону үчүн президенттин колдоосуна сөзсүз муктажбыз. Сооронбай Шарипович - такшалган жетекчи. Буга жол бербейт деген терең ишеничтебиз!

 

Айбек ТАГАЙБЕК уулу, жаш активист, Кара-Суу шаары: - Эгемендүүлүккө жеткенибизге мына жыйырма жылдан ашты. Жаштарыбыз дагыле көңүл сыртында калып келатат. Ишенчээктигибизден куп пайдаланышып, бийликтегилер 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде бизди каалагандай калчашты. Тилекке каршы, биздин ошогездеги мээнетибизди жана үмүтүбүздү акташкан дагы, баалашкан дагы жок! Ошону үчүн мындан ары коомубуздун туруктуу өнүгүшү үчүн жалаң жаштар бийликке тартылганы оң. Биринчиден, алар коррупциядан алыс. Экинчиден, таза гана иштеп беришет.

 

 Ошентип, Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары, ошондой эле  активисттери Ош облусунун шаар-райондорун чекесинен кыдырганга аттанышты. Алар жарандар арасында сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жараянын жандандырышмакчы.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити