Президентке сунуш 

 

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович!

 

Сиз Коопсуздук Кеңешинде күтүүсүздөн жалындуу сөздөрду сүйлөп, үшүгөн элдин ичин бир аз болсо да жылыттыңыз. Эми ушул жылуулук сакталып калса жакшы болот эле.

 

Коррупция менен күрөшүү - мыйзам бузгандарды жана мамлекеттин казынасын жеп ичкендерди жок кылуу менен элдин жана мамлекеттин байлыгын сактап калуу гана эмес, мамлекеттүүлүктү сактап калуу деп түшүнөбүз.

 

Бул жагдайда өткөндөгү президент А.Атамбаев Коррупцияга каршы курөш кызматын (Антикоррупцинная служба) тузгөн эле. Бирок бул кызмат органы кандайдыр бир себеп менен өз милдетин так аткарган жок, тескерисинче коррупция күч алды - өсту, өнүктү.

 

Азыркы учурда өлкөдө коррупция кандай абалда экенин бийлик адамдары билмексен болгону менен эл аябай жакшы билет. Бишкек шаарындагы үй, жол курулуштарынын иштери, кымбат балуу автоунаалардын ээлери эле ачык-айкын далил болот.

 

Көптөгөн жылдар бою жана азыркы учурда да “көмускө экономиканы” (теневой экономика) ачыкка чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. Бийлик жалаң “коррупция менен курөшуу керек “деп карапайым элди алакысытып келет. Өткөндөгү бир премьер-министр: көмүскө экономика бюджеттин 30-40% тузөт деп айткан жайы бар. Ал эми укук коргоо органдары бул жаатта иш жүргүзө алышкан жок. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөшүү менен “көмүкө экономиканы” да ачыкка чыгаруу күрөшүн биргеликте эл менен алып баруу керек деп эсептейбиз. Элден айланып кетсе болот жана алар мамлекеттин байлыгын көз карегиндей сактаганга кызыкдар.

 

Кыргыз Республиксында ким президент болуп  шайланса эле, “коррупция менен күрөшөм”- деп далбас урат, бирок аягында эле коррупционерлер менен биригип кетип жатышты. Чындыгында коррупцияга каршы аёосуз күрөштө, өзүңүз айткандай бийликте жалгыз калышыңар ыктымал. Бул учурда биздин сунуштама боюнча күрөш жүргүзүлсө эл менен бирге болосуңар. Акын –ырчы Арстанбек Буйлаш уулу айткандай:

Кабарың күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүнүйөсү,

Бут колуңдан өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң,- деп айткандай эл менен болсоңор жаман болбойсуңар.  

 

Коопсуздук кеңеште: “эл алдында берген убадамдын жана берген «антымдын» устунөн чыгам”,- деп сөз сүйлөдүңөр.

 

Бул айтылган сөздөргө шыктанып,ишенип, президенттин көрсөтмөсүн колдоо менен жана өз салымбызды кошуу максатында  “сунуштама” жолдодук:

 

1. Азыркы учурдагы “Коррупцияга каршы курөш кызматынын” (АКС) аткарган ишин жетишсиз жана талапка жооп бербегенин эске алынышын.

 

2. Көптөгөн жылдар аралыгында жана азыркы учурда да “көмүскө экономика” (теневой экономика) ачыкка чыкпай жашырылып жаткандыгынын себептерин белгиленишин.

 

3. АКС жоюулуп, ордуна  элге ишеним артуу менен “Президенттин элдик көзөмөл кызматын” (ПЭКК) түзүүнү. Көзөмөл кызматы коррупцияны жоёт жана “көмүскө экономиканы” ачыкка чыгарат деген саясат жүргүзүү менен элге ишеним көрсөтүүнү.

 

4. “Президенттин элдик көзөмөл кызматынын” (ПЭКК) Жобосун иштеп чыгуу менен тез арада көзөмөл кызматынын иш жургузуусун камсыз кылууну.

 

Комментарий:

 

Өткөндө президент А.Атамбаев “коррупциянын тамыры терең кирип кетиптир”,- деп алакан жайып айтканы бар.Коррупциянын тамырын кесип салуу керек экендигин өткөндөгү ажо билбегенине таң калганбыз.

 

Ооба, тамырды кесиш үчүн аны терең чукулап табыш керек, андан кийин гана тамыр биротоло кесилет. Өткөндөгу ажонун колунда коррупциянын тамырын кескенге айбалта (сот, прокуратура, ИИБ, УКМК, Финполиция ж.б) бар болчу, бирок коррупциянын тамырын кескенге аны терең чукулап тапкан жок.

 

Эгерде азыркы президент өзү баш  болуп, күрөштү колдоого алса, коррупциянын тамырын канчалык тереңдикте болсо да эл өзу чукулап салат. Коррупциянын тамыры канчалык терең жайылса да ал тамырды эл чукулап таап, жулуп алганга жана кургатып –солутуп салганга даремети жетет. Бирок кээ бир коррупциянын жоон тамырларын президент өзү айбалта (сот, прокуратура, ИИМ, УКМК, финполиция) менен кескенге туура келет. Бардык маселе кесилбей калган ошол жоон тамырларда болууда.

 

Коррупцияга каршы күрөштө президент башында болуп, эл менен биргеликте иш жүргүзүлсө, коррупция жоюулат деген ишеним болууда. Өткөндөгү президент тушундагы коррупцияга каршы курөштөгу кайрадан ошол кызмат өзү калса же башка мамлекеттик орган түзүлсө, “карга карганын көзүн чокубайт” болуп эч кандай өзгөрүш болбойт.

 

Эгерде “сунуштаманы” президент колдоого алса, биз “Президенттин элдик көзөмөлдөө кызматынын” иштерин жүргүзүүчү долбоор–Жобосунун жол жоболорун толук иштеп чыкканга даярбыз.

 

Сизди терең урматтоо менен, 

Айтбай Абдыкадыров, юрист, экономист

 

Булак: “Майдан.kg” гезити