Эс оодарган ТЭЦ 

 

26-январда, өлкөдөгү суук чегине жетип, термометр -22 градусту көрсөтүп турган чакта Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз калышты. Ушул күнү кечке маал батареялар жылымык тартып, үйдөгү аба сырттан бир аз гана айырмалана баштады. Тийиштүү кызматтар мындай абалдын себебин бир нече сааттан гана “угузушту”: Бишкек ЖЭБинде авария болуптур.

 

Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков тараткан маалыматка караганда, авария насостук станциянын иштен чыгышынан улам жаралган. Насостук станция иштеп чыккандыктан от казандарына тийиштүү көлөмдөгү суу барбай,    шаардагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук таратуу системасы үзгүлтүккө учураган.

 

Айтымында, насостун көрсөткүчүндө от казандарга жетиштүү суу берилип жаткандай баамдалганы менен иш жүзүндө андай болбой, бул бир катар от казандарды жараксыз абалга кептеген. Орун басардын айтканынан корутунду чыгарсак, бул жерде кадимки эле  шалаакылык, кайдыгерлик мамиле орун алгандай.

 

Беш күндөн ашкан 5-6 саат

 

27-январга караган түнү “Электр станциялары” компаниясынын маалымат катчысы Тагжан Айдаралиева соцтармактагы баракчасы аркылуу сууктан үшүп отурган шаар тургундарына кабар берди. Ал ЖЭБдин жабдыктары убактылуу иштебей, тармактык суунун температурасы +84 градустан +62 градуска чейин ылдыйлаганын жазган. Ошондой эле, жылуулук берүү бир нече сааттан кийин калыбына келээрин белгилеген. Бирок, маалымат катчы билдирүү жазган учурда көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар +62 градустан эчак эле адашып калган болчу.

 

Андан кийин өкмөт башчы Сапар Исаковдун билдирүүсү чыкты. Ал кеңешме өткөрүп, шаарды жылытуу системасын жакынкы сааттарда калыбына келтирүү үчүн ыкчам топ түзүүгө тапшырмасын берди. Ыкчам топтун башчылыгына вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди дайындады.

 

Бишкек мэри Албек Ибраимов 27-январда шаар тургундарына кайрылып, авариянын кесепеттери 6-7 саатта толугу менен жоюуларына кепилдик берди.

Ушул эле күнү Бишкек ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулунун “бүгүн түнкү саат 10дорго чейин шаарга жылуулук баштагы режимде бериле баштайт”- деген убадасы жаңырды.

Ошентип, бул күнү шаар тургундарынын үмүтүнө үмүт кошулуп, чар тараптан берилген кепилдиктерге байып жатып калышты.

 

Жылуу жууркан жана ысык чай

 

Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкектин ар кайсы райондоруна тоңгон жарандарга жардам көрсөтүүчү жылынуу жайлары ачыла баштады. Көчөдө тигилген жылуу палаткаларга каалаган жаран кайрылып, сууктан ысык чай  жана ысык тамак менен коргоно алаарын билдиришти. Өкмөт башчысы суукта калган жарандарга жылуу жууркан таратууга да тапшырма берди.

Албек Ибраимов шаар тургундарына кайрылып, ысык суу чыгаруу үчүн жылуу сууну көпкө агызбоого, ашыкча электр жылыткычтарын пайдаланбоого, ал турмак үтүк да сайбоого чакырды. Ал шаардыктардан “кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоону” өтүндү.

 

Жылуулуктун бир-эки күндүн ичинде берилээрине ишеним арткан шаар тургундары мэрдин айткандарын кыйшаюусуз аткарышып, соцтармактарда электр жабдыктарын ашыкча пайдаланбоого чакырган флешмобдор пайда болду. Алар акыбал тез арада жайгарылат деген бийликчилердин кебине ишенишип, кырдаалды өтө эле “терең” түшүнүп алышкандарын жылуулук төрт күндөн кийин да калыбына келбегенде гана билишти.

 

Үйүнөн “качкандардын” саны арбыды

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында, шаарда жылыткыч пушкалар жана ысык чай менен камсыздалган 40 палатка орнотулган. Ага жолоочулардын каалаганы кайрыла алышат. Ал эми үйү суук болуп, түнөөгө мүмкүн болбогондор, жаш баласы барлар, кары-картаңдар түнөй турган да жайлар орто мектептердин имараттарында, пансиондордо ачылган. Акыркы маалыматтарга караганда, түнөк жайларга кайрылган адамдардын саны барган сайын өсүүдө. 30-январга карата суук үйлөрүнөн качып келген жарандардын саны 200дөн ашкан.

 

Жылуулук жок болсо, кош кабат жууркан бар

 

Суук ооруканаларды да кыйгап өткөн жок. Жалпы шаардын башына түшкөн мүшкүл ооруканаларга да башбагып, ансыз да оору менен алышып аткан адамдар суукта титиреп, алган дарыларынын пайдасы деле табылбай калгансыды. Улуттук госпиталдагы оорулуулар соцтармактарга акыбалдарын жазышкандан кийин Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жерине барып, суукта калтырагандардын ал-акыбалын сурап кайтты. Бирок, барганы менен маселени чече албастыгын айтты. Ар бир палатага бирден жылыткыч сайып берүүгө министрликтин чама-чаркы чектелүү экенин, анын үстүнө анча сандагы жылыткычтардын кубаттуулугун араң жан электр тармагы көтөрө албастыгын айтып, оорулууларга эң сонун кеңеш берди. “Оорукананын кызматкерлери кошумча плед беришет, ошону кат-каттап жамынып жаткыла”,- деди.

Ошол эле учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун директору Салтанат Назаралиеванын мактоого татырлык иш аракет белгилүү болду. Бул борбор жай айында эле, кышка даярдык көрүү учурунда ар кандай күтүлбөстүктөрдү эске алып, жетиштүү сандагы жылыткычтар менен камсыздалышкан экен. Азыр, жылуулук жок кезде, жылыткычтарды палаталарга сайып, эне менен баланын шартын түзүп беришти. Министр айткандай толтура жылыткычтан электр тармагы токтоп  калбаптыр.

 

Экинчи авария

 

27-январь кечке жуук ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Курманбеков жылыткыч тармагы калыбына келгенин, акырындык менен шаарга жылуулук таратыла баштаганын, алгач жылуулук +50 - +58 градус температураны кармай турганын билдирди. Бул шаар тургундарынын кулагына майдай эле жакты. Улам батареяларды кармап текшеришип, кетти деген жылуулуктун келээр чагын аңдышты. Бирок, белгилеген бир сутка ичинде да көп кабаттуу үйлөр жылыган жок. Анын ордуна, 29-январда ЖЭБде дагы бир ирет авария болгону жарыяланып, ошону менен эч бири “жылуулук мынча убакыттан кийин берилет” деген так кесе маалымат берүүдөн качып калышты. ЖЭБдин директору “жакынкы күндөрдө берилет” деген белгисиз чектөөгө таянды.

 

Президентти шаардыктардын чыдамкайлуугу ыраазы кылды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков суук элдин өтмө катарына өтүп калган чакта үн катты. Ал ЖЭБдеги абалга авария болгондон тартып эле баам салып турганын айтып, шаардыктардын чыдамкайлуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы жарандар жылуулук жана жарык менен камсыз болушу керек. Бардык коммуналдык кызматтар саат механизминдей так жана ырааттуу иштөөгө тийиш. Биз катуу сууктагы мындай сыноодон татыктуу өтүшүбүз керек”,- деди президент. Андан сырткары авариянын келип чыгуусуна жоопкер болгон бардык кызматкерлерге жазаланышаарын да кошумчалаган.

 

Жоопко тартылуу – кызматтан кетүүбү?

 

Ал арада Бишкек ЖЭБинин директору жылуулук тармагы үзгүлтүккө учураганы үчүн кызматтын тапшырууга даяр экенин жарыялады. Ага удаа депутат Дастан Бекешев жоопкер адамдарды кызматтан кетирүү менен гана чектелбей, кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын айтып чыкты. Ачыгында, Кыргызстанда кандай кейиштүү окуя катталбасын, ага жоопкерлер ээлеген кызматын тапшыруу менен гана чектелишет. Бул аткаминерлер үчүн оор жаза - кызматын тартып алуу дегенди билдиргенсийт. Кылгылыкты кылып коюп, жооп берүүгө убакыт келсе, креслосун бош калтырып, жылып кетсе мыйзам алдындагы жазадан кутулушаарын ар бири мээсине жедеп сиңирип алышкандай.

 

Модернизациялоо

 

Бишкек ЖЭБи өткөн жылдын август айында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Оңдоо иштери менен буга чейин жылуулук энергетикалык тармагында тажрыйбасы жок TBEA аттуу кытай компаниясы алектенген. Модернизация арзанга түшкөн эмес, Кыргызстан 386 млн долларды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан 20 жылга насыяга алган. Кыргыз сомуна айлантканда бир караштан эсептөө мүмкүн болбогон толтура сандардын тизмегинен турган сумма коротулуп жасалган оңдоо иштеринин жыйынтыгы биринчи эле кыштагы биринчи эле катуу суукта дайын болду. Коомчулук ири суммага оңдолгон борбордун аварияга учурашын коррупцияга байланыштырышты. Ушундай пикирлерден коркуштубу, ЖЭБдин жетекчилиги оңдоо иштери борборго толук жасалбагандыгын, оңдолууга дуушар болбогон бөлүктөгү эски от казандардын жарактан чыкканын айтып, актанышты. Айтымдарында, эгер модернизациялоо болбосо, борбор толугу менен жарактан чыгып, азыркыдан да курч кырдаал орун алмак. Жаңы блок борбордун толугу менен авария болуусунун алдын алды. 

 

Авариянын келип чыгышына ЖЭБдеги жетекчилик, адистердин өздөрү да ар кандай себептерди белгилешти. Алар негизинен алты от казандын СССРден калган эски экенин белгилешип, айыпты ошолорго оодарышты. Ал эми ЖЭБдин мурунку директору Лев Васильев катуу сууктан улам ушундай кырдаал жаралганын билдирди. Борбордун аянты абдан чоң болгондуктан, жумушчулар тоңуп калган жабдыктарды ысытууга үлгүрбөй калышат да, кийинкилери да жарактан чыга берет. Бирок, капысынан эле катуу сууктун алдында калгандай Кыргызстан Африка эмес да. Мындай суук кыштын кайсы бир мезгилинде жыл сайын эле болуп келүүдө. Буга чейин эски жабдыктар менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү ысытып жибере албаса да, үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздап келаткан ЖЭБ 386 млн долларга модернизация болоору менен катуу суукка туруштук бере албай калганын кандай жоромолдосо болот?

 

Жарыгы өчкөн калаа

 

Ал арада “Түндүкэлектро” жүрөктү түшүргөн билдирүүсүн таратты. Жылуулук жоктугунан шаар тургундары электр жабдыктарын сайып, электр тогуна күч келтире башташканын айткан ААК айрым жерлерде трансформаторлор жогорку чыңалуудан катардан чыкканын белгиледи. Маалыматка караганда, Бишкекте электр энергиясын колдонуу 27-28-январда эле 8-10 пайызга жогорулаган. Айрым райондордо жылуулуктун жоктугу аз келгенсип, жарык да өчүп, кыяматтын белгисиндей эле болду. “Түндүкэлектро”: “Электр жабдыктарын ашыкча пайдаланбагыла”,- деп кан какшаганы менен үйү муздап, жаш балдары сууктан калтырап отурса, жарандардын пайдаланбаганга айласы канча.

 

Айыптууну кантип табышат?

 

Президент да, өкмөт башчы да “шаар тургундарын суукка калтыргандар аеосуз жазаланат”- деп билдиришти. Болгондо да, адаттагыдай катардагы кызматкерге айыптын баарын үйүп салып, орусча айтканда “козел отпущения” кылбастан, жетекчилик жоопкерчиликке тартылаарын айтышты. Башкы прокуратура да кылмыш ишин козгоду. УКМК да өз алдынча бул кырдаалдын жаралышын иликтөөгө ала баштады. Бирок, айыптууну табуу оңойго турбасы эмитен эле байкала баштады. Энергетиктер өткөргөн маалымат жыйынында, айыпты бири-бирине төңкөрүшүп, ар бири өз башын жоопкерчиликтен куткаруунун камылгасында болушту. ЖЭБ менен “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКсынын жетекчилиги жаңы блокту күйгүзүүгө жоопкерчиликти ич ара бөлүшө албай, журналисттердин көзүнчө талашып-тартышышты.

 

Кароосуз калган карылар

 

Соцтармакта жалгыз жашаган пенсия курактагы  карыларга айрыкча оор болуп жатканы жазылууда. Карылар сая турган жылыткычы, иче турган ысык тамагы жок калышты. Бирок, социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери борбор калаадагы жалгыз жашаган 600дөн ашуун карылардын үйүнө жылуулук тармагы үзгүлтүккө учурагандан бери ат тезегин кургатпай барып, кабар алып, керектүү буюм-тайым, тамак-аш менен камсыз кылып атышканын жар салышты. Айтор, кимисине ишеништи билбейсиң.

 

Кечирим

 

6-7 саатта, анан барып бир суткада жылуулук берүү калыбына келет деген тараптар унчукпай калгандан кийин, жакынкы сааттарда шаардыктар жылып, оңуп калышат деп айтып жаткан Сапар Исаков да ыңгайсыз болдубу, шаар тургундарынан кечирим сурады. Өкмөт башчысын ким кечирет, ким кечирбейт, белгисиз, бирок, бүтүндөй бир шаарды суукка бетме-бет койгону үчүн өз айыбын билип, кызматын тапшырып, акырын кетип калса туура болмок деген пикирлер арбыды. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо чечими башка өкмөт башчынын убагында кабыл алынганы ырас. Бирок, Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тушунда оңдоодон өткөрүлгөн ЖЭБ кабыл алынган. 2017-жылдын август айында өкмөт “кышка толугу менен даярбыз, ЖЭБ оңдолду”- деп ураалаган. Кайсы бир ишти баштап берген тарап эмес, анын бүткөнүн көзөмөлдөп, сапатын текшерип кабыл алган тарап жоопкер болот эмеспи. Исаковдун өкмөтүнүн шалаакылыгынын айынан минтип сууктун күнүндө эл жылуулуксуз да, жарыксыз да калып, бала-бакырасы ооруп, айласын таппай турушат. Өкмөт башчылыгына дайындалуу учурунда, парламенттик кароодон өтүүдө, депутаттардын ар кандай өңүттөгү суроолоруна кызаңдабай, сыпайы гана: “Сиздики туура, сиздики чын. Айтканыңызды эске алабыз”, - деп суроо берген адамды көңүлүн таап койгону эсибизде. “Жаңы премьер мыкты дипломат”- дегендер да чыккан. Бирок, өкмөт башчысына бир гана дипломаттык сапат жетишсиз экен. Азыр да, ушул сапатына салып, какшаган элден кечирим суроо менен кетирген кемчилигин жаап-жашырып койгусу бар. Анткен менен  Бишкек ЖЭБинин ишинин үзгүлтүккө учуроосуна айыпкерлердин сап башында өзү тураарын эң сонун билип турат. Анан кайсы айыптууларды таап, жазасын берээрине элге кат-каттап убада берип жатканы  түшүнүксүз.

 

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити