“Алтын кылым тарых 100”  долбоору Улуттук идеологияга айланат! 

 

“Алтын кылым тарых 100” долбоору 2015-жылы бир айыл өкмөттөн башталган. Долбоор толук иштелип чыккан соң, 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылды “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялаган жарлыгына ылайык пилоттук долбоор катары 7ден 70 айыл өкмөткө чейин аймактын 100 жылдык тарыхтары жазылып чыгуусу пландаштырылган. 2017-жылдын жыйынтыгында 70тен ашуун Айыл-өкмөттөр өз айыл аймактарынын маалыматтарын ар кандай деңгээлде чогултушуп, 30 айыл өкмөт толук бүткөрүлдү.

 

- “Алтын кылым тарых - 100” долбоорунун максаты эмне. Аткарылышы кандай болот?

 

- Максаты - кийинки муундарга Англия, Франция жана башка өлкөлөрдүн абстрактуу жана өз кызыкчылыктардын өңүтүнөн жазылган тарыхтарын таңуулап окутуудан мурда, өз Ата-Тегин, Ата-Журтун, Мекенин, салт-санаа, үрп-адатын, алардын ыйык туткан дөөлөттүү улуу муундардын баскан жолун, өлкөбүздүн өсүүсүнө кошкон зор салымдарын чагылдырган тарыхый объективдүү баяндарды жаратуу болуп саналат. Тереңден караганда “Ааламга кеткен жол айылдан башталат”, өлкө тарыхы жеке инсандан, үй-бүлөдөн куралат эмеспи. Андыктан тарыхты жазууда жеке адамдарга же топко эмес, жалпы элдин өзүнө жыйнатып чогулттуруп, жеринен жаздыруу менен чыныгы өлкөнүн тарыхын жаратуу биздин максат. Андан соң кесипкөй тарыхчылар иликтеп-жиликтеп өз ордун таап коюп беришет.

 

Ал эми долбоордун аткаруу эрежелери, тактап айтканда өлкөдөгү 473 айыл өкмөтүнүн тарыхый баянын жергиликтүү эл менен жыйнап чыгуу 10 жылга белгиленген. (2016-2026 ж.ж.) Каалаган журналист, акын-жазуучу, санжырачы, тарыхчы инсандар, мугалимдер, деги эле тарыхый маалыматтарга кызыгып чогулта алган жарандар (жаш өзгөчөлүгүнө карабай) “Алтын кылым тарых-100” редакциясы менен келишим түзүп алып иш алып барууга укуктуу жана алар үчүн жер-жерлердеги редакцияларыбыздын эшиги ар дайым ачык. Учурда 200 дөн ашык жарандар бул багытта биз менен иш алып барууда.

 

- Демек долбоордун максаты Кыргыз Республикабыздын тарыхын айылдан-ааламга чейин кайра жаратуу экен. Кийинки муундарга окутуу жана таанытуу экен да?

 

- Эң туура баамдадыңыз. Окутуп гана тим болбостон “Улуттук Улуу идеологиябызды кайра жаратып, Ата-Баба баскан жолго түшүшүбүз керек”. Экс-президентибиз Алмаз Атамбаев айткандай - “ар ким таңуулаган идеологиядан чарчап бүттү, биздин өлкө! Ар кимдин чачпагын көтөрүп, көрүнгөнгө жүгүнүп, өз элин тебелеген саясаттан чарчап бүттү элибиз!”- демекчи, биз эч кимге жүгүнбөгөн жана чачпагын көтөрбөгөн, Адам атадан бери келе жаткан Улуу Эл катары дүйнө жүзүнө кайра тааныла турган элбиз. Дүйнө окумуштуулары далилдегендей “Улуу Эл” деген атка конуш үчүн мамлекеттердин калкынын саны же байлыгы, чоң-кичине, бай-кедей деп, аймагы же жаратылышы эсептелинбейт. Бир гана тарыхынын тереңдиги, идеологиясынын ал-муздактан күчтүү жана нарк-насилдүү экени эсепке алынат. Мына ошондой гана өлкө Улуу Эл катары туусун бийик көтөрүп, тарыхын даңазалап, үлгү боло алат дүйнө жүзүнө.

 

- Эмне үчүн долбооруңар “Алтын кылым тарых-100” – деп аталат? Экинчиден Мамлекеттин Улуттук идеологиясы деп жатасыңар?

 

- Ачык эле айтып коюшум керек. Алмазбек Атамбаевди ким кандай деңгээлде өлчөбөсүн, 1916-жылдан 2016-жылга чейинки 100 жылдык Кыргыздын тарыхка айланган тагдырынын бет кабын сыйрып салып, дүйнө элине таанытты, кайра жаратты. Же болбосо купуя сыр катары, чындык чыркырап архивтерде саргайып жата бермек. Жалтак, күн карамага айланып калган элдин коркуу сезимин өлтүрүп, дүйнө элине тең ата, тең укуктуу экенин далилдеп, рухун-духун ойготту. Өмүр бою Үркүндүн атын атоодон коркуп бет-кап кийип өткөн өлкө жетекчилеринен айырмаланып, эркиндик үчүн кырылган Ата-Бабаларыбыздын тарыхын, өлкөбүздүн репрессияланган каймактарын дүйнө элине ашкереледи. Ал эми эмне үчүн “Алтын кылым тарых-100” дегенибиздин себеби, Октябрь революциясында Кара Кыргыз Автономиялык облусу, кийин СССРдин катарына Республика болуп кирип, 1991-жылы эгемен мамлекеттүүлүккө жеткенибиздин өзү, андан да 2 ирет революция жолу менен президент алмаштырганыбыз Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн, адилет-калыстыкты туу туткан эл катары, даанышмандыгыбыз менен дүйнө элине таанылдык. Ушулардын барысы биригип Кыргыз Эли үчүн чыныгы алтын доор болуп калды. Редакциянын облустардагы жана Республикалык төр кеңештери кеңешип олтуруп “Илимий Конференциянын” жыйынтыгында “Алтын кылым тарых 100”- деген, чечимге келдик.

 

Ал эми “мамлекеттик улуттук идеология” дегенибиз, Кыргызда өзөккө жеткен, жакшы макала бар –“Тегин билбеген тексиз! Жети атасын билбеген кул! Тарыхы жок эл, келечексиз!” Мына ушул таамай айтылган принциптерге ылайык, биздин Улуу идеологиябыз калыптанат. Мунун баары 100 жылдын ичинде, алтын доор болгон тарыхыбызда аныкталган. Ошондуктан “Алтын кылым тарыхы” мамлекетибиздин улуттук идеологиясы деп жатабыз.

 

- Долбоорду ишке ашырууда оош-кыйыштар болуп жатабы? Белгилүү болгондой көптөгөн айылдар, район, шаарлар өздөрүнүн тарых-энциклопедияларын бирин-серин жазып жүрүштү эле?

 

- Коом карама-каршылыксыз өнүкпөйт. Жогоруда белгилегендей көпчүлүк: “Президент А.Атамбаевдин жарлыгынын алкагында жаралган долбоор экен. Демек башында А.Атамбаев турат”,- деп чыгышты. Бир тарабынан: “кимдир бирөөгө пиар кампания уюштуруп жатышат же китептен кызыл-кулактык кылып, каражат жасап жатышат”,- деп да чыгышты. Максатыбыз бирөө эле, “Улуттук улуу идеологияны кайра жаратуу!”. А.Атамбаев болгону көзүбүздү ачты. “Айланайындар, тегибизди тактап текчеге коёлу, тарыхыбызды тактап ардактайлы, өткөн тарыхый балуулуктарды билбей туруп, келечекке жол салуу мүмкүн эмес!”- деди. Маңкурттукка бет алган аң-сезимге революция жасагандай, жүрөккө мекенчилдиктин үрөөнүн сээп кетти.

 

Долбоордун башында эч ким турбайт. Тарых - эч кимге көз каранды эмес! Тарых алдында баары бирдей, жөнөкөй жарандан баштап, качкан-бозгон, келген-кеткен президенттерге чейин бирдей. Бир гана жарандык парзыбызды аткарып, алмуздактагы ата-баба тарыхына жете албасак да, акыркы 100 жылдык дөөлөттөрүбүздү сактап, тактап, кийинки муунга сабак кылып окутушубуз керек.

Бул мамлекеттик эмес, коомдук иш катары жалпы кыргызстандыктарга тийешелүү. Кандай коомдук ишмер болсо да, аталган долбоор боюнча өз айыл, шаарына демилгечи, демөөрчү болуп тарыхка из калтырып кетүүгө укуктуу.

Ал эми жер-жерлерде буга чейин жеке форматта чыккан тарых-энцклопедия китептердин редакторлору биз менен келишим түзүп иштешүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Материалдарга болгон автордук укуктары толук сакталып, түбөлүк тарыхта калат.

 

- Китептин автордук укуктары жана финансылык каржылоо булактары  кандай болот?

 

- Эң туура суроо бердиңиз. Элден чогултулган маалыматты тизмектеп же редакциялап жазып алып, “мен автормун” деген туура эмес. Элдин тарыхына эч ким автор боло албайт. Калктын маалыматын чогултуп катып алып, бекитип басып жаткандарга, акчага баалап, кызыл-кулактык кылып сатып жаткандарга түшүнбөйбүз, таң каламын. Өзүбүзүдүн жан-дүйнөдөн жаралган ыр, проза, детектив, роман, сценарий, сүрөт, скульптура же долбоорлорго гана автордук укук болот. Андан көрө чогултулган маалыматтарды тарыхка киргизип, эки дүйнө соопкерчиликтин үстүндө иштеп, тарыхта калгандан өткөн бактылуулук жок.

 

Ал эми финансылык жагы коомдук иш болгондуктан алгач, өтө оор акыбалдарга туш болдук. Биздин менталитетибиз маңкурттукка айланып баратыптыр. “Керек болсо бүт элдин тарыхын менчиктеп алам!”- дегендер чыкты. Арасында депутаттар, коомдук ишмерлер, ишкерлер долбоордун бийик келечегин, тарыхый орду жана ролунун өтө терең экендигин көрүп туруп, “канча каражат салсам, канча эселеп төлөйсүңөр” дегенде, өлкөбүздүн келечеги, улуттук баалуулугу эч кимге керек эмес экенин, бардык нерсе акчага гана өлчөнүп калгандыгын терең үшкүрүү менен түшүндүк. Антсе да “караңгынын жарыгы бар”- демекчи, аз болсо да жакшы адамдардын деми менен, “өз тарыхыбызды - өз элибизге алып беребиз”- деген жергиликтүү аткаминерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана ишкерлердин шарапаты менен, долбоордун каржылоосу өп-чап ишке ашып келе жатат. “Таза коом ар бир адамдын өзүнөн жана эсептин тактыгынан башталат”,- демекчи, “Алтын кылым тарых-100” долбоорун ишке ашырууда, эч кимге кызыл-кулактык кылууга жол бербейбиз! “Долбоордон эмне пайда көрөм” эмес, “долбоорго кандай салым кошом” деген, “айылымдын же шаарымдын тарыхын түбөлүк алтын тамгалар менен кийинки муундарга калтырам” деген адамдар гана биздин катарда боло алат.

 

- Долбоорго каршы чыккандар болдубу?

 

- “Улуттук кайра жаралуу - улуттун тарыхына таянат! Буга каршы чыккандар Россиянын душманы,”- деп, Владимир Путин кесе айткандай, долбоорго маңкурттар менен кыргыздын душманы гана каршы чыкпаса, ким каршы чыкмак эле?! Мониторингден карагыла! Өнүккөн өлкөлөрдүн өзгөчөлүгү эмне? Улуттук идеологиясы бар! Ошондуктан Улуу элбиз, Арий элбиз дешип, тарыхый баалуулуктарын туу кылып көтөрүп жүрүшөт. Ал эми биз, көрүнгөндүн чачпагын көтөрүп жүрөбүз. 3-4 кылым исламдын чачпагын, 74 жыл орустардыкын көтөрдүк, эмне таптык? “Жараткан, Көкө-Теңир көк асманда жана жалгыз жүрөктө!”- деген Ата-Бабанын баалуу сезимин мындай кой, үрп-адат, каада-салт, нарк-насил, дилибиз-тилибизди чанып арабдаштык. Алардын динин гана эмес, салтын, маданиятын (шара-варасын), селдесин Ала-Тоодой ак калпак, тебетейге алмаштырдык. Аска-зоодой элечек, шөкүлөлөрдү жоготуп аялзаттарыбызды кара ашка келгендей чүмбөттөдүк. 20 жаштагы балдарыбыз 60тагыдай сакал коюп, Алланы унутуп, арабдашып кетти. Ал тургай “ким арабташпай, Ислам халифатын курам деген дин агымына кирбесе, аларга жихат!”- деди. Ушул керек беле бизге?! Ошондуктан улуттук идеологиябызды кайра жаратуу мезгили келди. “Кудай! Алла!”- дегенибиз бүт адамзат үчүн бирөө! Андыктан динге эмес, Аллага сыйыныш керек! Башка улуттардын чачпагын эмес, өз Улуттук идеологиябыздын чачпагын, маданиятын, улуттук баалуулугун көтөрүшүбүз керек.

 

Балдарыбыз өз эне тилин чанып орусча, англисче, кытайча сүйлөсө жетине албай кубанабыз. Ата-энесине, Мекенине мээримин жоготуп, мекенчилдиги жок адам, мекенин жоготоорун ойлобойбуз. Канча аракет кылсак да, биз эч ким боло албайбыз. Кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз боюнча өлөбүз. Андыктан кайра жаралуу мезгили келди. Учурдан пайдаланып, жалпы калайык-калкка кайрылат элем. Ар бирибиз өз айылдарыбыздын тарыхын, легендаларын, жаратылышын, маалыматтарын жазып чыксак. Бирдиктүү бир форматтагы тарыхый китептердин жаралышына ар бирибиз салым кошкон болоор элек.

 

Маектешкен Жылдыз Олегова  

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь 2017-ж.