Өткөн жумада И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча сот иши болмок. Бирок, соттук процессти карап жаткан судья тарабынан бул ирет да дагы бир шылтоо менен олтурум болбой, 13-декабрга жылдырылды.
Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында өзүнүн кабинетинде МУККнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн оперативдик иш-чарасынын мезгилинде каза тапкандыгы белгилүү. Төбө чачты тик тургуза турган бул иште өтө көп адамдын кызыкчылыгы камтылып тургандыгын айтпасак да басма сөздөгү маалымат аркылуу билип турсаңыз керек. Акыркы кезде укук коргоо органдарынын иш алып баруусу боюнча коомчулукта нааразычылык токтобой, арыз-даттануулар көп болуп жатса дагы, аларга чара көрүлбөгөндүгүнүн кесепетиненби, айтор, булардын кылы кыйшайбады. Атүгүл, зордук-зомбулукка алдырып ийген ашыкча аракеттери көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Абдыкерим Гапаровду билгендер өтө жумшак, башка адамдарга зыяны жок киши катары сыпатташат. Маркумдун советтик “закалкадан” өткөндүгү анын ишинде таза жүргөнүнөн көрүнүп турат. Анан өмүр бою таза иштеп келген адам өз атын 30 миң сом үчүн булгамак беле?! Абдыкерим Гапаровдун бир туугандарынын айтымында, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына караштуу антикоррупциялык кызматтын (мындан ары - АКС) адамдары Медакадемияга таптакыр башка иш менен барышкан. Маркумдун 30 миң сом пара талап кылып кармалгандыгы тууралуу версияны алар кийин, иш чатагына айлынып кеткенден кийин ойлоп табышканы айтылат. Буга А.Гапаровду кармоо иш-чарасы учурун чагылдырган видеожазуунун жоктугу таасын далил болуп турат. Анткени, мындай иш-чаралар ар дайым видеого түшүрүлөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү. Тергөөдө АКСчилер видеожазуу учурунда кнопка басылбай калганын айтышкан, бул жаш баланын сөзү эмеспи. Айтор, сотто Абдыкерим Гапаровдун пара талап кылганы боюнча жетиштүү далил жоктугу билинди. Медакадемиянын ошол кездеги ректору Ашырали Зурдинов да муну тастыктаган көрсөтмө берип, “бизде ижарага бере турган эч кандай жер жок болсо, кайдагы параны айтып атасыңар?”- деген. Ал эми “менден пара талап кылды”- деген адамды кийин таба коюшканын да сотто Гапаровдун бир туугандары көп айтышты. Бул да аз келгенсип, маркумдун туугандарын шылдындагандарычы? Сот процессине катышып калган журналисттердин айтымында, айыпталып жаткан АКСчилер маркумдун аялына “сенин күйөөң пара алам деп, акчанын айынан өлүп калды”,- деп маскаралап, “колуңдан балээ да келбейт”- дегенсип кыйынсыраган учурлары болгон. Прокуратура, соттон акыйкатты гана талап кылган Абдыкерим Гапаровдун туугандары АКСчилердин кандай гана басымдарына тушугушкан жок. Ачыгын айтканда, алардын колунда эбегейсиз бийлик турбайбы, ошого таянышат да. Бечара адамды тебелеп кетүү булар үчүн түкүргөндөн да жеңил эмеспи. Балким, соттор да ушулардан корккондуктан, колунан келишинче процессти создуктурууга өтүшкөндүр? Ушинтип олтуруп, айыпталып жаткан АКСчилерге өтө жеңил жаза чектөө менен кутултуп кетүүнүн аргасы көрүлүп жаткан жокпу?
Эскерте кетсек, коомчулукта абдан чоң резонанс жараткан бул чуулгандуу окуя боюнча соттук иш алгач Аскер сотунда карала баштап, кийин Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна өткөзүлүп берилген. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал күнү А.Гапаровдун иши боюнча Медакадемияга МУККнын 12 кызматкери барган. Алар бир сааттан ашык убакыт бою Абдыкерим Гапаровду кабинетинен чыгарбай, суракка алышкан. Соттун материалдарында Гапаровдун кыйноого алынгандыгын тастыктаган далил буюм-каражаттары бар. Мисалы, А.Гапаровдун көйнөктөрү жыртылганы, стулдардын сынганы, сейфинде жана чөнтөгүндө кармап турган акча каражаттарынын жоголгондугу Гапаровдун бир туугандары тарабынан сотто айтылган. Маркумга дарысын ичкенге уруксат беришпегени, кийин бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан атайын кызматтын адамдары “дарысын ичирдик” дегени менен, экспертиза учурунда канынан ал дарынын чыкпагандыгы билинген. Мисалы, тергөөдө “ичирдик” деп далил катары булар көрсөткөн дарыны маркум мурда такыр колдонбогону, аны жакын жердеги аптекадан эле ала коюп кошуп койгондой таасир калтырат. Кыскасы, тергөө ишине кийлигишүү, материалдарды фальсификациялоо аракеттери болгону сотто бир эмес, эчен ирет кайталанып айтылып келген. Ошого карабастан, айыпталуучу катары жоопкерчиликке ошол күнү Абдыкерим Гапаровду кыйнаган 12 адамдын ичинен үчөөсү гана тартылып жатат. Маркумдун уулу Адыл Гапаровдун айтымында, мурунку соттук олтурумда мамлекеттик айыптоочу соттолуучу Замир Суваналиевге 5, Алмаз Мусаев менен Чыңгыз Айманбаевге 3 жылдан абакка кесүүнү соттон суранган. Прокуратуранын бул аракети – Абдыкерим Гапаровду инфаркт абалга кептеген АКСчилерди чыгарып кетүүнүн амалыбы? Анткен себеби – бул жылдарды амнистия же башкага салып туруп, дароо бошотууга жол ачылат. Анан да, мындай чечим чыга турган болсо, “туугандарынын реакциясы текшерип көрүүгө” жатып калат. Эгер унчуга албай калышса, баары бүттү дей бер.
Сот процесси учурунда Медакадемиянын юристи Медербек Осмоналиев мындай деген: “Бул окуялар саат 16.00дө чендерде башталды. Мага коллегам телефон чалып, Гапаровдун кабинетинен түшүнүксүз ызы-чуу угулуп жатканын айтты. Биз кабылдамага киргенде, МУККнын кызматкери туруптур. Биз эмне болуп жатканын сураганда ал баары мыйзам чегинде болуп жатканын айтып, бизди чыгарып жиберди. 15 мүнөттөн кийин ызы-чуулуу үн дагы чыкты. Биз кабинетке келгенде эшиктер жабылып калыптыр. Биз булардын чоңу ким экенин сураганыбызда бизди тосуп алган кызматкер “менмин” деди. Биз ага Гапаровдун жүрөгү оорулуу экенин эскерткенбиз. Ошентип олтуруп кабинетке киргенче, Гапаров каза болуп калыптыр. Биз алардан тез жардамга чалган-чалбаганын сурасак, ректордун кабылдамасына кабарлашканын айтышты. Анан эле эки мүнөткө жетпей жок болуп кетишти. Тез жардам андан кийин судмедэксперттер менен келди”. Осмоналиев айыпталуучулардын ичинен Чыңгыз Айманбаевди көргөнүн да сотто айткан.
Эми ойлонуп көрүңүз, Абдыкерим Гапаровдун жүрөгү кысыла баштаганын байкашса, буларда арам ою болбосо, эмнеге алар тез жардам чакырып убара болушту? Анткени, алар бүт өлкө үчүн медициналык кадрларды даярдаган окуу жайга келишкен эмес беле? Килейген Медакадемия! Баары медик, жаман ойлору болбосо коридордон өтүп бараткан адамдын бирин эле чакыра коюшса, аны сактап калууга аракет кылгандыгы билинет эле да. Чуулгандуу каргашадан кийин Гапаровдун денесинен көк-ала тактар чыккан. Ушунун өзү кыйноо фактысын далилдеп турат го... Муну кийин тергөө “биринчи жардам көрсөтүп жатканда ушундай так калышы мүмкүн”- деп жокко чыгаруу далалатын көргөн.
Бул каргашадан көп өтпөй, Абдыкерим Гапаровдун токсон жаштагы апасы уулунун күйүтүнөн чыдай албай, каза тапкан. Архибизде Авазгүл апанын кабарчыбыз Алишер Токсонбаевге берген маеги бар экен, үзүндүсүн сунуштайбыз: “Уулум Абдыкеримди жүйөөсүз эле кармап, болгондо дагы өз кеңсесинде негизсиз сурак алышкан. УКМКнын ЖККсынын кызматкерлери аны бир-бир жарым сааттай мыйзамсыз түрдө каалагандай калчашып, качан гана ал каза тапканда, качып кетишкен. Ага тирүү кезинде өз кеңсесинде зордук-зомбулук көрсөтүшүп, аёосуз уруп жана тепкилешкен. Галстугу тытылган. Өтүгүнүн бир түгөйү кадимкидей жыртылган. Ал эми кол саатын бырчалашкан. Эң кейиштүүсү: ушунун баарын уулумдун башына кап (мешок) кийгизип анан жасап жатышпайбы. Ошону үчүн мындай канкорлорго прокурорлор, соттор мыйзам чегинде гана аёосуз, бирок, катаал жаза чектөөсүн талап кылам, айланайын!”. Апанын талабы эми аткарылаар бекен?
Маркумдун уулу Адылбек Гапаровдун айтымында, АКСтин жетекчилиги жана кызматкерлери жосунсуз жоруктарды атайылап жасашкан: “Анан атамды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу улам-улам каралап, жемкор сыңары сыпаттап, карапайым калктын башын дагы эле айлантып жатышат. Булардын айынан Абдыкерим Гапаров өз кеңсесинде жан соогалап, жалдырап медициналык жардам күтүп, акырында запкыга чыдабастан жүрөгү кармап каза тапты. Дал ошол маалда атамдын бардык буюм-теримдери, а түгүл акчалары дагы дайынсыз жоголгон. Маселен, мен билгенден паспорту, талап карталары, пенсиялык күбөлүгү, 300 доллары, 10 миң сому ың-жыңсыз”.
Көп жыл бою ички иштер органдарында иштеп жүргөн, ЖКнын экс-депутаты Нооманжан Аркабаев да сотто маркумдун туугандарын жактап келген. Анын айтымында, бул өлүм буюртма деген кеп жөн жеринен эле чыккан жок: “Анткени, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын көп жылдан бери орун талашуу, тытышуу жүрүп, а түгүл ар кандай ушак-айыңдар таркаган. Бул жөнүндө жогорку окуу жайдын профессордук- окутуучулук курамы бизге дагы айтып беришти. Бул интригага жетекчиликтин ордун талашкан адамдардын баары аралашкан жана кызыкдар. Буга дейре УКМКнын кызматкерлери массалык маалымат каражаттары аркылуу “Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды!” деп таптакыр далилсиз жана негизсиз жар салышты. Өзү мыйзамга ылайык соттун өкүмү чыкмайынча жана ал толук күчүнө кирмейинче, жарандар эч кылмышкер деп эсептелбейт. Абдыкерим Гапаровдун үстүнөн арызды 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын мурдагы жашоочусу Ипифанов Вячеслав Игоревич жазыптыр. Бирок, биздеги маалыматка караганда, ал 2010-жылы эле Орусияга чыгып кеткен. Ошол жакта жашайт. Абдыкерим Гапаровго карата козголгон иште “Ипифанов жеке ишкердик кылуу үчүн жер сурап кайрылганда, андан пара талап кылган” деп бадырайта жазылуу турат. Бирок, Медакадемиянын расмий жообуна караганда, Ипифанов аларга эч качан жеке ишкердик кылуу үчүн окуу жайдын тегерегинен жер сурап кайрылган эмес. Ошентип, арыз жазган адамдын өзү дайынсыз. Демек, Абдыкерим Гапаровду кармоо маалында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 177-беренесинин 11-пункту одоно түрдө бузулган. Анткени, тинтүү кармалган тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда гана жүргүзүлөт. А мында, сурак учурунда Медкадемиянын өкүлдөрү катыштырылган эмес”.
Андан тышкары окуяны байкаган айрым күбөлөрдүн айтымында, АКСтин кызматкерлери Абдыкерим Гапаровдун кеңсесине соттун чечимисиз эле күтүүсүздөн кирип, каалагандай тинткилешкен. Дээрлик бир-бир жарым саат бою Медакадемиянын аппарат жетекчисинин кеңсесинде кыйкырык, сөгүнүүлөр, ызы-чуулар жаңырып турган. А түгүл маркумдун “Жетишет! Кур дегенде дарымды ичип алайын!?!”- деп жалдырашканына дагы карашкан эмес.
Айтор, 13-декабрда сот өкүм чыгарышы керек. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков адилетсиз көрүнүштөргө чыдай албастыгын эл менен жолугушууларында такай кайталап жүрөт. “Болбосо, жаңы ажого даттанабыз, себеби, атайын кызматтын күнөөсү бар кызматкерлери бизде коркута берип, жаныбызды алып бүткөнү калышты”,- дешет маркумдун туугандары.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.