Өкмөт башчы Сапар Исаковго кулак кагыш 

 

Бул бирөөлөргө жагабы, жокпу, бирок  президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги коррупциянын тамырына балта чабуу, коррупционерлерге каршы күрөшүү менен башталды окшойт. Бул Сооронбай Жээнбековдун “өлкө бюджетине кол салып, миллиондогонду уурдагандардын орду түрмөдө болот”- деп айткандарынын  ишке ашарынан кабар береби?

 

Аз күн мурда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен каймана аты коррупция менен ассоциациялашкан айтылуу Бажы кызматынын төрага орун басары “Райым миллион” (Райымбек Матраимов) кызматынан алынды. Бул чынында көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Мындай буйругу үчүн өкмөт башчы Сапар Исаковду алкап, жактагандар да көп.  Анын да жөнү бар. Анткени, Райымбек Матраимов Акаевдин мезгилинен бери бажы тармагын тейлеп келди. Бул тармакта өзүнүн миллиондогон жашылбайларды берген коррупциялык схемасын түптөп, аны эч бир бийлик кызматтан ала албастыгы, “кол тийбеске” айланып алганы көп айтылып, жазылды. Кызматтан алгысы келген бийликтин оозун “майлап”, берчүсүн берип, бардык өкмөттүн  тилин, эбин таап келгени кашкайган чындык эле. Бирок ар бир нерсенин чеги болуп, сабыры бүтөт тура. Аны өз буйругу менен премьер-министр Сапар Исаков көрсөттү. Өкмөт башчынын бул кадамын чындап  коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы кадамы деп, ага илгери үмүт артып туралы.

 

Биз мында коррупциянын “киттерин” эле кызматтан алып тим болбой, анын тамырына биротоло балта чабуу үчүн “акула”, “чабактарга” да чаралар көрүлүшү керектигин сөз кылып, өкмөт башчы Сапар Исаковго кулак кагыш кылгыбыз келди. Айтайын дегенибиз, Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алуу менен тармактагы коррупциялык  абал оңолот деген туура эмес. Себеби, ал кызматтан алынганы менен анын “куйруктары”, бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын иш жүзүндөгү аткаруучулары өз ордуларында калышты. Алардын бири -  Нарындагы “Чыгыш” бажы кызматынын башчысы,  бажы чөйрөсүндө “Куба миллион” каймана аты менен белгилүү Абас уулу Кубанычбек. Бул адам тууралуу бажы тармагындагылар тирукмуш фактыларды айтып келишет.

 

Сөз бир  четинен болсун. “Куба миллион” ат менен белгилүү Абас уулу Кубанычбек Райымбек Матраимовдун көздөй кадрларынын бири. Аны өзү деле жашырган эмес. Бажычылардын айтымында,  ал тар чөйрөдө: “Мен Райымбек Исмаиловичти колго алып койгом, менин артымда ошол киши турат, ал бажы тармагын тейлеп турганда, менин кылым кыйшайбайт”,- деп айтып мактанары буга чейин маалымат каражаттарында айтылып, жазылган. Суроо туулат, колдоочусу кызматынан бошотулду, эми кылы кыйшаябы?

 

Анын кызмат абалын ири киреше берүүчү бизнеске айландырып алганы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кытайдан товарлар контрабанда жолу менен алып өтүлөрү, миллиондогон бажы салыктары төлөнбөй келери эч кимге жашыруун эмес. Кытайдан киргизилген товарлардын көлөмү Кытай өкмөтүнүн эсеби боюнча башка болсо, кыргыз өкмөтүнүн эсебинде башка болуп келет. Бул тууралуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстан премьер-министри да айтып, кыргыз өкмөт башчысын сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылган. Анда айтылгандар канчалык  кыргыз тарапка  катуу тийбесин, бирок ал айтылгандарда чындык бар экенин тана албайбыз. Мына ошол “Чыгыш” бажысындагы өткөрмө-көзөмөл пункттарындагы контрабанданын, товарлардын көлөмүн азайтып өткөрүүнүн башында “Куба миллион”, тагыраагы, Абас уулу Кубанычбек турары эл ичинде көптөн бери айтылып келе жатат.

 

“Чыгыш” бажы кызматында иштеп кеткендердин айткандарына ишенсек, контрабандалык бизнесин жүргүзүүдө ал Нарын шаарындагы криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен тыгыз  иштешет. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө таянган Абас уулу Кубанычбек өзүнө каршы чыккандарды коркутуп, үркүтүп, сестентип, кааласа жумушка алып, кааласа кетирип  турууну адатка айландырып алган. Анын контрабандалык иш-аракеттерин тиешелүү органдар билбейт дегенге болбойт. Атайын кызматтардын “Куба миллион” жөнүндө жетишерлик маалыматтары бар. Бирок, “Куба миллион” контрабанда жолу менен тапкан “арам” акчалары аркылуу алардын ооздорун жаап, тилин таап келет. Муну менен атайын органдар коррупцияга каршы күрөшпөй эле, контрабандага жол берип келатышканы өкүнүчтүү.

 

Абас уулу Кубанычбектин кызмат абалынан пайдаланып жасап келаткан киреше булактары булар менен чектелбейт. Ага жана кримчөйрөдөгү өнөктөштөрүнө тиешелүү 50 чакты оор жүк ташуучу автоунаалары бар. Бул унаалар менен Кытайдан эт продукцияларын алып келип, бажы өткөрмө пункттарынан көлөмдөрүн азайтып, жүз миңдеген бажы төлөмдөрүн төлөбөй өткөрүү анын схемаланган, системаланган акча жасоо жолдорунун дагы бири болуп саналат. Тилекке каршы, ушул жерден эле өлкө бюджети миллиондогон сомдук салыктык кирешелерден куржалак калса, бир ууч топ миллиондорго  маарып келишет.  

 

“Чыгыш” бажы кызматынын башчысы Абас уулу Кубанычбектин кызмат абалынан пайдаланып, коррупцияга мойнуна чейин батканын ага тиешелүү кыймылсыз мүлктөр да  далилдейт. Жалаң айлыгына жашап, башка киреше булагы жоктой түр көрсөткөн “Куба миллионго” тиешелүү мүлктөрдүн бажы кызматкерлери билгендерине  гана токтолсок, анын карамагында Нарын шаарындагы эки кабаттуу үй, кафе, Бишкектин элиттик райондорунда бир канча кымбат баалуу батирлери, кымбат баалуу авто унаалары  бар. Бизнес менен алектенбеген, айлыкка жашаган адам  мындай мүлктөрдү сатып ала алабы? Албетте жок.

 

Ошол эле “Чыгыш” бажы кызматында иштегендердин айтымдарында, Абас уулу Кубанычбек чет өлкөлөргө бат баттан чыгып, шапар тээп, көңүл ачып турууну адатка айландырган. Кышында болсо лыжа базасына ат тезегин кургатпай каттап турат. Көмүскө киреше булактары капчыгын кампайтып, көңүлдү куунак кылып турса, эс алып, чер жазганга неге болбосун…

 

Биз муну менен эмнени айткыбыз келди? “Муз ордунан жылды” демекчи, Райымбек Матраимовдун кызматтан бошотулуусу менен Бажы тармагындагы коррупцияга каршы күрөш сөздөн ишке өттү десек болчудай. Бирок дарактын деле тамырынан арылмайынча, ал жашоосун, өсүүсүн уланта берет. Ошол сыңарындай эле Бажы системасындагы коррупцияны жоюп, бул тармактагы көмүскө экономикага бөгөт коебуз десек, анда Райымбек Матраимовдун Абас уулу Кубанычбек баш болгон “куйруктарын” да кызматтарынан кетирип, системадагы тамырлашкан акча жасоочу схемаларга сокку уруу кажет!

 

Андыктан өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы системасын ирээтке келтирип, ал жактагы көмүскө экономиканы ачыктап, коррупциялык схемаларды, каналдарды жок кылам десе, анда өзүнүн кезектеги буйругу менен Абас уулу Кубанычбекке окшогондорду да кызматтарынан кетирип, мыйзам чегинде алардын жоопкерчиликтерин карап, жегендерин кустуруп, уурдагандарын кайтартышы керек. Ансыз Райымбек Матраимов түптөгөн коррупциялык схемалар “Куба миллионго” окшогондордун колдору менен анын пайдасына, өлкөнүн, элдин зыянына иштей берерин бөркүбүздөй көрөлү.

 

Учурдагы өкмөт башчы андай кадамга барып, баштагандарын аягына чыгара алабы?

 

Ариет Жолдошбеков

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж