Кошоматчылык да кесип... 

 

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов: “Алмазбек Атамбаевге Кыргыз эл баатыры наамын бериш керек”- деп айтып оозун жыйганча эле жаңы президенттин биринчи жарлыгы жарыяланып, экс-президенттин төшүнө “Ак шумкар”  атайын төш белгиси төшүнө тагылды.

 

“Ата Мекен” партиясынын ана башы Өмүрбек Текебаевди орго тыгып атса бул эмне деген жорук. Кайсы бети менен айтты, ит, акмак, чочко, ж.б. оозго алгыс сөздөр менен боктоо соцтармактарга батпай кетти.

 

Айрым серепчилердин айтымында сунуштун так ошол “Ата Мекен” фракциясынан айтылышы Алмазбек Атамбаевдин калоосу болгон экен. Эл көзүнө “мына көрдүңөрбү, керек болсо атамекенчилер өзүлөрү сунуштап жатат, демек Текебаев туура камалган, күнөөсү болгон” деген түшүнүктү сиңирүү максатында жасалганы менен, коомчулук ичинде бул иш уюштуруучулар каалагандай натыйжа алып келген жок. Тетири натыйжа берди. Сайдылла Нышановду эле эмес Алмазбек Атамбаевди коштоп сөгүп батырдыгына шек кетип калды. Кыйын кырдаалда үзөнгүлөш болгон соратнигин жазыксыз орго тыкканы аз келгенсип, эми минтип мазак кылып, табалаганы кимге жаксын?

 

Азыр мына Жогорку Кеңешти саясый сойкулуктун эпидемиясы каптап, “мен сойку болот элем” дегендер тизмеге жазылууга куштар болуп турган заман. Бирок, бир караганда оор басырыктуу, артын, аброюн ойлоп иш кылган Сайдулла Нышановдун саясый сойкуга айланып кетишин түшүнө албай аң-таң болгондор андан көп. Кеп чынында бул жаран өз эрки менен көчүк жалаганга батына койо тургандардан эмес, “эл эмне дейт”- деп, уят-сыйытты ойлогон эле неме болчу. Бул өз эрки менен жатып берген жок, кысталып, колго түшүп калды. Текебаевдин жардамы менен бир нече майлуу-сүттүү орундарга отура калып жүргөн кезинде колун чыканагына чейин матырып ийип, кылмыш жоопкерчилигине тартылаары айтылып жүргөнү белгилүү. Анан биздин мыйзам менен эмес, “по понятиям” жашаган өлкөдө жанагыдай колдон колго өтүп колдонулуп, керек болсо камалмак турмак сыйлык – “Даңк” медалын да алып үлгүрдү. Туура түрмөдөгүдөй, карта карызын төлөй албагандарды “опускать” эткендей бу шордуу да ошентип саясий сойкуга айланды. Болбосо бул бала өз эрки менен мындай тагдырды тандай тураган бала эмес эле.

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж