Кетер аяк... 

 

20-ноябрда мөөнөтү бүтүп бараткан КР президенти Алмазбек Атамбаев “Ала Арча” резиденциясында журналисттер менен жолугушту. Президенттин бул маалымат жыйыны бийликтеги алты жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Ага 140тай журналисттер жана саясий серепчилер катышышты.

 

“Бийликтен кетээриме кейимек турсун, жеңилдене баштадым...”

 

“Дарыгерлер саламаттыгым чың, бирок, катуу чарчап жүргөнүмдү айтышууда.  Бийликти тапшыруучу күн жакындаган сайын жеңилденүүнү сезип жатам. Абдан көп иштөөгө туура келди, он экиде уктап, саат таңкы 5те турчумун. Дарыгерлер саламаттыгым чың, бирок өнөкөт чарчоого кабылганымды айтышты. Эми менде уктоого мүмкүнчүлүк бар. Татаал убактар болду, ушундай татаал - кээде согуштун кырына да кептелдик.  Кудайга шүгүр, андан өтүп кеттик”,- деди президент.

 

Айтымында, анын бул кубанычын жубайы Раиса Атамбаева да бөлүшүүдө: “Дача СУда кулаган учактагы жүк менин жубайыма таандык экен деп имиш таратышканда, жубайым ооруканада капельница алганга чейин жетти. Ошондуктан, менин бийликтен кеткениме ал да кубанып жатат”.

 

“Кол чатыр көтөрткөн атка минердин кызматтан кетиши – жетишкендик”

 

“Сиздин алты жылдык ишмердүүлүгүңүздөгү жетишкендигиңиз? Коррупцияны жоюуга күчүңүз жеттиби?”- деген суроо берилди өлкө башчысына.

 

“Коррупцияны тилекке каршы бир да мамлекет түп-тамырынан жоюп сала албайт. Бирок, бизде жетишкендик бар. Бир прокурор жардамчыларына кол чатыр карматып, ага жаанда жашынып турганы үчүн кызматынан айрылды. Бизде азыр такыр башка өлкө”,- деди Атамбаев.

 

Эске салсак, прокурор Нурлан Сулайманкулов кайсы бир иш чарада жардамчысына кол чатыр карматып, өзү жаандан калкаланып турган сүрөтү соцтармактарга жайылган. Бул коомчулуктун катуу талкуусун жараткандан кийин ал кызматынан кеткен. Бирок, көп өтпөй, башка жооптуу кызматка дайындалган.

 

Олигархтар топтолгон, алысты көрө албаган, кыйкырчаак парламент

 

“Жогорку Нарын Каскады курулат,  инвесторлорду табууну өзүм колго алам. Туура кадам жасап атам деп эсептейм. Анын үстүнө кийинки инвесторлорго сабак да болот. Бирөө келди да миллион долларын жоготту. Көп иштер жасалды, бирок дагы көбүн жасоого үлгүрбөдүм”,- деди Атамбаев.

 

Ал жасаган жана жасай албай калган иштери, келечекке пландары тууралуу ойлорун бөлүштү.  

 

“Кийинки жылы бизде Бүткүл дүйнөлүк алтайлыктардын конгресси өтөт, дагы ислам боюнча эл аралык форум да бар. Мен темир жолдун курулуш иштеринин башталышына жардам берем. Керек болсо өз каражатымды кошом, инвестор да табам. “Камбар Ата – 1” тууралуу айтсам, Өзбекстан менен биргелешип курабыз”,- деди ал.

 

“Парламент моделине келсем, Германия туура жол менен баратат. Азыр курултайлар өтүп жатат. Бирок, бул жерде шашылуунун кереги жок. Дүйнөнүн өнүккөн 53 мамлекетинин 51и парламенттик башкарууда. Бир гана АКШ, анан дагы кайсы бир өлкөлөр дагы деле президенттик башкарууда. Велосипедди ойлоп таппай, герман моделин алуу керек.

 

Биздин парламент чындыгында, олигархтардын парламенти. “Республика - Ата Журтту” карап көргүлө. Тизмеде башкалар да, парламентке келгендер башкалар. Тизмеден ар башка улуттагы фамилиялар, интеллигенция болчу. А жыйынтыгында кимдер келишти? Шагыраган олигархтар”,- деди.

 

Президенттин баалоосунда кыргыз парламенти “арканды узун таштабайт”.

 

“Парламентте алысты көрө албаган адамдар отурушат. Кеп эмне тууралуу болуп жатканын билбей эле кыйкыра беришет. Мисалы, депутат Жамалдинов жол курууга насыя албай, өз күчүбүз менен курушубуз керек деп жатат. Бул мүмкүн эмес да. Анан дагы ал жакта отурган үч тегирменчинин айынан бюджет миллиард сомго зыян тартты жана грант ала албай калды. Бирок, ага карабастан парламентти таркатууга каршымын”,- деди.

 

“Жээнбеков жоош эмес, ачуусуна тийсеңер эшикке кубалайт”

 

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго да токтолду: “Жаңы президент тууралуу айтсам, 22 жылдан бери биргебиз, аны үйрөтүүгө зарылчылдык жок, бирок, кээде жардам берем. Менин чет өлкөлөрдө байланыштарым бар да”.

Ал эми: “Жээнбековду абдан жоош адам деп айтышат, мамлекетти башкара албайт да дешет. Ушундайбы?”- деген суроого, Атамбаев мындайча жооп кайтарды: “Мен андай пикирлерге кошулбайм, Жээнбеков жоош эмес. Ал ачууланганда “чык эшикке” деп кубалап чыгышы мүмкүн. Ал өзүнүн бир тууган агасын ректорлуктан алып койгон, ал азыр каза болуп калды. Жээнбеков таза адам”.

 

Бабанов тууралуу: “Максимчикти ээрчип жүрүп, “бактерияларды” жуктуруп алыптыр”

 

“Бабанов Он-Адыр айылында айтаарын айтты, аны айтууга эч ким мажбурлабады. Ак калпак кийип алып өлкө тууралуу ойлорун айтчу, а чыныгы оюн Он-Адырдагы айтылгандарынан көрдүк. Ал келечектүү жигит болчу, өз жолу менен жаман иштерге ниет кылбай, кете бергенде баары башкача болмок. Исаев кылган иши үчүн отурат. Документтер бар. Ошол күнү, Бабанов акчаны сапырганда, атайын кызматтын полковниги курал сатууга аракеттенгени үчүн кармалды. Бизге ушул керек беле? Же ушундай күндөрдү сагынып калыптырбызбы? Эгер Бабанов Айдарчик жана Максимчиктер менен байланышпаганда, анда түзүк жигит болуп, алыска кетмек. Жолу менен баса берсе болмок да, башка өлкөнүн президенттеринен бата албай. Башкаларга тизе бүгүп, казак олигархтарына сатылбай жүрө берсе болмок да. Ал өз элине каршы сүйлөгөндө Кудай аны жазалады. Максим Бакиев менен чогуу жүргөндө бактерияларды жугузуп алган окшойт”,- деди. 

 

Мөңгү тууралуу: “Алар “Кумтөрдүн” айынан эмес, глобалдык жылуулануудан ээрип жатат”

 

Атамбаев парламенттин мөңгүлөрдү канадалык компаниянын  иштетүүсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдогону тууралуу берилген суроого “мөңгүлөр ансыз да ээрип жатканын, ага “Кумтөр” айыптуу эместигин” белгиледи.

 

“Кечээ мага бул мыйзам долбоору эксперттердин корунтундусу менен келип түштү. Мен СССРдин мөңгүлөр боюнча катологун да карадым. Биздин аймакта 6771 мөңгү катталыптыр жана алар “Кумтөрдүн” кесепетинен эмес, глобалдык жылуулануудан ээрип жатат. Мисалы, Давыдов мөңгүсү жалпы мөңгүлөрдүн 0,014%ын түзөт. Алар 23 жыл мурда иштетилип баштаган. Мени ачыгын айтсам, тик урчук мөңгүлөр чоочутууда. Кумтөрдө көп жолу болдум, анда тазалангандан калган суулар көлгө айланган”,- деди Атамбаев.

 

Ошондой эле, мамлекет башчысынын пикиринде, Кыргызстан дайыма “Центерранын” акционери болушу керек. Алар экологияга акча бөлүүнү 10 эсе көбөйтүштү.

 

“Дагы бир жолу кайталайм, бул эки мөңгүнү 23 жыл мурда иштетип башташкан. Биз аракетибизди “Центеррадан” экологияга мындан да көп каражат бөлдүрүүгө жумшашыбыз керек. Анткени, кислота көлү калып атпайбы. Алар мындан акча жасап жатышат. Бирок, муну дагы да жакшылап карашым керек”,- деп жыйынтыктады сөзүн өлкө башчысы. 

 

Кадр саясаты жана  КСДП тууралуу

 

Президенттиктен кеткенден кийин да эгер зарылчылдык жаралса, кадр саясатына аралаша турганын билдирди. Айтымында, бийликтен кеткенден кийин эки-үч жума уйкусун кандыра уктап, анан КСДП партиясын күчтөндүрүүгө киришет.

“Кадр саясатына келсек, менин досторум көп, эгер жардам керек болсо, берем. Парламенттик шайлоого КСДПны даярдайм. 1-декабрга алар сьезд өткөрүүнү сунушташты, бирок, мен бир-эки жума эс алып, уктайын деп жатам. Анан партиянын жаңы курамы менен алектенем. Мындан мурда бул маселеге аралашпаган элем”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

 

Казакстан тууралуу: Ички иштерибизге мурундарын салбай турган болушту

 

Астана менен мамиле жөнгө салынаарын президент белгиледи. Ошол эле убакта “аларга өздөрүндөй жооп кайтарып туура кылдык”- дейт. 

 

“Биз туура кылдык. Бул келечекке сабак болот. Парламенттик, президенттик шайлоодо мамлекеттин ички ишине мурундарын салбай турган болушат. 2010-жылы Казакстандын УКМКсынын кеңешчиси парламентке келип, акча таратканы эсимде. Кийин биз ага биздин мамлекетке келүүсүнө тыюу салганбыз. Отунбаева 2010-жылы Казакстанга барып, сүйлөшүү керек деген. А мен эки күндө сууну бууп, маселени дароо чечкеним эсимде турат. Жазга эки жарым ай калган. Досум Владимир Путин менен сүйлөшүп, бул бизге эмнеге керек болуп калганын түшүндүргөм. Бизге 2,5 миң жыл толду. Алты жылда эки тоскоолдук. Муну да жеңебиз. Бирок, кандай мамиле кылышса, ошондой жооп берүү керек. Айкидогудай кылуу туура: сени түртүшөт, сен да жооп катары түртөсүң”, - деди.  

 

“Кечирим сурайм!”

 

“Урматтуу журналисттер, мени кечиргиле. Кийинки президент бир топ дипломат болуп, силерге да бир топ дипломатиялуу жооп берет деп ишенем. Нерв деген темир эмес экен,   силерге катуу тийген учурларым болду, бир гана силерге эмес. Мен өтө эле эмоционалдуу сүйлөйм. Туурабы, туура эмеспи, баары бир айтам, кечирип койгула. Жетишкендиктеримдин бири бул – бизде атка минерлердин баары коомчулуктун пикири менен эсептешип калды.

 

Азыр капа болушуңуздар мүмкүн. Бирок, Христос “Адам биринчи өзүнүн карегин тазалашы керек” деп айткан. Жандүйнө сокуру болбойлу. Жандүйнөнүн сокуру болуу-чыныгы майыптык.

 

Силерден суранаарым жаңы президентти колдогула. Анын укуктары меникинен аз. Меники да Отунбаеваныкынан аз болду. Жаңы Конституция күчүнө 1-декабрдан кирет”, - деди Атамбаев эки жарым саатка созулган маалымат жыйынын жыйынтыктап жатып.  

 

Булак: “Майдан.kg гезити