Чектен чыкпай эле койбойлубу? 

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Жеңишбековна Салянованын жалгыз бир тууган инисинин өлтүрүлүшү боюнча “Ата Мекен” саясий партиясынын жана парламенттик фракциясынын билдирүүсү

 

“Ата Мекен” саясий партиясы жана парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Жеңишбековна Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү саясий өңүттөн, оболу маркумдун эжесинин саясий көз карашы жана буга чейинки эмгек жолуна байланыштуу болушу мүмкүн деп билдирет. Муну бир катар талашсыз фактылар менен шарттар тастыктап турат.

 

Улан Салянов эч качан коомдук саясат менен алектенип, эжесинин саясий көз карашы жана позициясы менен бөлүшкөн эмес. Аида Салянованын жалгыз иниси бизнестин өкүлү эмес, андыктан кандайдыр бир акча кызыкчылыгы болгон деген терең жаңылыштык.

 

Улан Салянов үй-бүлөнүн камкор башчысы, Көк-Жар конушундагы курулушу бүтө элек чакан үйдө эки уулун тарбиялаган.

 

Биринчиден, анын жогорудагы үйү менен майга үнөмдүү автоунаасынан башка менчиги жок.

 

Экинчиден, орто турмушу бар бирөөнүн үйүнө куралдуу кол салуу тууралуу айтууга болобу? Андайды көздөгөндөр курулушу бүтө элек, дарбазасы жок дубалды көргөндө эле кимдер жашаарын дароо билмек.

Үчүнчүдөн, 2017-жылдын 5-ноябрынан 6-ноябрга ооган түнү болгон куралдуу кол салууну өз ишин билген, атайын даярдалган адамдар жасаган.

 

Мындай иш бир гана максатты – Аида Салянованын бир тууган, жалгыз инисин өлтүрүүнү көздөгөн деп ойлойбуз.

 

Муну кылмышкерлердин үйгө беткапчан жана аскерий камуфляж кийип кирип келгени далилдеп турат. Алар баалуу буюм-тайымга тийишкен эмес. Үйдүн ичин тинтип, бир нерсе издешкен эмес.

 

Төртүнчүдөн, Аида Салянова Кыргыз Республикасынын баш прокурорунун кызматында турганда анын өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар бир нече ирет болгон. 2014-жылдын 18-сентябрында Мамлекеттик резиденцияны кайтарган Улуттук гвардиянын жоокерине кол салгандар Аида Салянованын кайсы үйдө жашарын көрсөт деп талап кылышкан. Бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдары ал окуя боюнча эч кандай реакция жасабаганын белгилей кетүү керек.

 

Оппозициялык депутат Аида Салянова укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү жалган жерден токуган кылмыш иши боюнча беш жыл эркинен ажыратылгандан кийин дагы чүнчүп, же өз позициясын өзгөрткөн жок.

 

Тилекке каршы Кыргызстандын саясий айдыңында саясий оппоненттерди коркутуу тажрыйбасы кайталанып жатат. Медет Садыркулов өлтүрүлгөндө бакиевдик режимдин коомчулукка жана медиа каражаттарына жол кырсыгы болду деп “таңуулаганы” буга айкын мисал.

 

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бул атайылап өлтүрүү болгону ачыкка чыкканы менен ага буйрук бергендер жана аткаргандар эмдигиче эркиндикте жүрүшөт.

 

Ачык оппозиция менен саясий оппоненттердин айрымдарын жок кылуу коркунучу бүгүн да өкүм сүрүүдө. Бул жаатта партиянын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов кармалган шарттарды айта кетсек болот. Ушул тапта Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрүнө, саламаттыгына чындап коркунуч бар деп айтууга толук негиз бар.

 

Алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча алар дагы уюшкан кылмыштуу топтун колу менен жок кылынышы мүмкүн.

 

Андыктан “Ата Мекен” саясий партиясы жана парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бул кылмыштын бети толук ачылып, кандайдыр бир коркунуч жоюлмайынча өлкөнүн мурдагы баш прокурору, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Аида Салянованын жана анын үй бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоону, ошондой эле түзөтүү колониясында Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрү менен саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылабыз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити