Мезгил үнү 


Саясатчыларыбыз оголе көп. Бирок эки эле түрү бар. Жаӊы чыгып келе жаткан саясатчыларыбыз, анан ашмалтайы чыгып бүткөндөр. Биз ушул экинчи топко кирген анык ашмалтай саясатчыларыбызды бир аз сын күзгүдөн карап көрөлү дедик. Алар оголе көп экен. Кимисинен баштаарды билбей атсак эле алдыга адыраӊдап Мадумаров суурулуп чыкты. Анда кеттик, “Кыргыздарга ажо болмокчумун” деп ээлигип, элди түрө кыдырып жүргөн Адахан мырзаны сын күзгүдөн сыдырып көрөлү.

 

Адахан Кимсанбаевич Бакиев качып кеткен соӊ “Бүтүн Кыргызстан” деп партия түзүп жибербеди беле. Анысы менен шайлоого да катышып көрдү. Аброй, деӊгээлин көрдүк. Ашууда “жинигип” кала берди. Эми да ошол партиясын апендинин кызындай мактап, анысынын атынан ажолукка аттанып, эл кыдырып жүрү. Жүрсүн, чыксын, ага да мейли. Бирок кайсы бети менен, ыя? Кезинде Бакиевдин токолунан туулган уулунун атынан коюлган “Ак Жол” партиясынын камчысын чаап, ЖКга спикер болуп олтурган Мадумаров кыргыз жеринин ар кайсы жерин “үзүп, кертип, тешүүгө” эбегейсиз зор салымын кошту. Аны кыргыз тарыхы түк унутпай эстей жүрөт. ЖК төрагасы кезинде “ак-жолчуларды” айдактап жатып касиеттүү “Каркыра” жайлоосун кайын журту казак элинин кызыкчылыгына чечип берди. (Жубайы Агилаш казак кызы). Аны менен эле токтобой Ысык-Көлдөгү аттуу-баштуу төрт пансионатты 49 жылга ижарага бердик деген шылтоо менен ошол эле казактарга белек кылып берүүдө Мадумаровдун “эмгеги” зор. Кыскасы, Кыргызстандын ар кайсы жерин, бөлүп-жарып “тешкилегендердин” алдыӊкы катарында Мадумаров деген эрен да бар десек куп жарашат.

 

Анан да “көрөсүздөр, буюрса ушундай бир күндөр келет. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы совет мезгилиндеги компартиянын ордун ээлеген партия болот”- дейт. Эмне себептен партиясын “Бүтүн Кыргызстан” деп атагандыгына баш оорутуунун кажети жок. Бир кездери “өзү тешкен” Кыргызстанды кайсы жүзү менен бүтүндөгөнү жатканына да таӊмын... Ошондой эле эл уулу экен, бөлүнгөн элди бүтөөчү бүтүнчүл экен, 7-апрель курмандыктарына бир басып барып көӊүл айттыбы? Аны эч ким көргөн жок. Тескерисинче, “7-апрель революция эмес. Куралдуу каракчылардын бийликти басып алуусу. Бийлик ал баскынчыларга Баатыр деп орден берип атат. Андай орден мыйзамда жок. Бул мыйзамсыз. 7-апрелде келген каракчылардын декреттерин жокко чыгаруу керек”,- дейт. Мына Мадумаровдун анык жүзү.

 

Кезегинде  Бакиевге катуу жагынып, “мен Курманбек Салиевичти урмат сый менен Кыргызстанга алып келем”,- деп, эл алдында атырылып да сүйлөп чыкты. Ынтымак, кут жөнүндө өтө кооз сүйлөп коймою бар. Бирок, “Бакиевди сыйлап алып келем, апрелдегилер баатыр эмес, каракчыла”» деп айткандары элди эки жаат кылып бири-бирине тукуруп, кайраштырып, ичтен иритүү эмеспи?

 

Баса, бир ирет “президенттик шайлоого катышасызбы?” деген суроого сыпайы гана “тыйын жок” деген эле. Туура, Мадумаровдо тыйын жок. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, айлык менен жашап келсе, бизнес кылбаса, кино тартып, китеп жазбаса анан кайдан тыйын болмок эле. Бул жагынан чындыкты айтты. Бирок, “тыйын жок” деп атып эле акыры ажо жарышка аттанып, Кыргызстанды түрө кыдырып жүрөт. Мунун баарына оголе чоӊ каражат кетээри бештен белгилүү эмеспи. Бул жагы кантип калды анда, Адахан Кимсанбаевич?

 

Баса, бир учурлары элетте ээлигип жүргөн күндөрү эл алдына чыгып алып, “Отунбаева кыргыз тарыхында өзүн-өзү президент шайлап алган (самозванка) аял катарында калат”,-деп саймедиредиӊиз эле. Нострадамус болуп бараткан жоксузбу, Адахан Кимсанбаевич? Келечекти алдын ала көрүп, билип атыпсыз. Ошол эле сиз айткан “самозванка” Отунбаева экөөӊүздөр кандай мамиледе элеӊиздер? Эсиӊизге салалык. Анда 2005-жылдын алгачкы айлары эмес беле. Жогорку Кеӊештин үчүнчү чакырылышына шайлоо жүрүп жаткан кез. Адаттагыдай кичи мекениӊиз №37 Куршаб шайлоо окуругунан талапкер болгонсуз. Эстеп жатасызбы, Адахан мырза? Ошондо үгүт учурунда, Роза Отунбаева аял башы менен Өзгөндү түрө кыдырып элди Мадумаровго үндөгөн эле. Ошондогу Роза эжекеӊиздин “Айланайын эл журт, уулуӊарды колдоп койгула, мындай жигит кылымда бир жаралат, ушундай курч жигитиӊер силердин колдоого муктаж болуп турган кез” –деп айткан үгүт сөздөрүн эл унута элек. Атургай Роза Исаковна Окружкомду үч күн бою тегерене, айланып басып сиз үчүн оголе жан үрөп иштегени да бар. Кандай адам экениӊизди ачып берүүгө ушул эле мисал жетишсе керек. Же макул эмессизби?

 

Эгер сиздин ар бир айткан сөздөрүӊүздү тизмектей берсек, анда ал өзүнчө китеп болуп чыгаары турган иш. Азырынча ушул үчөөнү сиӊире туралы. Ток этээри, кыркыӊызда кылыч чабалбадыӊыз  эле, эми “эл башкарып жыргатам” дегениӊиз кызык болуп туру!

 

Автандил Асыранов

Булак: “Майдан.kg”