Президент Алмазбек Атамбаев 10-11-октябрга пландаштырылган Сочи шаарына жумушчу сапарына барбай турган болду. Анын ордуна ѳкмөт башчысы Сапар Исаков баштаган делегация жөнөп кетти.  

           

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, айрым саясатчылар криминалды колдонуу менен шайлоо күнү массалык мыйзам бузууларды уюштурууга даярданып жаткандыгына байланыштуу А.Атамбаевдин Сочиге иш сапары болбой калды.

 

Мурдараак президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда алдыдагы шайлоо тууралуу бир катар тынчсызданган ойлорун айткан. Ал негизги байлыгыбыз – туруктуулук жана  Кыргызстан элинин биримдиги экендигин баса белгилеп: “Бизде бир дагы жаран тизелеп жашаган эмес, жашабайт дагы. Биздин өлкө эркин адамдардын өлкөсү. Бизде өлкөнүн бардык кирешеси мамлекетке  жумшалып жатат. ИДПнын көлөмү менен эмес, үй-бүлө кландары  бөлүп алып жаткан миллиарддар  менен эмес, канча мектеп, канча жол салынганы менен мактаныш керек”, -деген болчу.

 

Президенттин бул сөзүнөн улам анын кээ бир талапкерлердин ачык эле добуштарды сатып алууга, коомчулукту козутуп, массалык башаламандыкты уюштурууга тымызын аракет кылып жаткандыктарына кабатыр болуп жатканы билинип турат. Мамлекет башчысы айрым президенттикке талапкерлер үчүн Кыргызстан коммерциялык комок сыяктуу экендигин айтып, “Мен баары бир таза шайлоолорду өткөрөм!”, - деп катуу эскертти.

 

А.Атамбаев мындан тышкары айрым талапкерлер менен шайлоодон кийин катуу сүйлөшөрүн, эч кимди аябай турганын билдирген. Ошондон бери президенттик так көзүнөн учуп тургандар катуу ойлонуп калышты. Бирок жер-жерлерде шайлоочуларга ай-жылдызды убада кылып, эптеп өздөрүнө тартуунун камын көрүшүүдө.

 

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы президентикке талапкер Ө.Бабановго кабаттап эскертүүлөрдү берип жатат. Эскертүүлөр калыӊдап кетсе бул амбициясы асмандаган олигарх президентикке талапкер катары катышуудан алынып салынышы да ыктымал. Ө.Бабановдун мындай мыйзам бузган аракеттери коомубуздун акыл-эстүү өкүлдөрүн да бушайманга салып, анын талапкерлигин президенттик жарыштан алып салуу керектигин талап кыла башташты. 

Ө.Бабановго эскертүү берүүлөрдүн таржымалына көз салсак, биринчисинде мыйзам жол бербегенине карабай белгилүү диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүтчү кылып алганы болду. Дин ишмерлери шайлоо үгүтүнө катышпай тургандыгын Ө.Бабанов билбей коюптурбу? Балээдей эле билген. Болгону ал аркылуу динге ишенген, саясаттан алыс, пакиза адамдарды тымызын өзүнө тартуу аракетин көргөндүгүн байкап турабыз. Эптеп эле шайлоодон утуш үчүн азезил, албарсты болсо деле алдына чөгөлөөгө даяр Ө.Бабанов бу шайлоодо экинчи бир сыналган өнөрүн  - ачык эле акча таратууга маштыгын көрсөтүүдө. Акыркы жагдайды алсак Ош шаардык соту Ө.Бабановдун атынан акча таратып жаткан жарандар боюнча өкүмүн чыгарып, анда бул ишке кириптер болгон жарандар кылмыштарын мойнуна алышты.

 

БШК дал ушул факт боюнча катаал чараларды көрбөй Ө.Бабановго эскертүү берүү менен чектелип тим болушканы элди ойлонтууда.

 

Эми бардыгын элдин добушу чечет. Буга байланыштуу А.Атамбаев:  “Биздин келечегибиз нефти жана газ эмес,  адамдарыбызда. Биздин келечегибиз  - калыс бийлик, адилеттик. Сиздер буга көнгүлө. Кантип эле  бизге мурдагы мезгил керек болсун? Кайрадан кан төгүлсө жакшыбы?  Кандай добуш берсеңиздер ошондой болот. Бүгүн өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда”, -деген сөзүн айтты.

 

А.Атамбаев Сочиге барбай, шайлоо алдындагы кырдаалга бекеринен көз салып турган жери жок. Анткени шайлоо алдында жана шайлоодон кийинки эл арасындагы тынчыкты, саясий туруктуулукту сактап калуу өтө маанилүү. Себеби шайлоодо биринчи турда эле утулуп калаарына көзү жеткен, акчаны самандай сапырып чачып алган айрым талапкерлер өлкөбүздөгү туруктуулукту бузууга аракет кылаары, ар кандай чагымдарды уюштура тургандыгы күтүлүүдө.

Ошол эле учурда А.Атамбаев айрым саясатчыларга буга чейин жумшактык кылып келгенин, шайлоодон кийин алардын ар бири менен катаал сүйлөшө турганын, кээ бирлеринин жамбашына темирди кызартып басуу зарылдыгын  айтты. Бул шайлоого катышып жаткан талапкерлерге катуу эскертүү болуп саналат. Кокус шайлоону шайтан оюндарына айлантам десе жазадан кутула албай тургандыгы белгилүү болуп калды.

 

Ошондуктан Ө.Бабанов шайлоодон кийин жеӊилүү ызасын элден чыгарып, аларды көчөгө алып чыгып убалына калбаганы жөн. Экинчи жагынан шайлоо учурунда анын айрым көмүскөдөгү былыгы чубалып чыгып (М: АКБ “Кыргызстан” банкына байланышкан ж.б. иштери) көпчүлүктүн ушинтип айтылган боюнча кала береби деген суроосун пайда кылууда.

 

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков анын күтүүсүз байып кетишинин себептери боюнча ага 25 суроосу бар экенин, Ө.Бабанов ал суроолорго айлап-жылдап жооп бериши керектигин айткан. Атүгүл корупция менен күрөштү Ө.Бабановдун өзүнөн баштаарын айтып жүрөгүн түшүргөн. Мунун баары Ө.Бабановдун айласын кетирүүдө. Ал ушул шайлоодо эптеп жеӊишке жетүү үчүн ар кандай арам иштерге баруудан тартынбай деле калды. Сыягы 15-октябрда аны шайлабай коюп, жазасын эл берет окшоп калды...

 

Булак: “Майдан.kg”