Атайын иликтөө 

 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен 142 миллион сомго сатылды.

 

Утуп чыккан “ВостокТехКомплект” компаниясы тууралуу маалымат аз. Коомчулук өкүлдөрү мамлекеттин карамагына өткөн “ал мүлктөр жең ичинен дүңүнөн бааланып, өтө эле арзанга сатылып кетти”- деп кабатыр. Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун жетекчилиги болсо, бул улутташтырылган объекттер буга чейин тогуз жолу сатыкка чыгарылып, бирок сатылбай келгендиктен алардын сатык наркын көз карандысыз кыргыз баалоочуларынын коомдук бирикмеси баалаганын билдирди.

 

Аты белгисиз компаниянын утушу

 

Жакында мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагындагы “Идеал-Хаус” компаниясына караштуу, толук бүтпөгөн 48 коттеджден турган VIP-шаарча 12 гектар жер аянты менен ачык аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Бирок буга чейин аталган улутташтырылган мүлктөрдүн сатыкка коюлуп, бирок өтпөй жатканы боюнча маалыматтар чыкканы менен соңку аукцион тууралуу кабар коомчулукка көп белгисиз болгон.

 

Бул аукционго “ВостокТехКомплект” жана “Бизнес Про” компаниялары катышкан. Анда баштапкы баа 130 миллион сомдон башталып, 142 миллион сунуштаган “ВостокТехКомлпект” компаниясы жеңүүчү деп табылган.

 

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

 

“ВостокТехКомплект” компаниясы мейманкана ишкердиги менен алектенген Айбек Сатиев аттуу жаранга катталган. Бул компания Юстиция министрлигинен 2017-жылдын 8-сентябрында кайра каттоодон өтүп, анын дүң соода менен алектенери көрсөтүлгөн. Интернет булактарында анын былтыр 245 сом таштанды акысын төлөгөнү гана көрсөтүлгөн.

 

“Жаңы муун” жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлян Аскарбеков ал адамдын артында башка бир таасирдүү күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт: “Ал утуп чыкты деген адам бул жерде мааниге ээ эмес. Себеби анын артында бүгүнкү бийликте турган бирөө турганы айтпаса дагы түшүнүктүү же болбосо, бир тобу турушу мүмкүн. Учурунда улутташтырылган мамлекеттин мүлкүн мына ушундай жол менен жети жылдан бери жең ичинен өздөрүнө өздөрү саткан өнөкөт күч алган. Эгерде андай болбосо мына ошол мүлктөрдү дүңүнөн арзан баалап, соодалабай, ачык аукцион аркылуу бөлүп-бөлүп сатса мамлекетке дагы пайда болот беле. Анда ошолорду сатып алууга кызыкдар адамдар дагы көп болот эле. Үч ай мурун аукцион болорун жарыялап, ар бир коттеджди жер тилкеси менен баалап, жарыяласа, анан ар бирин өз-өзүнчө сатыкка чыгарып туруп, ошол күнү элди ал үйдүн жанынан чогулуп туруп эле, аукционду түз эфирде чагылдырып, катышуучулардын баарын толугу менен каттап туруп, ким көп акча сунуштаса, ошого бергенде адилеттүү болмок. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке дагы чоң каражат түшмөк. Азыр эми жең ичинен белгисиз бир компанияга ит бекер акчага сатып жиберишти. Аукциондун өтөрүн дагы эч ким билген жок. Эгерде бир бирден сатканда аны сатып алууга кызыкдар тараптар дагы көп болот эле. Буга окшогон мүлктөр АКШда жана Европода мына ошондой жол менен сатылат”.

.

“Нааразылар өздөрү сатып албайт беле”

 

Бирок өкмөттүн улутташтырылган мүлктөрдү сатуу программасын аткарып жаткан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун аракетин колдогон тарап мындай дооматка макул эмес. Анткени Жогорку Кеңеш 2010-жылы мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн мүлктөрдү сатып өткөрүп, андан түшкөн акчаны мамлекеттин өнүгүүсү үчүн каржылоого жумшоо максаты коюлганын айткан айрым депутаттар өкмөт мына ошол парламент тарабынан коюлган мамлекеттик тапшырманы гана аткарып жатканын белгилешти. Анан калса буга чейин аукционго коюлуп, өтпөй калып, кайра улам сатыкка чыгарылган мамлекеттик объекттердин баасы ар бир тендер жарыяланып, сатылбай калган сайын улам 10 пайыздан арзандатылып отурат.

 

Бул менчиктештирүү тууралуу мыйзамдын талабы экенин айткан Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев аталган объектилерди сатып алууда соттошууга байланыштуу тобокелчиликтер бар экенин дагы эстен чыгарбоо зарылдыгын айтып, ал коттеджердин арзандатылып сатылышын объективдүү себептер менен байланыштырды: “Буга чейин баарына эле белгилүү мына ошол объекттерди сатуу боюнча тендерлер бир нече жолу болуп, бирок алар сатылбай келген. Ошондой эле кыйын экен "коттедждер арзан сатылып кетти" деген адамдар ошол аукционго өздөрү барып катышып, кымбат сатып алышпайбы. Бизде бир жаман адат болуп калды. Кайсы бир мамлекеттик мүлк сатылып жатса эле "ал арзанга кетти" деп эле ызы-чуу чыгарып, саясий упай топтогусу келгендер көбөйдү. Эми алардын ою менен болуп, ошол мүлктөрдү сатпай коюш керекпи? Болбосо ошол алды-саттыга ичи чыкпай жаткан тараптарды чакырып туруп, "кымбат баага сатып алгыла" деп алардын өздөрүнө сунушташ эле калды го. Бир нерсе болсо эле негизи барбы же жокпу карап отурбай эле, чукулап турганга кызыкдар болгон адамдар пайда болду. "Мегаком" сатылганы расмий жарыяланып, келишим бекитиле турган болсо дагы мына ошентип кыйкырып чыгышары белгилүү болуп калды. Бул жерде реалдуулук башка да. Ооба, мага дагы мына ошол коттедждер арзаныраак баага сатылгандай көрүндү. Бирок бул жерде буга чейинки тендерлерде ал объекттер өтпөй, улам баасы түшкөнүн жана аларга байланыштуу соттук иштер бар экенин дагы эске алууга туура келет. Соттошуу маселеси болгону үчүн дагы аны сатып алган тараптын тобокелчилиги бар экенин унутпоо зарыл”.

 

Эки бөлмө батирдин баасы

 

Ошентип Бишкектин жогору жагындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан жерде Бакиевдер тарабынан түптөлгөн VIP шаарчанын азыркы учурдагы базар баасын айтпаганда дагы, мындан сегиз жыл мурунку сметалык чыгымынан дагы арзан баага сатылып кеткени айрым коомчулук өкүлдөрүн кабатыр кылды.

 

Ошентип элиталык үлгүдө салынып башталып, бирок толук курулуп бүтө элек 48 коттедждин ар биринин баасы 2 миллион 958,3 миң сомго же 43 миң АКШ долларына бааланганы белгилүү болду.

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жака белиндеги кадыр-барктуу райондун аймагына курулган кымбат баалуу коттедждердин ар биринин баасы кандайча бааланганы боюнча төмөндөгүчө салыштыруу жүргүздү: “12 гектар жери менен элиталык класста курулган 48 коттедж болгону мына ошол баага гана сатылды. Андан башка мына ошол объекттерге дүңүнөн болсо дагы жогору баа берген эч ким болбоду дегенге эч ким ишенбейт. Азыр үй алам деп жүргөн адамдар 43 миң доллар акчага кандай үй келерин билишет. Кеңири жер тилкеси менен аянтынын чарчы метри аябагандай чоң толук бүтө элек элиталык коттедждин баасы ремонту жасала элек эки бөлмөлүү батирдин наркына туура келет экен. Анан эми ал жердеги коттедждер 50-60 чарчы метр аянтка курулган кадимки чакан үйлөр эмес да. Ал аз келгенсип ар бир коттедждин 25 сотыхтан жери менен кетип жатпайбы. Мына ошол жер тилкесинин эле баасын эсептеп чыкканда ал базар баасына туура келбей калып жатпайбы. Бизде көптөн бери мамлекеттин мүлкүн мамлекеттин кызыкчылыгына карата эмес, өздөрүнүн чөнтөгүнүн пайдасына карап сатуу өнөкөт болуп калды. Буга окшогон объекттерди сатуу боюнча сынак жарыялап, анан аны улам жасалма түрдө үзгүлтүккө учуратып отуруп, башка бирөөлөрдүн катышуусун чектеп жүрүп, акыры өздөрүнө караштуу бир адамга арзан баага сатуу боюнча мурдатан иштелип чыккан көмүскө схемалар бар экени эбактан бери белгилүү”.

 

Арзан баалоо аракеттери качан башталган?

 

Мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык деген негизде 2010-жылы улутташтырылган “Идеал-Хаус” жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу 48 элиталык коттеджди 12,4 гектардан ашуун жери менен арзанга баалап, сатып жиберүү аракети алгачкы жолу 2012-жылы байкалган. Анда объекттерди сатыкка чыгаруунун астында “Славянский Восток” деген баалоо компаниясы ал VIP-коттедждер шаарчасын болгону 58 миллион сомго баалаган.

 

Андан кийинки “Капитал Плюс” деген компания болсо анын наркын 88,5 миллион сомдон ашырган эмес. Мына ошондо парламенте мунун артында бийликтеги бир үлкөн аткаминер турганы боюнча "чуу" чыгып барып токтогон. Мына ошол учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул мүлктөр жасалма түрдө арзандатылганын аныктап чыгып, бирок бул боюнча кылмыш иши козголгон эмес.

 

Учурунда антикоррупциялык ишкер кеңеш бул объекттердин баасын аныктоо жана коррупциялык тобокелчиликтерге каршы туруу боюнча мониторинг жасаган. Анын эксперттик тыянагы боюнча 2009-жылдагы курулушка кеткен сметалык чыгымдарды жана жердин баасын эсептегенде, бул комплекстин чыныгы баасы 776 миллион сомго барабар экени көрсөтүлгөн болчу.

 

Бакиевдердин "мурасы"

 

Бул VIP-шаарчаны куруу үчүн 2008-жылы жети миңден ашуун түп алма бак кыйылган. Андагы элиталык коттедждер мурдагы биринчи айым Татьяна Бакиева, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Искендер Бакиев сыяктуу Бакиевдердин үй-бүлө-мүчөлөрү үчүн курулганы тергөө материалдарында көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу тергөө ишинде VIP-комплекс мурдагы президенттин жакындарынын коопсуздугу үчүн керек болгону баяндалган.

 

“Идеал-Хаус” компаниясы аларды акысыз куруп берип, анын акысына калган коттедждерди куруп, башка бир үлкөндөргө сатып өткөрмөк экен. Бирок алардын бул планын 7-апрелдеги кандуу окуя таш каптырган.

 

Мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов ошол кылмыштуу мүлктөрдү сатып өткөрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгы бул жолу дагы эске алынбай калды деп эсептейт: “Негизи бизде Акаевден калган мүлктү Бакиевдин адамдары колтукка кысып, басып алган, алардан калганын Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кармап отуруп, мына эми азыркыдай кылып арзанга сатып жиберген адат калыптанып калды. Бул объекттер ээси жок буюмдай болуп жатпайбы. Мына ошолордун ээлери качып кеткен "эми биз аларды эмне кылсак боло берет" деген түшүнүк орун алып турат. Келген эле бийлик кеткен бийликтин каткан-кутканын кымтып калып эле аларды сатып жан бага берсе мамлекет "мамлекет" болбой калып жатпайбы. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Шайлоо өтүп жаткан маалда көпчүлүк бул алды-сатты тууралуу жакшы түшүнүп, билип-билбей деле калды. Анткени көпчүлүк адамдар шайлоо менен алек болуп калышты”.

 

Багы ачылбай келген баалуу мүлктөр

 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанындагы VIP-коттедждер шаарчасы 2015-жылы 5-октябрда дагы бир жолу сатыкка коюлуп, бирок анда дагы тендердин шарттарына ылайык келген потенциалдуу сатып алуучулар чыккан жок деген негизде улутташтырылган мүлктөр сатылбай калган эле. Мына ошол үчүнчү ирет сатыкка коюлганда бул комплекстин старттык баасы 242 миллион 362,8 миң сомдон башталган болчу. Бирок мына ошондон жогору баа берип, аны сатып алууга кызыкдар тараптардын болбогону жана соттук иштердин бар экени аукциондун ийгиликтүү өтпөй калышын шарттаган. Бул тууралуу айткан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча мамлекеттик фонддун төрагасы Болсунбек Казаков жалпысынан бул улутташтырылган объекттерди сатуу боюнча тогуз жолу ийгиликсиз аукцион өткөнүн билдирди.

 

Бул жолу аталган фонддун буюртмасы менен “Идеал-Хаус” комплексинин сатык наркын көз карандысыз “кыргыз баалоочуларынын коомдук бирикмеси” аныктаган. Анын негизинде бул жолку аукциондо анын старттык баасы 130 миллион сомдон башталган.

 

Болсунбек Казаков комплекстин 142 миллион сомго сатылышын буга чейинки ага карата берилген бааларга жана түшкөн суроо-талаптарга салыштырмалуу бир топ эле ийгиликтүү жыйынтык деп атады: “Бул жерде аталган аукционго катышууну каалагандарды кимдир бирөө киргизбей койгон жок. Бардыгы ачык-айкын өттү. Башка бирөөлөрдү ал тендерге катыштырбоо үчүн атайылап чектеген кандайдыр бир шарттар коюлган жок. Бул аукцион тууралуу ачык жарыя берилди. Бул объектилер канча жылдан бери тогуз жолу сатыкка коюлуп жаткандыктан анын баштапкы бааланган наркы бир топ түштү. Мурдагы тендерлерде 242 миллионго бааланып, азыр эми 142 миллион сомго сатылып кетти деп доомат коюга негиз жок. Анткени буга чейинки тендерлерге бир дагы кызыкдар тарап катышпай, бир дагы өтүнмө түшкөн эмес. Бул жолку тендерде объекттерди көз карандысыз баалоочулар баалап чыгып, ошол старттык баа аныкталды. Ал атайылап арзандатылып, бирөөнүн пайдасы үчүн мына ошентип берилген жери жок. Бул жерде мыйзамды жетекчиликке алып, баарын карап чыгып, анан тендерде жогорку бааны сунуштаган тарапка сатылды. Ал баа буга чейинки тендерлерде берилген суроо-талаптарга караганда бир топ жогору болгонун айта кетейин”.

 

Жети жылдан бери жешилген курулуштар

 

Ошол эле кезде Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков учурда ар бир шаардын таза абалуу жогорку зонасындагы жайгашкан ар бир кымбат баалуу VIP-коттедждин баасы Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин наркына барабар баада сатылган деген дооматты кескин четке какты. Анткени анын айтымында, 48 коттедждин баарынын эле дубалы көтөрүлүп, курулушу капиталдык оңдоодон кийин эле пайдаланууга бере койчу абалда эмес болчу.

 

Болсунбек Казаков бул элиталык деп аталган коттедждердин көпчүлүгүн курулуштары жараксыз абалга жеткендиктен алардын баарын базар баасында баалоого мүмкүн болбогонун белгиледи: “Азыр эми мына ошол толук бүтпөгөн коттедждерди айрымдар бир укмуш аягына чыгып, пайдаланууга берилген курулуштар катары сүрөттөп жатышат. Чынында андай эмес. Ал 48 коттедждин көпчүлүгүнүн курулушу толук бүткөн эмес. Курулуштары эми гана башталып барып, токтоп калгандары бар. Айрымдарынын жерпайы эле казылып, пайдубалы дагы толук курулган эмес. Сегиз коттедждин гана чатыры жабылган. Кээ бирлеринин дубалдары көтөрүлүп, бирок үстү жабылбай калгандыктан жети жылдан бери каралбай тура берип, жамгырга эзилип, кыштары урап түшкөндөрү бар. Анан эми мына ошонун баарынын ар кандай абалына карабай, базар баасында сатуу кыйын болсо керек. Бул жерде комиссия иштеп чыгып, баалоочулар андагы курулуш материалдарынын абалынан бери карап чыгып ошондой баалады. Бул жерде аукциондун ачык-айкын өткөнү шектенүүгө негиз бербей турган жагдай. Ага катышкан жана болгон сунушун берген компания утуп чыкты. Аукцион баштан аяк видео камерага тартылып, ага түз байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн”

.

Анткен менен антикоррупциялык ишкер кеңеш буга чейин даярдап чыгарган аналитикалык отчет боюнча 12,4 гектар жер аянтын ээлеген "Идеал-Хаус" VIP-комплексиндеги толук курулуп бүтө элек 48 коттедждин курулуштарынын жалпы аянты 17 миң 403 чарчы метрди түзөт. Анын ичинен дубалдары көтөрүлүп, негизги курулуш иштери өздөштүрүлгөн объектилердин жалпы аянты 16 миң 454 чарчы метрге барабар экени көрсөтүлгөн. Бул объекттер боюнча жүргүзүлгөн анализ боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин даярдыгы отуз пайызга, тышкы инженердик-түйүндөрдүн курулушу жыйырма үч пайызга бүткөрүлгөнү аныкталган.

 

Бул VIP-коттедждер шаарчасынын курулушу 2009-жылы июнь айында башталып, долбоор боюнча үч жылда пайдаланууга берилмек. Курулушка кеткен материалдардын отчетто көрсөтүлгөн сметалык чыгымы 495 миллион сомго барабар экени көрсөтүлгөн. Анын жер аянты менен кошкондогу жалпы наркы 776 миллион 420 миң сомдон ашуун экени 2009-жылдын 1-мартына карата белгиленген эсептер боюнча аныкталып чыгарылган болчу.

 

Антикоррупциялык ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова өкмөт учурда мурдагы сунуштарды эске албай туруп, андагы мүлктөрдү менчиктештирген жагдайга токтолду: “Мына ошол учурда биздин аналитикалык отчетто жазылгандай, биз ал объектилер жайгашкан жерге барып, андагы курулуштардын абалын өз көзүбуз менен көрүп, эмнеси салынган, эмнеси бүтпөй калган, кандай курулуш материалдары колдонулган, жеринин аянты канча деген сыяктуу суроолордун алкагында биздин эксперттер изилдеп чыгышкан болчу. Ошолордун негизинде биз башка бир баалоочу компанияны бул ишке тартып, анын берген баасынын негизинде баарын толугу менен эсептеп чыкканбыз. Анда ошол объекттерди көз карандысыз баалоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн өкмөт бизге кайрылган болчу. Бирок бул жолу аталган объекттерди сатып өткөрүүнүн астында бизге өкмөт мына ошол маселе боюнча кайрылган жок. Атүгүл бул объекттер боюнча өкмөткө мурда берген биздин кеңештерибиз жана сунуштарыбыз кагаз бетинде эле калыптыр. Бул эми өтө эле арзан бааланды дегеним. Анткени бүгүнкү күндө Бишкектин жогорку зонасындагы экологиялык жактан таза райондордо курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн, коттедждердин бир чарчы метри эле 1000 - 1500 долларга чейин бааланууда. Мына ошол баа боюнча эле сатылган коттедждердин чарчы метрине көбөйтүп, анан андагы жер тилкелеринин баасын кошкондо эле анын орточо баасы чыгып жатпайбы. Бишкекте мына ошол таза экологиялык райондордогу бир сотых жер тилкесинин баасы кеминде 10 000 долларга чейин турат. Мына ошолордун баарын кошуп санаганда эле ал объекттердин баасы чыгат”.

 

Бишкектин жогорку зонасындагы “Идеал-Хаус” компаниясына караштуу 48 элиталык коттеджди мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети чыккан. Ага ылайык, бул объекттер мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына караштуу деген негиздеме боюнча андагы объекттер жер тилкелери менен кошо улутташтырылган болчу.

 

2011-жылы Жогорку Кеңеш бул объекттерди улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесине киргизип, аларды мамлекеттин пайдасы үчүн базар баасында сатып өткөрүп, менчиктештирүүгө көрсөтмө берген токтомду иштеп чыгып, аны аткарууну өкмөткө тапшырган эле.

 

Кубанычбек Жолдошев

"Азаттыктын" иликтөө журналисти