Божомол-дөдөмөл деп дөөрүптүр... 

 

Сыртта туруп алып биздин өлкө, анда болуп жаткан окуяларга тон бычкандар арбып барат.

 

Эсеби маселен, Чыгыш таанучу, саясат таанучу Александр Князев Казакстандын ZonaKz интернет-гезитине интервью берип, Кыргызстанда жүрүп жаткан Президенттик шайлоо өнөктүгүнө анализ жасоо менен окуялардын өнүгүшүнүн 3 сценарийин божомолдоп чыкты.

 

Анын пештеген акылы боюнча биринчи сценарий мындай: 15-октябрдагы президенттик шайлоо бул 13 талапкердин 11ин оюндан сүрүп чыгаруу менен 2 гана талапкерди 2-турга калтыруу максатында өткөрүлөт. Экинчи турга Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков калышат да бийлик аны бардык күчтөрү менен колдоого алып Жээнбековду жеңишке алып келет. 2-тур ноябрдын башында өткөрүлүп, 1-турга караганда кызыктуу жана курч өтөт.

 

Эми  экинчи сценарийине сереп салалы: Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президенттикке өткөрө албашына көзү жеткенде Өмүрбек Бабановду колдоп кетет да Бабанов жеңишке жетишет.

 

Үчүнчү сценарий боюнча – эгер шайлоо бийликтин каалаганындай жыйынтык бербей калса анда, мыйзамдагы ар кандай жылчыктарды таап, шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табат да, кайрадан жаңы шайлоо дайындалат. Мындай учурда кыргыз мыйзамдары боюнча президенттик шайлоого катышкан бардык талапкерлер кийинки шайлоого катышууга акысы жок. Жаңы талапкерлер чыгат. Мыйзам боюнча мындай кайра шайлоого шайлоочулардын 5% катышса деле шайлоо мыйзамдуу деп табылат. Талапкерлердин кимиси катышкандардын эң көп добушун алса ал талапкер жеңип чыгат. Албетте 1-шайлоодон көңүлү калган шайлоочулар кайра шайлоого добуш берүүгө келишпейт да бийлик административдик ресурс менен ташып келген бюджетчилер бийликтин талапкерине добуш беришип, мураскер жеңип чыгат. Мындай учурда Атамбаев Сапар Исаков же Темир Жумакадыров сыяктуу саясатта салмагы аздарды алып чыгат да эптеп жеңишке жетишет.

 

Аныгында бул Александр Князевдин акылысыз эле белгилүү болуп турган сценарий. Арийне, эгер элдер арасында нааразычылык күч алып, толкундоолор болуп кетпесе шайлоонун жыйынтыгы так ушул үч жол менен өтөөрүн ар бир Кыргызстандык эбак эле аңдаган.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (320), 29.09.2017-жыл.