Зили-түбү таза беле ушунун? 

 

Жагынуучулук же керкейип калуу сапаттары бийликтегилерди таптакыр тумчуктуруп алгандай. Анан да бийликтин бийик отургучунда олтургандар мыйзамды таптакыр сыйлабастан, керек болсо уруп ойнобостон каалаганын калчай бермейин таптакыр токтотпой келишет.

 

Маселен, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырды. Аймактарга Зилалиев президенттик шайлоону уюштуруунун алкагында аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында барган. Ооба, ишин кыла берсин. Ал жөнүндө кеп жок. Бирок, ал Баткен облусундагы жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга кадырын салганын кантип түшүнсөк болот? Дегеле демите сүйлөгөн бул эргул “Мен сиздерден бөлүп суранганым: бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул - Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам, түкүрбөгүлө”,- деп жанын сабаганы кайсы этикага жатат?

 

​Арийне, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Бирок, алдын ала чачпак көтөрүп чуркап, мыйзамды одоно бузуп аткан Зилалиевге эч кимдин тили өтпөйбү? Же юридикалык билимге ээ болуп туруп мыйзам жаатын өзү түшүнбөйбү? Мындан соӊ мынча болду “Жашасын Арзыматтын небере, чөбөрөсү!” -деген ураан салбайлыбы? Бул чырдан Зилалиев “суудан кургак чыккан” абалда өттү: ага эскертүү берген Сапар Исаков шайлоо боюнча республикалык штаб жетекчилигинен алып салуу менен гана чектелди... Өз бала да...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити