Сөз эркиндиги өлдүбү?

 

“Сентябрь” оппозициялык көз караштагы, эркин телеканалын жабуу боюнча соттун чечими өзгөчө ылдамдыкта кабыл алынды. Буга чейин оппозициялык маанайдагы “Заноза” сайты жабылган. Бир катар журналисттер соттон-сотко сүйрөлүп, алды миллиондогон доого жыгылды. Аталган телеканалдын жабылышын коомчулук ар кандай кабыл алды. Бир даары, “бул – сөз эркиндигине кысымдын күчөшү” деп белгилешсе, “ырас болду” дешкенсип, “ураалап” тургандар да жок эмес. Редакциянын башкы редактору Канышай Мамыркулова сотко каналдын өкүлү катары барып, сот чечим чыгараар алдында кан басымы ылдыйлап, өзүн начар сезгени айтылды. Баш редакторго ден-соолугунан айласы куруп, чакырылган Тез жардамдын дарыгерлеринин жардамын алып аткан учурда, сот чечимине чекит басып койгон. Дагы бир нерсе - сотто котормочунун кызматы пайдаланылды. Ишти караган судья, айыпталуучу тарап кыргыз улутунда болгонуна карабай, процесс расмий тилде өтүп, Канышай Мамыркуловага котормочу дайындалды. Көрсө, прокуратуранын өкүлү башка улуттан экен. Ошентип, өз жеринде соттук процессте эне тилинде эркин сүйлөй албаган журналисттер бийликтин камчысын чабышпаганы үчүн эркин телеканалынан айрылып калышты.

 

Деги эле, акыркы убактарда журналисттер журтчулугуна, кара тумоодой чекесинен баарын оп тарткан “сот тумоосу” каптап киргенин кандай түшүнүүгө болот? Кыргызстанда сөз эркиндиги жыл өткөн сайын мертинип, оозду ашыкча ачпай турган заманга чыйыр таптай баштаганыбызбы, же ашепке кетүү жакшылыкка алып барбайт деген ишааратпы?

 

Шаирбек Маматокторов, жарандык активист:

 

“Аягы жакшылык менен бүтпөсүн эл билип турат...”

 

- Сөз эркиндигине басым болуп жатканы анык. Бирок, мурдагыдан өзгөчөлөнүп, азыр   миллиондогон айып пулдар көп салынууда. Ал эми бир катар ММКларды жаап салышты. “Вечерний Бишкектин” сайты, “Заноза”,  эми болсо оппозициялык канал “Сентябрь” да жабылды. Бийлик бир нерсени унутуп жатат - технологиялар өнүккөн заманда ММКларды жабуу пайда алып келбейт. Маалыматты таратуунун альтернативалык жолдору көп. Ал эми андан да маанилүүсү - эркин ММКларды жабуу, коомдогу чыңалууну күчөтөт. Себеби, протесттик электорат оппозициялык ММКлардан керектүү маалыматтарды алып турчу. Расмий булактардан таратылган маалыматтарга альтернатива катары карап, акыл калчап талдоого аракет жасашчу. Эми болсо бир заматта баарын жаап салса, кулак-мурун кескендей болгон коомчулук, ар-түрдүү ушак-айың кептерге көбүрөөк көңүл бөлүп, так маалыматка жетишпей калат. Анын аягы жакшылык менен бүтпөсүн, ММКларды айып пулдарга жыккан, жапкан соттор абалды курчутууга себепкер болуп жатканын эл билип эле турат. ММКларды жазалоодо соттор бир да ирет "ММКлар жөнүндө" мыйзамды карап да койбогондой. Мыйзамда, катачылык кетирген ММКны  кандай кырдаалда, кандай тартипте жоопко тартуу ирети көрсөтүлгөн (17-22 беренелер). ММКларды башка мыйзамдар менен соттоо - мыйзамсыздык!

 

Мелис Аспеков, жарандык активист:

 

“Бийликтин көзүн май басты”

 

- “Сентябрь” телеканалынын жабылышы өтө кооптуу нерсе, алдыдагы күчтүү толкундун  белгиси. Биздин мамлекетти бир кездерде “Орто Азиядагы демократиялык аралча” деп аташчу. Андай аталышты алыш үчүн биздин элибиз өмүрлөрүн да аяшпады. Тилекке каршы, азыркы бийликтин иш аракеттери демократиялык аралчаны сактабай,  тескеринче сөз эркиндигин басмырлап, муунтуп жатышат. Бир саатта бир телеканалды жапканы буга түз далил. Азыр биздин мамлекет кайрадан авторитардык режимге түштү. Бир нече саясатчыларды эч бир далилсиз, жасалма иштерин токуп, темир тордун артына алып барды. Тынчтык митингдерге 20-октябрга чейин тыюу салды. Бул түздөн-түз Конституцияны, андагы биздин укуктарыбызды бузуу болуп эсептелинет. Элдин оозун күч менен басабыз деген азыркы бийликтин оюу – чоң жаңылыштык.  Эки төңкөрүш буларга сабак болбоптур. Бийликтин көзүн май басты. А көзүн майга “алдырып” койгондордун келечеги жок, бат эле жолдон чыгып жыгылышат.

 

Роза Отунбаева, экс-президент:

 

“Шайлоо акыйкаттуу өтпөйт эми...”

 

- Биз азыр абсурд заманда жашап атабыз. Мен азыр өкүнүп атам, биринчи, экинчи революциядан өткөнбүз, Капаров Абдулла деген эмне себептен камалганын билбейм, бирок “Жоогазын” революциясына чоң салымын кошкон адам. Ошол киши Ошто коркпой атка минип, Акаевдин портретин салып жүргөн болчу. Ошол кишинин үйүндө баарыбыз чогулуп, революциянын пландарын талкуулаганбыз. Эми аны шылтоо кылып, “Сентябрды” жаап атышканы акылга сыйбаган нерсе. Элдин баарын эле эч нерсени түшүнбөйт, билбейт, жасагандын баарын “ляппай” деп жутуп коюшаарын ойлоп жүрүшсө, бул – чоң жаңылыштык. Менин оюмча, шайлоо деле акыйкаттуу өтпөйт. Бул шайлоо болобу, же болбойбу (?) деген чоң суроо да туулуп атат.

 

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

 

“Сталиндин учурунда “тройка” бизге кайтып келди...”

 

- Бул окуя кадыресе эмес, өкүнүчтүү окуя. Кыргызстандагы бүгүнкү саясий абалга диагноз кое турган окуя. Негизи демократиялык коомдун төрт белгиси болот: саясаттагы атаандаштык, басма сөздөгү атаандаштык, сот эркиндиги жана экономикадагы атаандаштык. Азыр бизде болгону экономикадагы атаандаштык калды. “Сентябрь” жабылды, буга чейин “Заноза” сайтын жабышкан. “Азаттык”, “24.kgге” да арыз ташташты. Сталиндин учурунда “тройка” деген болгон, үч адам адвокатсыз, күбөсүз эле адамдын тагдырын чечип коюшкан. Азыркы биздеги көрүнүштөр да ошол “тройканы” эске салып атат. “Сентябрдын” күнөөсү болсо, далилдөө керек эле. Жабык эшик артында процесс өткөрө коюп, чечим чыгарып салбай. Жабык эшик артында процесс кандай учурда өтөт? Жабырлануучулардын арасында жаш бала барда, анын психологиясына зыян келбеши үчүн, зордуктоо болгондо жана айыптуулар качып кетиши мүмкүн деген коркунуч жаралганда. “Сентябрь” кайда качып кетмек эле? Экстремисттик материалдар кеткени чын болсо, аны атайын экспертизадан өткөрүп далилдешсин. Өлкөдө эркиндик болушу шарт: эркин саясатка чыгып, эркин гезит чыгарып, эркин көкбөрү ойноп жүрөлү. Эркиндикти чектөөнүн кесепетин өлчөп-билбей туруп, процедураларды бузуу менен сот процессти мыйзамсыз өткөрүү туура эмес. 

 

Адил Турдукулов, журналист:

 

“Азыр кыймылдап, үн катпасак, эртең кеч болуп калат...”

 

- Мына биз 26 жыл Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгын белгилейин деп жатабыз. Артка көз чаптырсак, биз Борбор Азия мамлекеттердин арасынан, жакшы жагынан айырмалантып турган нерсе бул - салыштырмалуу түрдө сөз эркиндиги болушу, оппозициянын бийлик менен тең күрөшкөнү жана тынч митингди өткөрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүбүз болчу. Анан 2010-жылдагы ынкылаптын шарапаты менен келген жаңы бийлик, ошол укуктарды кайрадан калыбына келтиребиз деп убада берген болчу. Бирок тескерисинче артка кетти. Өткөн апта күн карама сот - “Сентябрь” телеканалын эч жүйөөсүз жабуу чечимин чыгарды. Соцтармактарга басым күчөдү, журналисттерди сабаган фактылар көбөйүп жатат. 

Ошо менен катар саясый кугуунтук жеткен чегине жетти. Азыр УКМКнын подвалында 10дон ашык саясатчылар, өз кескин ою үчүн камакта олтурат.

Акыркы болгон Текебаевге жана Жапаровго болгон мыйзамсыз соттун чечими, Zanoza сайтына, Нарын Айып жана укук коргоочу Чолпон Жакуповога коюлган миллиондогон доо-арыздар, журналисттердин чет жакка качканы, “Жаңы муундун” өкүлү Мавлян Аскарбековго карата козголгон кылмыш иши, митингди өткөрүүгө тыюу салуусу, баары тең саясый талааны тазалоого жана мураскерди президент кылууга багытталган.

Сөз эркиндигин коргоо комитети буга кайдыгер эмес жарандарды, муунтулуп жаткан өзүбүздүн эркиндигибизди сактап калууга чакырат. Ошол үчүн биз 30-август күнү, Эркиндик форумун демилгелеп жатабыз.

Азыр кыймылдап, үн катпасак, эртең кеч болуп калат...

 

ТЕМАНЫ УЛАЙ...

 

“Сентябрь” телекомпаниясынын сигналы 28-август күнү түнкү саат 12:00дө өчүрүлдү. Ошондо “Сентябрь” көз карандысыз, эркин жана оппозициялык канал катары санарипте бир жыл беш ай иштеди.

“ Бул канал бийликтин көкөйүнө көк таштай тийген фактор болду. 2016-жылдын декабрында президенттин аракети менен каналды жабууга расмий старт башталды. Президент өзүнүн пресс-конференциясында аталган каналдын журналисттерин өлкө башчысы катышкан иш-чараларга катыштырбоо тууралуу көрсөтмө бергендигин моюнга алды. Ошондон тартып “Сентябрдын” журналисттери президент катышкан бир да иш-чараларга киргизилген жок. Президенттик шайлоо болооруна жарым ай калганда бийлик телеканды эптеп жаптыруу үчүн оозду ачырган мыйзамсыз кадамга барды. Был жыл мурда “Сентябрдын” Жалал-Абаддагы аналогдук каналы аркылуу түз эфирден конок ошол кездеги премьер-министр, азыркы президенттике талапкер Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун дарегине сын айтканын негиз кылышты. Бирок, Биринчи май райондук соттун судьясы Жылдыз Жумабаева ишти башынан эле бир жактуу карап туруп алды. Телеканалдын өкүлдөрүн жана жактоочуларды катыштырбай, ошондой эле шаардык сотту четке кагып, Жогорку Сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей, сот каналды жабуу тууралуу чечим кабыл алды. 

 

Бүгүн санариптен “Сентябрь” каналын таппайсыздар. Экранда кара пландан башка эч нерсе көрүнбөйт. Бирок, телеканалдын жамааты көрүүчүлөрүнө мурдагыдай эле чындыкты, оперативдүү, элге керектүү маалыматтарды жеткирүү ишин андан ары улантуу чечимин кабыл алды. “Сентябрь” телеканалы “Жалбырак ТВ” деп өзгөрүп, соттук иштер аягына чыкканча, мындан ары интернетти багындырмакчы. Бир жума мурда Youtube каналынан “Жалбырак ТВ” каналы ачылган. Катталгандардын саны 49 миңге жеткен. Бардык теледолбоорлорду ушул канал даярдап, социалдык тармактарга жайгаштырат”,- делет телеканалдын расмий билдирүүсүндө.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити