Кетер аякпы?

 

Беш күнгө созула турган (19-24-июнь) ажо А.Атамбаевдин Орусияга болгон мамлекеттик сапары В.Путин менен чай үстүндө маектешүүсүнөн башталды. Эсиңиздерде болсо, буга чейин коомчулук ичинде КСДП бир талапкерге токтоло албай, ич ара ыйкы-тыйкы болуп, мурда аты аталган Сооронбай Жээнбековго эзелки партия мүчөлөрү канаттанбай, анын жыйынтыгында бийликтин рупор-партиясынын курултайы белгисиз мөөнөткө жылдырылганы тууралуу кеп токтобой жатканын кабарлаганбыз. Билерман адамдар КСДПнын съезди Атамбаевдин Москвага жасаган сапарынын жыйынтыгына жараша дайындаларын саймедиреп келатышат. Бүгүн бешиктеги балага деле Атамбаев Москвага биринчи кезекте өзүнүн мураскерине колдоо алып келүү багытында чаап барганы дайын болуп турат.

 

Кыргыз президентин Орусиянын лидери Путин атайын чакырганы менен, аэропортто аны даражасы анча чоң эмес, экинчи, үчүнчү тепкичтеги адамдардын тосуп алганы коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Дароо эле эксперттер кыргыз-орус алакасындагы оркойгон келишпестиктер бар экенин санап жиберишти. Чынында эле, ажо Атамбаевди Москвада бажы кызматынын  жетекчиси Владимир Булавин жана тышкы иштер министринин орун басарынын статс-катчысы Григорий Карасин тосуп алган. Ошондон кийин эле Атамбаевди Путин кыргыз-орус кызматташтыгынын 25 жылдыгынын урматына чай үстүндө кабыл алды. Жабыш эшик артында айтпасак да, келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу сөз болгону белгилүү болуп турат.

 

“Независимая газета” Атамбаевдин сапары коштошуу иретинде гана болуп жатканын жазып чыкты. Гезит стратегиялык маанилүү маселелерди расмий Москва жаңы президент менен сүйлөшөрүн айтат. Басылманын маалыматы боюнча, аталган визиттин демилгечиси Атамбаев өзү болгон. В.Путин Бишкекте өткөн ЕвразЭС жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындарына барганда Атамбаев муну аябай өтүнгөн. Орус президентинин макул болбогондон башка айласы жок эле. КМШ мамлекеттер институтунун Орто Азия жана Казахстан боюнча бөлүм башчысы Андрей Грозин Путиндин февралдагы визитин кыскартып кетип калышын да Атамбаевдин өтө аша чаап жагынуу аракетинде болгону менен байланыштырат.

 

“Путиндин жеке чакыруусу Атамбаев үчүн өтө зарыл нерсе эле. Муну менен ал Москва мураскери Сооронбай Жээнбековду да колдоп жатканын айтып чыкмак. Бул Атамбаевдин визитинин эн манилүү пиар-моменти”,- дейт дагы бир орусиялык эксперт Аркадий Дубнов. Айтор, президенттин сапарынан кандай жыйынтык чыгат, кийинки санда кеп кылабыз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.