Шоу-дүйнөдөгү чатак

 

Ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын чыры дагы деле уланууда. Өткөн аптада Айчүрөк Иманалиева соцтармактагы баракчасына шакирти Анжелика тууралуу билдирүү калтырган болчу. Ошондон бери эле ырчылар ар кимиси өз баракчасын колдонуп кайым айтышуудан, аларга кошулуп, жаат-жаатка бөлүнгөн күйөрмандардын сөз менен кагылышуусунан соцтармак тынчыбай калды.

 

Чырдын башы маркум обончу Марат Алыбаевге таандык “Махабат көлү” ырынан башталды. Бул ырды бир кездерде Айчүрөк Иманалиева ырдаган экен. Жакында эски ырга жаңы жүз берип Анжелика аткарып чыкты. Ага нааразы болгон устаты, “наглыйлыктын да чеги болот, Анжелика, жаштык өтөт, а позор өмүр бою калат”,- деп жазып чыкты. Ырчы мындан бир канча жыл мурун өзү менен күйөөсүнө болгон кол салууга шакиртин айыптаган. Ошондой эле, Анжеликанын үнү жоктугуна басым жасап, “ырдаганды үйрөнүп алчы?!”- деген.

 

Экинчи тараптын жообу элди көп күттүрбөдү. Арадан эки күн өтпөй, соцтармактардын бетин бербей, Анжеликанын апасы Гүлина айымдын интервьюсу жайнады. Ал: “16 жаштагы кызымды лакыйган кишилер менен тааныштырып, табаарың эмне эле? Жаман оюңду билгенимден кийин кызымды турмушка узаткам”,- деди.

 

Андан көп өтпөй Айчүрөк айым кайрадан билдирүү калтырды. Бул жолу катуу кетти. “Гулина апаң “кызымды килтейген кишилерге салып берээрде күйөөгө берип салдым” деп жатат. Ал киши раматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп, Назми экөөбүз бир-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди. Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө иштин маңызы башка жакта экен. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн конкурста кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсом сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол”,- деп жазды.

 

Ага удаа Анжеликанын жообу жарыяланды: “Сиз көзү өтүп кеткен жана өлкөдөн качып кеткен, дайын дареги жок адамдар менен мени “жакындаштырып” салыпсыз. Мунун сыры эмнеде? Же, жалган сөзүнүздү төгүндөп бере албай турган адамдардын атын атап, мени оңой каралап, жаманатты кылып салууну максат кылдыңызбы? Башкасы мейли, арбак алдында жалган айтканга кантип батындыңыз? Кудайдан корккон адам кантип ушундай бетбакчылыкка барсын?! “7-8-класста Москвага бара жатып, поезде телефон аркылуу Мухтар Өмүракунов менен сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшкөнүңөрдү угуп, Назми экөөбүз тоңуп калганбыз”,- депсиз. Ошол убакта менин чөнтөк телефонум жок эле. Экинчиден, Мухтар Өмүракунов 7-8-класстагы кыз менен сүйүшүп, махабатташты деген сөзүңүзгө акыл эсинен ажырап калган адам эле ишенбесе, адекваттуу ой жүгүрткөн адам аябай таң калса керек. Сиз мындай жалган сөздөрүнүз менен мени жаманатты кылам деп, кыргыз элине кадыр-баркы бар Мухтар агабыздын арбагына дагы шек келтирип алганыңызды сездиңиз бекен? Ал киши менен сый мамиледе болуп, сыйын көрүп жүрүп, көзү өтүп кеткенде мынтип арбагына шек келтиргениңиз мусулман адамдын жоругубу? Анын артында калган балдары, үй бүлөсү эртең сизди далилдеп бер десе, кантип жооп берем деп ойлонгон жоксузбу? Кара ниеттик менен көзү жок адамдарга жабыштыргандан абайлаңыз, анын Кудай алдында берчү жообу бар”.

 

Кызына кошулуп, таламын талашкан апасы Гулина айым да маалымат каражаттарынын бирине маек берди. Анда ал Айчүрөк Иманалиева кызын жаман жолго үгүттөгөнүн, кызынын жаштыгын пайдаланып, керектүү адамдар менен тааныштырып, акча жасоого аракеттенгенин ачык айткан.

 

Анжелика дагы бир маегинде Айчүрөк устаты анын турмушка эрте чыгып кеткенине нааразы болуп, “мен сени баары бир ажыраштырып тынам”,- деп айтканын эстеди.

 

Айтор, соңу көрүнбөгөн бул талаш дагы канчага узараары белгисиз. Баарынан да эки ырчыны жактап, эки жатка бөлүнүп, бири бирине атырылган соцтармак колдонуучуларына жаман болду.

 

 

 

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg гезити