Э.Капарова: "Өзбекстандын гимнин ойноткондор соттолбой, алардын ордуна аларды сындаган атам сот жообуна тартылууда..."

 

Ош шаары жана Ош облусу боюнча мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын башкармалыгы атам Абдылда Капаровду “Сентябрь” телеканалына берген маеги үчүн кылмыш жообуна тартып жатат. Атама карата “телеберүүдө элди бөлүп-жарды, улут аралык маселелерди козутту” деп кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын 12-майында Ош шаардык соту тарабынан “3,5 жылга кара жумушка тартылсын” деген  акылга сыйбаган сот чечими Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чыкты.

 

Болгону атам Араван районундагы бир мектепте мамлекеттик иш-чарада Өзбекстандын гимни ойнолгондугу кээ бир атка минелердин кемчилдиги экендигин  сын-пикир катары айткан  болчу. Ошого Кылмыш-жаза кодексинин 299-статьясынын 1 бөлүкчөсүн негиз кылып соттоп жатышат.

 

Тактап айтканда, 2017-жылдын 4-майында болгон сотто анда күбө катары суралган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын башкаруучусу Төлөгөн  Келдибаев сотто берген көрсөтмөсүндө мындай деп айтты:

 

“Ош облусуна караштуу Араван районунун Тепе-Коргон айыл округундагы “Маткасымов” атындагы өзбек орто мектебинин 90 жылдык маарекеси 2014-жылдын 31-октябрында өткөрүлүп, ага Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматжан Махамадов, Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаев, Араван райадминистрация башчысы Шамиль Артыков, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тейитбек Райымкулов жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышкан.

 

Мааракенин расмий түрдө ачылуу аземи Өзбекстандын гимни менен ачылып, Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаевдин кийгилишүүсү менен Өзбекстандын гимни токтотулган. Ошого чейин Өзбекстандын гимни 2 мин. 29 секунд болсо, 1 мүнөткө жакын коюлган. Иш чарага катышкан айрым жетекчилер: “мындай кылганыңар туура эмес, биз Кыргызстандын жараныбыз” дегенге жараган эмес  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесиндеги мамлекеттик символдорду пайдалануу тартиби бузулду дегенге толук негиз бар. Ушул кылган жоруктары үчүн бир нече атка минерлер кызматынан алынып, айрымдары тийиштүү жазаларга тартылган.

 

2010-жылдын июнь айындагы окуяда Араван районундагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү “Маткасымов” атындагы орто мектебиннин сыртына “Узбекстон Республикасы Андижон вилояти Араван тумани” деп  жазып, илип коюшкан. Ал баннер МУКК, ИИМдин аймактык кызматкерлеринин кызматтык териштирүү иштеринде мектептин үстүнөн табылган.

 

Ал эми ошол убактагы аким Шамиль Артыков “мындай окуя болгон эмес” деп кылмышты жашырганга аракет кылып, ошол убактагы Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү С.Жээнбековго кат жазган. Бирок андагы тартылган видеожазуулар, ал маарекеге катышкан 90го жакын адамдын көрсөтмө түшүнүк каты МУККда турат.

 

Бул маалыматты ачыкка чыгаргандыгым үчүн ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыктын башчысы, генерал С.Өмүрзаков жана МУКК Ош облусу жана Ош шары боюнча башкы башкармалыктын башчысы жана жетекчилик кызматы  мага ыраазычылык билдирген”,- деп айтты Т.Келдибаев.

 

Менин атам болгону: "Мындай кылганыңар туура эмес, “биз Кыргызстандын жараныбыз!” дегенге жарабагандарды мамлекеттик кызматтан кетириш керек. Бул деген “мамлекетти сатты, чыккынчылык кылды” дегенди түшүндүрөт. Ушул кылган кылыктары үчүн бир нече аткаминерлерди кылмыш жообуна тартыш керек”- деп айтыптыр. Алар кызматтан кызматка жогурулап, алардын ордуна атам кылмыш жообуна тартылып жатат.

 

Бул окуяны коомчулуктан ошол мезгилдеги Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жаап-жашыргана аракет кылган, бирок күч тармагындагы кесипкөй опер кызматкерлердин тынымсыз аракети менен ал иш-чарага катышкан баардык аткаминерлер суракка чакырылган. Бирок, буларга мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков атамдын үстүнөн ИИМ арыз жазып, кугунттуктап жатышат.

 

Кыргыз элинде айтат, “Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” деп, Өзбекстандын гимнин ойноткондор соттолбой, алардын ордуна аларды сындаган атам сот жообуна тартылууда.

 

Эльвира Капарова,

абактагы оппозиционер Абдылда Капаровтун кызы

 

Булак: “Майдан.kg” гезити