Дагы бир “балашка” оюндан чыктыбы?

 

 

Акыркы кезде бийлик тарабынан “Таза коом” долбоору катуу рекламалана баштаган эле. Эске салсак, “Таза коом” долбоору мамлекет башчынын демилгеси менен иштелип чыгып, “Акылдуу шаар”, “Санариптик өкмөт”, “Акылдуу айыл” деген багыттарды камтыйт.

 

Бул долбоорду пайда болгон күндөн баштап Сапар Исаковдун авторлугуна жазышып, “сүймөнчүктүү баланын” президенттик шайлоого карата программа-платформасы катары тааный башташкан. Качан гана экс-президент Роза Отунбаева: “булардын "Таза коому" шайлоодо бийликтин партиясы чыгарган талапкердин үгүт материалы болуп калбашы керек”,- деп айтканда бийликте олтурган башкы адамдардын башына муздак суу куюп жибергендей чочуп ойгонушуп, актанып жатып калышты. Актанышканын ушундан көр, буга чейин АШАнын бирден-бир “мураскери” катары калың журтка тааныла баштаган Сапар Исаков “мен президенттикке барбайм”- деп айтып алып, бийликтин бир планын талкалап алды. Буга чейин эле Сапарды чыгарышса эл колдоого албастыгын, бирок, анын атын атап, негизги соккуну жаш бала алып, чыныгы бийлик талапкери көмүскөдө акыркы кезге дейре жашыруун жатып алып иштеши керектигин чечишкен. Ооба, жышырып не, “Таза коом” долбоору башынан эле рейтинги түшүп, деми сууп турган бийликтин беделин көтөрүү, шайлоо алдында элди алдоонун бир жолу катары каралып келаткан. Айрыкча, “Таза коом” долбоорунун алкагында паспорт сурап келгендерге “справкасы” жок эле саналуу күндөрдө карматып жатышканын көрүп эле, бул шайлоого даярдык экенин дароо байкаганбыз.

 

Бийлик андан да катуу кетти. Жума башында президент Алмазбек Атамбаев Кытайда өткөн “Бир алкак - бир жол” эл аралык форумунда “Таза коом” долбоорун дүйнөлүк аренада жарнама кылды. “Кыргыз Республикасында азыркы кезде 2040-жылга чейин эсептелген узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жасалып жатат. “Таза коом” санариптик трансформациялоо улуттук программасы анын негизги компоненти болуп калат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кызматташтык жана бирге гүлдөп-өнүгүү максатында “Бир алкак – бир жол” концепциясын “Таза коом” улуттук программасы менен байланыштырууга даяр”- деди ал.

 

Бирок, экс-президент Роза Отунбаева “Таза коом” долбоорун эл аралык коомчулук каржылап жатканын, аны бийликтин партиясы шайлоо алдындагы үгүт ишине пайдаланууну максат кылып жатканын ачыктады. “Атайын түзүлгөн чоң топ өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында “Таза коом” долбоорун иштеп чыкты. Аны ишке ашыруунун жолдору дагы аныкталып, ага бардык эл аралык коомчулуктун каражаты тартылды. Бул гранттык долбоор. Андыктан биз эл аралык коомчулук узак мөөнөттүү улуттук долбоорго маанилүү жана керектүү каражатты бөлүп жатканына ыраазычылык билдиребиз. Бирок, алар бир нерсени билиши керек. Биз шайлоо алдында бул документтин кандай багытта колдонулушу керектигин тактап алышыбыз зарыл. Анткени, аталган документ шайлоодо бийликтин партиясы чыгарган талапкердин үгүт материалы болуп калбашы керек. Аны аягына чыгаруунун үстүндө келечектеги президент, өкмөт менен парламент жана кыргыз эли иштей турган жалпы улуттук документ болушу шарт”,- деди экс-өлкө башчысы.

 

Сапар Исаков буга чейин Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жарнамалап жатып, атак-даңк тапкан. Арийне, ага даярдыктар, өтүшү бир топ чыр-чатактар менен коштолгон. Эми бул бала “Таза коомду” туш-тарапка жарнамалап эле күн өткөзүп жүрөт. Мисалы, ишкерлер менен бир нече жолу жолугушууларды уюштуруп, “Биз Кыргызстанды алдыга алып чыгып, келечегин түптөй турган  долбоорду иштеп чыктык!”- деген. “Биз бюрократияга чөгүп кеттик! Эми “Таза коом” долбоору бизди бюрократиядан алып чыгып, өлкөнүн келечегин түп тамыры менен өзгөртөт!”- деген мисалы Сапар Исаковдун сөзү шайлоо ураанына окшоп жаткан жокпу?!

 

“Президент болом деген адамдын өзгөчө сапаттары болуп, ал ден-соолугун, убактысын, турмушун Кыргызстан үчүн бериши керек. Мен бул маселе боюнча көп ойлондум жана ар кандай тандоолор бар. Менин билишимче анын ичинде бул маселе дагы күн тартибинде турат. Бирок, мага дагы эрте го, ага даяр эмесмин го деп ойлойм. Анткени, президент болуш үчүн көп нерсеге даяр болуш керек”- дейт Сапар Исаков. Ошентип, “Сапар Исаковду Путин далыга таптады”, “Аташкабыз ушул сүйүктүү баласын алып чыгат”,- деген сөздөргө чекит коюлгансыды. Качанкыга чейин?

 

Баса, бийлик талапкери демекчи, учурда КСДП атынан Чыныбай Турсунбековдун же Сооронбай Жээнбековдун талапкер катары чыгып, аламан жарышка катышаары күтүлүүдө. Бирок, бул дагы “окончательно” эмес. Себеп дегенде, бул экөөнүн кимисине токтолбосун, утуп чыгуу шансы абдан төмөн экени бешиктеги балага да белгилүү.

 

Булак: “Майдан.kg гезити