Үч баатыр кырсык баскан Аюу-Сайга барышты

 

Саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгына кептелген Аюу-Сай айылынын элине барып, жолугушуп кайтышты.

 

Бул тууралуу Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазып, президентке кайрылуу жолдоду:

 

“Урматтуу Кыргыз элим!

 

Бүгүн биз Мадумаров А.К, Келдибеков А.К. жана мен Ташиев К.К. Өзгөн районунун Аюу айылында болгон көчкүдөн жабыр тарткандардан кабар алып келдик. Ошол жерден байкаган бир нече маселелер боюнча сиздер менен бөлүшөйүн деп чечтим:

 

1. Айыл өкмөт башчысы жана ӨКМден башкармалыктын башчысынан башка эч бир мамлекеттик органдан жооптуу кызматкерлер жок. Аким, Өкмөттүн өкүлү, ӨКМ министр же булардын орун басарлары эч ким жок. Элди караган мамлекеттин жоопкерчиликтүү адамдары болгон жок.

 

2. Жабыркаган элге жылуу жумшак жата турган жай же болбосо ысык тамак аш, кийим кечек, эч нерсе берилген жок.

 

3. Тоолор жарылып, көчкү токтогон жок, бирок адамдар ошол көчкү менен аралашып эле жүрөт. Элдин коопсуздугун сактоого эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.

 

4. Мыйзам чегинде күнөөлүү мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону прокуратурага тапшыруу зарыл. Бул апаатын көп адамдардын өмүрүн алып кетиши кызмат адамдарынын шалаакылыгы экендиги көрүнүп турат.

 

5. Бир сөз менен айтканда муңканган элди кор кылышыптыр, аттин ай элим кор болуптур!”- деп жазган Ташиев президенттен жарандардын коопсуздугуна жетиштүү көңүл буруп коюуну суранды.

 

Буга чейин, жаратылыш кырсыгы жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн алып кетип, жоготууга жан сыздаткан жакындары буркурап ыйлап турганда өлкө башчысы элге кайрылуу жасаган. Сөзүндө “көчкүлө” деген тийиштүү кызматтардын суранычына макул болбой койгон эл “кырсыктын келип чыгышына өздөрүү күнөөлүү” экенин белгилеген, президент “мал дедиңер, балаңардан малыңар артык беле?”- деп маркумдарды табалап алгансыды.

 

Коомчулукта аза күткөн элге бир тууган агасынан ажырап азалуу болуп турган премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жиберип койгон бийликке нааразычылыктар да жаралды. Чындыгында, азалуу элге азалуу адамдын барышын – мамлекетти чеңгээлдеп тургандар азаны терең түшүнө билбегендиги, же түшүнмөксөн болгондугу деп эле божомолдоого болот.

 

Ушул жерден өткөн окуяларга да бир кадам чегинип, кайрыла кетели, Январь айынын соңунда Дача-Су айылындагы учак кыйроосунан келип чыккан жоготууга да президент бир басып барган эмес. Канча бир убакыт өткөндөн кийин жакындарын жоготкон азалууларды Ак үйдөн кабыл алып, көңүл айткан. Бул жолу да Өзгөн районундагы кырсык баскан айыл элин Бишкекке, Ак үйгө чакырып, көз көрсөтүп, Куран окутат чыгаар. Ошондуктан, “басып барбай койду” деген таарынуу да, ал турмак “эл үчүн буларды жасап берип коесузбу?” деген сурануу да биздин кырдаалда натыйжасыз. Белди бекем бууп, журт атасынан ырайым күтпөстөн, элдик уулдардын тирек болгонуна шүгүр келтирүү жетиштүү.

 

Элдин башына түн түшүп, карайлап айла-амалын таппай турган чакта Ташиев, Келдибеков, Мадумаров барып, учурда бийлик бутактарында болбосо да, жабыркаган элди кайраттандырып, маселелерин чечүүгө жардам беришкенин чыныгы жигиттик сапат деп айтууга болот. Элин сыйлаган жигит так ушундай кырсыктарда айкын таанылат. А тынч жашоодо баары эле  той-топур, маараке-салтанаттын “көркүн” ачууга куштар.

 

Элим, эми таанып ал: ким сага жүрөгүнөн берилген да, ким сенин ишенчээктигиңден пайдаланып, өз кызыкчылыгын жүзөгө ашырууга гана куштар?

 

 

Редакциядан: Өзгөндүн Аюу-Сай айылында жер көчкү астында калган 21 адамга кечээ, 2-майда жаназа окулду. Жаназаны Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек ажы Орунбаев окуп, иш-чарага биринчи вице-премьер-министр М.Абулгазиев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Т.Сарыбашев, Оштогу 7 райондун акимдери жана жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү айылдагы тургундардан кабар алып, жер көчкүдөн көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатва менен тааныштырышкан эле.

 

Муфтияттын билдирүүсүндө: “Дин аалымдары "жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап, анын алдында калган сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот. Дене кайсыл жерде калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот” деген далилдердин негизинде фатва чыгарышты. Аны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты”, - деп айтылат. Буга кырсык баскан айылдын тургундары нааразы болуп жатканын 8-9-беттеги материалдардан окуй аласыздар.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы куткаруучулар иштеп жатканын, издөө иштерин токтотуу тууралуу расмий буйрук жок экенин билдирди. Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсү боюнча, көчкү алдында калгандардын айрым жакындарынын талабы менен издөө иштери улантылып жатат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити