Ой-илик

 

2010-жылдагы апрель окуяларынын урматына Шабдан баатыр көчөсүнүн атын “7-апрель көчөсү” деп атоо боюнча революционерлер президентке кирип, демилге көтөрүштү.  Сиз Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель көчөсү” деп атоого кандай карайсыз?

 

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

 

“Бийлик түркүн оюндарды, тойлорду өткөрүп, элди алаксытып жатат”

 

- Бийлик 7-апрелди майрам деп, Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсү кылам деп убаралангандын ордуна жаны технологиялар менен реформаларды жасап,  экономиканын тактикалык жана стратегиялык пландарын талкуулап, иш орундарын түзүүнү ишке ашырса болмок. Тилекке каршы, мамлекетти өнүктүрүүнүн аракетин көрбөй эле минтип аза күтүү күнүн майрамга алмаштырып, канча каражатты жөн эле коротуп, көчөнүн атын алмаштыруунун убаракерчилигин тартып жатат. Кыскасы, бийликтегилер түркүн оюндарды, тойлорду өткөзүп, элди алаксытып келишүүдө.

 

Осунбек Жамансариев, адвокат:

 

“Бишкектин бир көчөсүнүн арнап койсок ашыкча деле болбойт”

 

- 7- апрель окуясы тарыхта жана адамдардын жүрөгүндө кара так болуп калган. Кандарын төксө да,  кыргыз жигиттери тайманбай атылган окко тике карап, намыстуу эл экенибизди көрсөтүшкөн. Ошондуктан Шабдан баатыр көчөсүнүн атын 7-апрель көчөсү деп атоону  туура деп эсептейм. Анткени,  Апрель окуясы тарыхта чоң орду жана ролу бар. Бишкектин бир көчөсүнүн атын апрель баатырларына арнап койсок ашыкча деле болбойт.

 

Самат Аалиев, коомдук ишмер:

 

“Шабдан баатыр көчөсүнүн атын алмаштыруу мораторийге туура келбесе керек”

 

- Биринчиден, Шабдан баатыр көчөсүнүн атын 7-апрель көчөсү деп алмаштыруу демилгеси менимче 5 жылдык мораторийге туура келбесе керек. Себеби, көчөлөрдүн, ири ишканалардын жана жер-шаарлардын аталыштарын өзгөрүшүн токтоткон 5 жылдык мораторий жарыяланган. Ошондуктан, ошол мораторий  була аркетке тоскоолдук кылат го деп ойлойм. Негизи 7-апрель окуялары боюнча талкууну келээрки муундарга калтырсак, туура болот деп ойлоймун. Же болбосо жаңы нерселерди куруп, ошону 7-апрелдин баатырларына арнасак болот.

 

Бейшенбек Бекешов, журналист:

 

“Бери дегенде саясый ката, ары дегенде акылсыздык”

 

- Шаарда кишинин итиркейин келтирген көчө аттары толтура. Ошолорду көрбөй, анан казактар менен чабышканы жаткансып, мурунку Алматы, азыркы Шабдан баатыр көчөсүнүн атын өзгөртүү, бери дегенде саясый ката, ары дегенде акылсыздык.

 

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

 

“7-апрелде окко учуп, каза болгондор өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө Шабдан баатыр көчөсүнөн басып келишип, Ак үйдүн алдынан окко учушкан”

 

- Коомчулукта  ача пикир жаратып жаткан демилгени биз революционерлер көтөргөнбүз. Себеби, 7-апрелде окко учуп, каза болгон революционерлер өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө ошол Шабдан баатыр көчөсүнөн  басып келишип, Ак үйдүн алдынан окко учушкан. Ошолордун эмгеги көз жаздымда калбасын деген максат менен революционерлер бир эмес, эки жолу кат аркылуу президентке  кайрылганбыз. Президент Алмазбек Шаршенович менен бетме бет жолукканда да Шабдан баатыр көчөсүнүн атын “7-апрель көчөсү” деп өзгөртөлү  деген өтүнүчүбүздү айтканбыз. Мен депутат болуп барганда эле бул маселени парламент трибунасынан да көтөргөм. Тилекке каршы, туура дегени да, эмнени айтып жатасың деп түшүнгүсү келбегени да болгон.

Ошондой эле мен 7-апрелди “майрам кылалы” дегендердин алдыңкы сабында тургандарданмын. Ал кандуу окуянын болгонуна быйыл жети жыл болду. Буга чейин аза күттүк. Бул күндү эскерүү күнү кылдык. Революционерлер мындан ары 7-апрелди  9-май сыяктуу жеңишке жеткендей майрамдасак ашыкча деле болбойт деп президенттин кабыл алуусунда болгонубузда дагы айтканбыз. Биздин көтөргөн демилгебиз орундуу болгон үчүн быйыл кадимкидей майрам болду. Салют атылды. Мен ишенем эмки жылы, аркы жылы мындан да сонун майрам болот деп.  Бул ийгилигибизди жокко чыгаргысы келгендер окко учуп, кырчындай жаш өмүрлөр кыйылганда жакшы сөз айтып койгонго жарабагандар же атасынан айрылып калган жетим балдардын башынан сылоо колунан келбегендер минтип бөйрөктөн шыйрак чыгарып, эскерүү күнүн майрамга айланталы десек, минтип тескери ойлорун айтып, коомчулукта оң –тескери пикирлерди жаратып  жатышат.

 

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

 

“Көчөнүн атын алмаштырганга корогон каражатты революциядан жапа чеккендердин  үй-бүлөсүнө беришсе туура болмок”

 

- Мен бул демилгени колдомок турсун, каршымын. Себеби, эки күндүн биринде көчөлөрдүн аталышын алмаштыра бериш үчүн канча деген каражаттар кетет. Ошол көчөнүн атын алмаштырганга сарптала турган каражаттарды азыр да кароосуз калган жарадар болгон башкача айтканда, революциядан жапа чеккен жигиттердин үй бүлөсүнө бөлүп беришсе жакшы болмок.

 

Эмир Сарпашов, “Тазар” кинокомпаниясынын продюсери:

 

“Демилге туура...”

 

- Менимче Шабдан баатыр көчөсүнүн аты 7-апрель көчөсү деп атаганыбыз  туура эле болот деп эсептейм. Ошондой эле 7-апрелди мындан ары майрамдай кабыл алганыбыз да туура эле болот. Себеби, аза күттүк. Эми алардын урматына майрам уюштурсак, артында калган балдарына майрамдык маанай тартууласак жакшы эле болот.

 

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:

 

“7-апрель мен үчүн аза күтө турган күн”

 

- Менин жеке пикиримче 2- март дагы, 7- апрель дагы бүткүл кыргыз элинин трагедиясы. Тил табышып өнүп-өсүүнүн ордуна биз бири бирибизди төңкөрүп бийлик талашуу менен убарабыз. Буга бийлик менен оппозиция эле эмес, ар кимибиз дагы жооптубуз. Биз өзүбүз кандай болсок, кудум ошондой саясатчыларга татыктуубуз. Эмнегедир пейлибизди качырып алгандайбыз. Болбосо бүгүн биздин ынтымака келээр күнүбүз эле го. Тескеринче, эл экиге бөлүнүп турат. Андыктан 7-апрель мен үчүн аза күтө турган күн. Курман болгон балдардын жаны Жаннаттан орун алсын!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити