Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун жетекчиси: “Бул окуя бийликтин кезектеги “Белизгейт”, “Юпигейтге” окшогон калптардын бири”

 

- Садыр Жапаров венасын, мойнундагы күрөө тамырын өзү кесиши мүмкүнбү же анын өмүрүнө кол салуу болдубу?

 

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

 

“Садыр ички духу өтө күчтүү, өжөр жана ислам маданияты менен бекем суугарылган жигит”

 

- Бул маселе өто оор, ар кандай суроолор менен коштолот. Садыр ички духу өтө күчтүү, өтө өжөр жана ислам маданияты менен бекем суугарылган жигит. Өз өмүрүн кыйган кадамга барды дегени күмөн жаратат. Ал маалыматка ишенүү өтө кыйын. Экинчиден, эгер чындап эле өз өмүрүнө кол салгысы келсе, анда ага кимдир бирөө же бир нерсе түрткү болушу мүмкүн. Ошондуктан, мыйзам боюнча Садыр Жапаровду ошондой абалга келтиргендерге, башкача айтканда, күнөөлүүлөргө кылмыш иши козголушу керек.

 

Улукбек Кочкоров, экс-депутат:

 

“Мен билген Садыр Жапаров өзүнө өзү кол сала турган жигит эмес эле”

 

- Бир нерсе деп айтуу кыйын... Бирок мен билген Садыр Жапаров өзүнө өзү кол сала турган жигит эмес эле. Аны мен көк жал деп билчүмүн, тирүүлөй терисин сыйырсаң да кыңшылабаган.

 

Акин Токталиев, адвокат:

 

“Садырга бийлик тараптан заказ болуп, кол салуу уюшулган”

 

- Хадисте айтылат, “качан мусулман баласына калп айтууга шарият жол берет” деп. Биринчиден, эгер өзүңдүн өмүрүнө зыян келип жатса. Экиндичен, эки киши талаш-тартыш болуп жатса, үй-бүлө бузулуп калбас үчүн элдештирүүнүн аракетинде айтсаң болот. Садыр Жапаров менден да жакшы билет хадистерди. Анткени, ал чоң молдонун баласы. Эгер Алланын берген сыноосуна чыдабай, өзүнүн өмүрүнө өзү кол салса, тозокко түшөөрүн да жакшы билет. Ошондуктан бир туугандарынын жана балдарынын өмүрүн сакташ үчүн, жалган маалымат берген. Ачыктан ачык Садырга бийлик тараптан заказ болгон. Башкача айтканда СИЗОнун ичинен кол салуу болгон. Эртеби - кечпи, бийлик алмашкандан кийин ачыкка чыгат. Садыр СИЗОго камарын жана психикалык күч колдонорун билип туруп келген. Садыр ошого даяр болуп келген, бирок бир туугандарын, тууган туушкандарын камап жиберерин билген эмес. “Бийлик мыйзамды бузбайт”- деп ойлогон, “жоопко тартса мени гана тартат” деп. Ошондон гана жаңылган, мыйзам менен эмес, түшүнүк менен камаарын.

 

Канышай Мамыркулова, журналист:

 

“Өз өмүрүмө кол салдым” деген кат кыйноо түрүндө жазылышы мүмкүн...”

 

- Мен болгонун эле айтайын,  “өз өмүрүмө кол салдым” деген маалыматка  ишенбейм. Ал өз колу менен жазылган кат кыйноо түрүндө болушу мүмкүн. Буга чейин үч жыл издөө жарыялабай туруп, өз эрки менен келген адамды баса калып, камаган бийлик тарабынан жасалган ыкма болушу толук мүмкүн. Эми ал киши акыркы чындыкты айта турган күн деле алыс болбосо керек. Кыргызстандыктар 37-жылдагыдай куугунтукту кечке эле көтөрө албайт.

 

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат:

 

“Бул окуя боюнча анын өзүнүн видеосу чыккандан кийин гана ишенсек болот”

 

- Мен көзү ачык эмесмин. Ар кандай болушу мүмкүн. Ал жигит көптөн бери тышта жүрөт. Өз мекенине кире албай, тышта көпкө жүргөн адамдардын психикасы да өзгөрөт. Кыскасы, бул окуя боюнча анын өзүнүн видеосу чыккандан кийин гана ишенсек болот....

 

Айбек Бусурманкулов, активист:

 

“Кыйнап, сындыруу максатында №1-СИЗОго камашты”

 

- “Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салды” деген маалымат бийликтин басымынын негизинде чыкты деп ойлойм. Кыйнаш, сындырыш максат болгон үчүн №1 СИЗОго камашты да. Негизи УКМКга камашы керек болчу.

 

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун жетекчиси:

 

“Бул окуя бийликтин кезектеги “Белизгейт”, “Юпигейтге” окшогон калптардын бири”

 

- Бул окуяны бийликтин кезектеги “Белизгейт”, “Юпигейтке” окшогон калптардын бири катары кабыл алдым. Кантип эле Садыр өзүнө-өзү кол салсын. Ар бир “хатада” камера жок. Акылга сыйбаган калптарды чыгара беришет. Акылы терең адамдар эч кимиси ишенбейт. Колуна бир тикен кокустан кирип кетсе - кандай жаның ачышат. Садыр акылдуу, ыймандуу инсан. Ал андай жаман жоруктарды жасабайт. Садыр колун, мойнун өзү кести дегендер терең жаңылышат. Бул маселе мындан төрт жыл мурдагы Айбек деген МАИнин кызматкери УКМКда “өзүнүн-шарфына өзү асынып алды” дегендей эле кеп. Кыскасы, Садырды келечекте президенттикке талапкер кылбаштын амылын жасап жатышат.

 

Төлөгөн Сулайманов, журналист:

 

“Саясатчыны №1-СИЗОго алып баруу - аша чапкандык”

 

- Бул жерде көп маселе бар. Негизинен Садыр Жапаров УКМКнын убактылуу кармалуучу жайында болушу керек эле. Саясатчыны №1-СИЗОго алып баруу аша чапкандык. Ал эми венасын кесүү боюнча айтсак, жеке пикиримде ага эч ким кол салбаса керек. Анткени ал жакта деле адамдар отурат. Алтургай ар бир сөз үчүн жооп сурай тургандар бар. Балким моралдык жактан басым болушу мүмкүн. Коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн ушундай кадамга барса керек. Кыскасы тергөөдө баардыгы тыкыр иликтениши зарыл.

 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу:

 

“Садыр Жапаровду саясый аренадан жок кылуу аракети жүрүп жатат”

 

- Ар бир адам жашоого укугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүн коргоого мамлекет түздөн-түз милдетти алган. Адамдын өмүрүнө кол салуу оор кылмыш катары бааланып, сот жообуна тартылат жана жаза алат. Демек Садыр Жапаровдун өмүрүнө ким коркунуч тудуруп жатат?

 

Садыр Жапаровду бийлик камакка алганда, анын ден-соолугун, өмүрүн коргоо милдетин толугу менен алышы керек. Тилекке каршы азыркы убакта Атамбаев өзүнүн оппоненттерине атайын сокку берип жатканын көрүп келе жатабыз. Мыйзамсыз камоого алдырып, ар бир саясый лидерди кайгыга чөмүлтүп, жанына коркунуч жаратып жатканы оор кылмыш деп эсептелет.

 

Бүткүл дүйнөдө мыкаачы диктаторлор кездешпей койбойт, алыс барбай эле Түндүк Кореяны алсак, эмне деген оор кылмышка барып, бүткүл дүйнө адамзатын ички дүйнөнөсүн кейитүүдө. Кыргызстанда Атамбаев дагы каардуу кырдаалды алып келе жатат. Өткөндө түрмөдөн качкан 9 кылмышкерлерди бирин калтырбай өлтүргөнү, адам сапатынан жана мыйзам чегинен чыккандык эмеспи. Ошол убакта мен алдын ала макала жазган элем, бирок эч ким көңүл бурулбай койгон.

 

Эсиңерден чыгарбагыла бийлик төбөлдөрү, башыңарга келип калса өзүңөрдүн өмүрүңөргө коркунуч туулат, ага эч ким кепилдик бербейт. Садыр Жапаровго бийликтин кылган мамилеси чектен чыгып кетти. Садыр Жапаров саясый аянтында бир далай эмгек кылып сый-урматка жетип, эл колдосуна ээ болуп келе жаткан. Мындай ийгиликке жеткен саясатчыны бийлик түздөн-түз саясаттан четтетип жатканы, аракет эмеспи. Бийлигин пайдаланып Садыр Жапаровду куугунтукка алып, акесин таанытып, өлүм алдына алып келди. Мындан ашкан кордук барбы? Мындай жаман кадам менен элди коркутуп башкарам дегениби? Садыр Жапаровду жана анын туугандарын, балдарын өлтүрсө дагы, бийлик мураска жетпейт. Коркутуу кадам менен элди сындыра албайт, кайра карама-каршылык жаратып, башаламандыкка алып келет.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити