Чак түштөгү чагылган...

 

“Кыргыз темир жолу” (мындан ары кыскартылып – “КТЖ”) ишканасынын чырдан башы чыкпай келе жатканына көп жыл аяк басты. Жакында эле “Дыйкан” базарына байланыштуу чыр ырбап, нааразы болгон эл митингге чыкты эле. Эми болсо “КТЖга” караштуу, көптөгөн коррупциялык талаштын ордосуна айланган “Локомотив” спорттук ден-соолукту чыңдоочу комплексинин талашка түшкөнү белгилүү болду. Бул ирет биз “Локомотивдеги” коррупция тууралуу сөз кылбайбыз (ал жөнүндө буга чейин көп ирет жазганбыз), маселе – аны тартып алуу аракетинде болууда.

 

КР темиржол жана унаа курулушчулары профсоюзунун төрагасы Р.Мазитов жана Темир-жолчулардын профсоюз жетекчиси Э.Докенов 2017-жылдын 24-мартында КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумкадыровго кат жолдогон. Анда алар үстүбүздөгү жылдын 7-мартындагы Маммүлк фондусунун башында турган Болсунбек Казаковдун “Кыргыз темир жолуна” караштуу “Локомотив” спорткомплексин алардан алып, жыл башында түзүлгөн “Мүлк” мамишканасына өткөзүп берүү багытындагы буйругуна нааразычылык билдирген. “Биз, темир жолчулар Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаковдун мыйзамдарды көзгө илбей, биздин укуктарды көз көрүнөө тебелеп жатканына нааразыбыз. Биз бул спорт комплексин өзүбүз мээнет менен тапкан каражатка эмгекчилер, алардын үй-бүлөлөрүнүн ден-соолугун чындоо максатында курганбыз. Б.Казаков муну таптакыр эске албастан, аны “Мүлк” мамишканасына коммерциялык багытта иштетүү үчүн, демек пайда көрүү максаты менен берип салууда. Муну рейдерчилик десек жумшак айткан болобуз, бул кадимкидей эле бандиттик талап-тоноо!”,- дешет профсоюз мүчөлөрү. Мыйзамга ылайык, “Кыргыз темир жолу” КР Транспорт жана жол министрлигинин башкаруусуна таандык, ал мамлекеттик ишканадан акционердик коомго айланбагандыктан, мамлекеттин үлүшү бар чарба субъектилеринин катарына кирбейт. Демек, Маммүлк фондусу “КТЖга” тийешелүү “Локомотивди” өзү каалаганча бир жерден алып, экинчисине өткөзүп жиберүүгө таптакыр акысы жок.

 

Деги эле, “Мүлк” фондусу атайылап, Болсунбек Казаковдун жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында гана түзүлгөндөй туюлат. Аны “конфискацияланган мүлктөрдү эффективдүү башкарууга” жамынуу менен Болсунбек мырза жыл башында, тагыраагы 2017-жылдын 17-февралында түзүү чечимин чыгарат да, өкмөттүн атайын токтому “Эркин Тоо” гезитине 28-февралда жарык көрөт. 3-мартта ага жетекчи катары - барган жерин талкалагандан башка иши көрүнбөгөн, айтылуу Орозбек Нусувалиев дайындалат. Анан түзүлө элек жатып булардын назарынын киреше берүүгө оңдуу “Локомотивге” түшүп калганын карабайсызбы! Аталган буйрукту “КТЖ” жетекчилиги 13-мартта гана алган. Буйрукка ылайык, “Локомотив” комплексин бүт жер аянты менен “Мүлккө” 13-мартка чейин өткөзүп берүү керектиги белгиленген. Аны “Мүлктүн” башчысы Орозбек Нусувалиев 10-марттагы “бардык документтерди ыңгайлаштырууга жардам берүү” өтүнүчү камтылган кат менен кошо өзү “лично” 13үндө алып келген. Ушунун өзүнөн дап-даана рейдерлик иш-аракет болуп атканын байкаса болот. Болбосо, эмнеге бир карыш жерде турган жерге буйруктун нускасы арадан аткаруу мөөнөтү бүтөрдө гана берилди? Ушундай байкабастык жол менен “Локомотивге” ээлик кылып, акчага туйтунуп, байыгылары келип атканы кашкайып көрүнүп калбадыбы! “Биз бул иштин артында Болсунбек мырзанын өзү турганынан шек санабайбыз. Себеби, бул Б.Казаковдун мамлекеттин мүлкүнө карата биринчи эле мыйзамсыз иш-аракети эмес. Б.а. азыркы премьер-министр С.Жээнбеков Б.Казаков “подставить” этип аткан биринчи өкмөт башчысы эмес. Ал 2011-12-жылдары эле “Кыргыз темир жолун” рейдерлик тартып алууга аракет жасаган. Бирок анда ал буга үлгүрбөй калган. Анткен менен, ошол кезде ал ишке ашырып ийген нормативдик-укуктук актылар азыр да “КТЖга” терс таасирин тийгизүүдө. Мунун максаты тармакты талкалоо, банкроттукка кабылтуу, анан жеке менчикке чыгарып кетүү”,- делет профсоюз комитеттеринин кайрылуусунда.

 

Болсунбек Казаковдун премьер-министрдин кароосуна киргизген “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тууралуу Жобону бекитүү” багытындагы КР өкмөтүнүн токтомунун долбоорунан баш тартуу керектиги профсоюз тарабынан айтылды. Ага кол коюлса, Маммүлк бардык мамлекеттик мүлктөргө ээлик кыла баштайт, аларды четинен сатып, жок кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анан өзүнө башкармалык башчыларын, орун басарларды жыл сайын алмаштырып туруу укугун алууда. Минтип олтурса ал кызмат сатып эле укмуш байып кетет го! А “Мүлк” фондуна аты коррупция менен символдош экени эл арасында айтылып аткан Нусувалиевди жетекчи кылып тандаганын эске салсак, маммүлктү сатып жок кылуу базары ачылганы калды окшойт.

 

Маммүлк башчысы учурда “Локомотивди” эптеп “КТЖдан” сууруп чыгуу максатында өкмөт башчыларын ар кандай сөздөр менен алдоодо. Мисалы, анын айтымына караганда, “Локомотив” – чыгашалуу ишкана имиш. “Бирок, “Локомотив” өз алдынча ишкана эмес, ал темир-жолчулардын спорттук ден-соолукту чыңдоо комплекси, ошону да эске алыш керек. Ошого карабастан ал элге кызмат көрсөтүп келүүдө”,- дешти профсоюздан.

 

Бир гана нерсеге таң калып турабыз. “КТЖнын” мүлкү тууралуу сөз болуп жатса, эмнегедир анын башчысы Алмазбек Ногойбаев үн катпай, кумга башын салган “страустай” олтурат. Же “КТЖ” мүлкүн коргоо жалгыз эле профсоюздун ишиби? Деги эле А.Ногойбаев темир жолчулар үчүн күйөбү?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж