Тарыхтагы кара так...

 

Албетте, болуп өткөн окуя түзмө-түз атам Азимбек Бекназаровго байланыштуу болгон соң кандай башталып, кандайча курчуганы, кандайча ок атылганы баш-аягына чейин эсимде. Себеби, түзмө-түз ошол окуялардын арасында болгонмун. Ошол окуяда каза болгондорду, жарат алгандарды, түзмө-түз катышкандарды жакындан билем. Бул окуянын аттары түзмө-түз айтылып жаткандардан башка дагы 100дөй баатырлары бар. Алар бүгүнкү күндө эл арасында жайма-жай өз тирилигин өткөрүп келишет. Баарына ачык-жашыруун ыраазычылык билдирип жашап келебиз. Алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки тарыхта аттарын жазган тирүү легендалар.

 

Аксыдагы трагедиялык окуя болгон Боспиек айылында жылда эскерүү, ал окуядан үлгү алуу, андай окуялардын кайталанбашы үчүн тиешеси бар адамдар 17-мартта чогулууну салтка айланткан. Бул жолу дагы атайын эскерүү иш-чарасына бул окуянын каараманы Азимбек Бекназаров, аны коргоп чыгышкан адамдар, жабыркагандар, бийлик өкүлдөрү катышты.

 

Алгач Азимбек Бекназаров баш болгон бир нече коомдук, саясий ишмерлер окуя болгон жерге гүл коюшту. Андан соң 20 минуттан кийин бийлик өкүлдөрү премьер-министр С.Жээнбеков, президенттин аппаратынын жетекчиси С.Исаков баш болгон бийлик өкүлдөрү гүл коюшту. Андан соң мамлекетибиздин муфтийинин орун басары, устазыбыз Акимжан Эргешов Куран окуп, сообун каза болгондорго багыштап, бул окуядан үлгү алуубузду, мындан ары жакшылык болуусун тилеп дуба кылды. Президенттин аппарат жетекчиси С.Исаков мамлекет башчысынын кайрылуусун окуду. Премьер-министр С.Жээнбеков дагы жабыркагандарга көңүл айтып, өлкөбүздө жакшылык болуусун кошумчалады: “Коомдун эркиндиги, бийликтин адилеттиги үчүн күрөштүн алгачкы жеӊиши – 2005-жылдын мартындагы жеӊиш -  ушул Аксыда курман болгон жигиттер баштаган күрөштүн жеӊиши десек болот. Андан бери көп убакыт өттү, ошол жигиттердин өмүрү бекер кыйылган жок. Алардын элеси кийинки күрөштөрдү шыктандырды. 2005-жылдын март революциясы, 2010-жылдын апрель революциясы -  ушул Аксыда башталган күрөштүн уландысы болуп калды”.

 

Боспиектеги эскерүү ушул менен жыйынтыкталып Азимбек Бекназаров баш болгон Рамазан Дырылдаев, Равшан Жээнбеков, жазуучу-тарыхчы Ч.Абыкеев, ЖКнын “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары жана “Эл-үнү” саясий кыймылы “Аксы окуясына” арнап ачылган музейде боло турган жалпы жыйынга жөнөшсө, бийлик өкүлдөрү Аксынын борборун көздөй сапар алышты.

 

Бул көрүнүш эл менен бийлик ортосундагы ажырымдын жашыруун бир белгиси десек болчудай. Себеби, “Аксы окуясына” арналган музейдин жанында жалпыланган жыйын уюштурулган эле жана ага оппозиция, бийлик өкүлдөрү жалпы чакырылган болчу.

 

Бийлик ээлери жашыруун, сырлуу жолугушуу кылганча жалпы чогулган элге келип, чогуу кеңешип, али дагы тирүү жүргөн окуяга тиешеси бар тарыхий инсандар менен биргеликте бул окуядан алчу үлгүнү изденишип, келечекке болгон кадамды баарлашып алышса жакшы болоор беле деген гана пикир....

 

Руслан Бекназаров

 

Толуктоо: “Аксы окуясына 15 жыл. Аксы окуясынан бийлик сабак алдыбы?!”- аттуу эскерүү жыйынында жасалган докладдарды, жарыш сөздөрдү, ой-пикир, сунуштарды эске алуу менен эскерүү жыйыны атайын резолюция кабыл алды.

 

Анда маселен:

 

“- 2002-жылдын 17-18-мартандагы кайгылуу Аксы окуясынын башында президент А.Акаев турган, анын авторитардык мамлекеттик бийлиги күнөөлүү экени дагы бир жолу тастыкталсын.

 

- Аксы окуясынан башталган элдик эки революциядан кийин бийликке келишкен президенттер К.Бакиев, А.Атамбаев Аксы окуясынан сабак албаганы белгиленсин.

 

- 2005-жылдын 21-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги эки элдик революция тең өз максаттарына жетпегендиги белгиленсин.

 

- Алты жылдан бери ушак-айың, жасалма арыз жаздыруу, кылмыш-иш токуу менен ишке ашырылып жаткан Атамбаев-Сегизбаев тандеминин өнөкөткө айланып бараткан авторитардык-криминалдык саясаты токтотулсун.

 

- Азыркы ЖК конституциясында белгиленген эң жогорку көзөмөлдөөчү орган катары өз ыйгарым укуктарын аткара албай жаткандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 10-апрелине чейин өз ыктыяры менен таркап кетсин.

 

- Саясий туткундар бошотулсун.

 

- Өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык, укуктук жана нравалык кризистерди болтурбоо максатында “Эл үнү”, “Элдик курултайчылар” коомдук саясий кылмылдары, “Ата-Журт” саясий партиясы жана башка мекенчил саясий күчтөрдүн демилгеси менен жалпы улуттук идеялар менен биригүү максатында 2017-жылдын 24-мартында Жалал-Абад шаарында өткөрүлүүчү элдик курултай колдоого алынсын жана анын экинчи этабы апрель айында Манас-Ордо, Чеч-Добо... сыяктуу касиетүү аймактарда өткөрүлүшү сунуш кылынсын.

 

- Президент Атамбаевдин жеке демилгеси менен сөз эркиндигин ооздуктоо, журналистерди кугунтуктоо токтотулсун” - ж.б. деп айтылган.

 

Справка иретинде: 2002-жылдын 17-18- мартында Кытайга Үзөңгү-Кууш аймагын сатуу чечимине каршы чыгып, аз өтпөй камакка алынган ЖК депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен пикетке чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам каза тапкан. 33ү ар кандай жаарат алган. Анын натыйжасы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде өзгөрүү жаратып, кийинки олуттуу окуяларга өбөлгө болду деген саясий пикирлер айтылып келет.  Ушул кандуу окуяга ошондогу президент Аскар Акаевди сыртынан күнөөлөгөн менен эмдигиче эч ким жоопко тартыла элек. Бирок “Аксы окуясы” – Акаевдин бийликтен кетирилишине негизги себептердин бири болгон. 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити