Сугалактыктык курсак жарат...

 

Өткөн жумада Бишкек мэри Албек Ибраимов маалымат катчысы Гуля Алмамбетованы өйдөдөн түшкөн буйрукту аткарып кызматынан ыргытканы белгилүү болуп, катуу ызы-чуу түштүк эле. Көрсө, Гуля учурда оппозициянын апасына айланган Аида Салянованын классташ курбусу экен... Буга улай, Албек Ибраимовдун дагы бир күмөндүү кадрлык жүрүшү ачыкка чыкты. Редакцияга түшкөн маалыматка үңүлсөк, мэрдин “амири” менен кызматка илинген Ы.Мааткабылов деген неме шаардын спорт тармагын талкалоо менен алектенип жүргөн окшойт...

 

Ырысбек Шаршенбаевич Мааткабылов шаардык физкультура жана спорт комитетинин начальнигинин милдетин аткаруучу болуп 2016-жылдын 13-июнунда мыйзамсыз дайындалган. Анткени, Эмгек кодексинин 74-беренеси, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык, ваканттык орунга бошогондон тартып 10 күндүн ичинде ачык конкурс жарыяланышы керек. Бирок, мэрия тарабынан бир гана шаардык спорткомитет тургай, башка да ондогон кызмат орундарына конкурс жарыяланбай, жалаң “и.о.” дегендер дайындалып келет.

 

Бишкек прокуратурасынын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык спорткомитет башчысы болуш үчүн спорт, физкультура, мендежмент, мамлекеттик же муниципалдык башкаруу, юриспруденция багытында жогорку билим, ошондой эле мамкызматтарда үч же адистиги боюнча жалпы беш жылдык тажрыйбасы болуусу тийиш. Ырысбек мырза “экономика” жана “эл аралык байланыш” боюнча билим алыптыр, эмгек тажрыйбасы такыр жок. Башкача айтканда, анын бул кызматка олтуруусуна мыйзам жол бермек эмес, эми Албек турганда аны уруп ойнойбу, туурабы?

 

Бишкек прокуратурасы билимсиз спорткомитет жетекчиси бир топ каржылык мыйзам бузууларга жол бергенин да ачыктады. Мисалы, 2016-жылга шаардык спорткомитетинин чыгашалары 45 миллион 437 миң 300 сом болуп бекитилсе, иш жүзүндө 41 млн 54 300 сом коротулганы маалым болгон. Ошол эле убакта кассалык чыгашалар менен иш жүзүндөгү чыгашаларды айырмасы 4 миллион 263 миң 800 сом болуп чыккан. Бул акча каражаттары башкармалыктын кызматкерлерине ар кандай шылтоолор менен берилип кеткен. А бирок, 4 миллион 263 миң 800 сомдун ичинен 3 миллион 191 100 сомуна авансалык отчет эмдигиче түшкөн эмес. Бизде жыл сайын спорттук мелдештердин календарлык планы бекитилет. Андыктан, жогорудагы акча каражаттары ар кандай спорттук мелдештерди өткөзүүгө чыгымдашканы суу кечпейт, баары мыйзамсыз коротулган.

 

Мындан тышкары, Ы.Мааткабылов кызмат абалынан пайдаланып, 248 940 сомду ал жерде иштебеген белгисиз адамдарга ооз жүзүндө буйрук берүү жолу менен бердирткени ачыкка чыкты. Мисалы, спорткомитетке таптакыр тийешеси болбогон К.Б.Бикбаев дегенге 34 500 сом номуру жана датасы көрсөтүлбөгөн кассалык ордер аркылуу карматылган. Ушундай эле негизде “Урмат” дегенге (ал АКС ГКНБда иштейт экен) 20 миң, “Наргиза” деген кызга 50 миң, “Дордой” футбол клубунун машыктыруучусу М.Жумакеевге 126 440 сом ж.б. берилип кеткен.

 

Дагы бир орчундуу мыйзам бузуу – К.Кадыровго ремонт иштери үчүн 823 760 сом берилиптир, бирок азыр же акчадан, же ремонтунан дайын жок. Деги эмненин ремонтуна мынча ири суммадагы акча коротконун да эч ким билбейт.

Өзүнүн мыйзамсыз кыңырларын жабуу үчүн Ырысбек Мааткабылов жасалма буйруктарды токуп, 1 миллион 623 100 сомго жасалма спорттук иш-чараларды бекиткен. Бирок алар жыл башында бекитилчү календарлык планда жок. Булардын бирине токтоло кетсек: 2016-жылдын 17-октябрында Ы.Мааткабылов №85-буйрук чыгарып, “Шамдагайлар-Таймашы” иш-чарасын бекитет, ага 245 700 сом бөлүнөт. Ага баш бухгалтер А.Мамыралиева кол койгон эмес. Иш-чараны өткөзүүгө жооптуу Т.Акбашевге Ы.Мааткабыловдун колу коюлбаган, датасы жана номуру жок ордердин негизинде 225 700 сом жазылган. Дагы 19 395 сомго да ушундай нукта ордер толтурулган. Айтор, мындай нуктагы жасалма кагаздар кекиртектен ашат. Чын-чынына келгенде жасалма 1 623 100 сомго түзүлгөн смета боюнча эч ким акча алган эмес, баары артын тазалоо үчүн түзүлгөн. Бир да иш-чара өткөн эмес.

 

Жогоруда сөз кылгандай, башкармалыктын Карасаев көчөсү 41 дарегиндеги имаратынын 1-кабатын ремонттон өткөзүү үчүн 1 миллион 490 миң 920 сом Ы.Мааткабыловдун ооз жүзүндөгу буйругу менен Кылыч Кадыровго карматылыптыр. Ремонт жасоо үчүн тендер жарыяланган эмес. А К.Кадыровдун ремонт жасай турган лицензиясы да болбогон. Айтор, бул жагы да тергөөгө жем болчу иш экен.

 

Биз Бишкек шаардык физкультура жана спорт башкармалыгындагы Ырысбек Мааткабылов жол берген мыйзам бузуулардын четин гана айтып өттүк. Атактуу бай династиянын өкүлү болгону жана мэр Албек Ибраимов менен жеке туугандык мамилеси бардыгы үчүн эле бул Ырысбек Мааткабылов ушунчалык көөп жатабы? Же ага мыйзам жокпу? Бишкек прокуратурасынын маалыматы боюнча, аталган фактылардын баары шаардык Экономикалык кылмыштуулукка каршы башкармалыгына кылмыш ишин козгоо үчүн жөнөтүлгөн. Демек, шиши толуп жарылганы турат. Же туугандык, тааныштык, акча сунуштамай менен мындан да кутулуп кетеби? Эгерде мэр Албек Ибраимов президентти уят кылбай таза иштей турганы чын болсо, эмнеге таза иштөө эмне экенин билбеген адамды калкалап жатат?

 

Баса, Мааткабылов жөн жүрбөй, көп жылдык басып өткөн эмгек жолун эске албай, шаардагы спорт мектептеринин башчыларына да кысым көрсөтүп жатыптыр. Мисалы, Ленин районундагы №5 балдардын олимпиадалык резерв спорттук окуу окуу жайынын директорун айтканын кылбаганы үчүн кекитип, “мына сага” деп ооруканада жаткан жеринен кызматтан алып ыргытыптыр. Ал азыр соттошуп жатат, акыйкаттык болсо андан жеңип чыгаарынан шек жок, мыйзам Мааткабылов тарапта эмес. Кыскасы, бу Мааткабыловдун демин басып коё турган адам барбы деги Кыргызстанда?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.