же ага кыргыз чиновниктеринин кимиси аралашкан?

 

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеевдин негизги максаты – өлкөдөн капиталдын сыртка чыгып кетүүсүн токтотуу болууда.  Айрыкча, бийликтегилер көп жагдайларга  таасири бар жана ар кандай коррупциялык схемалардан жакшы киреше табышат. Бул адамдар өздөрүнүн карамагына бүткүл экономиканы каратып алышып, каржылык булактарды, анын ичинде капиталдын чыгып кетүү жолдорун жана аны адалдоону көзөмөлдөшөт.

 

Өзбекстандын президентинин УКМКнын башчысы Рустам Иноятов жана анын адашы, вице-премьер Рустам Азимовдор тарапка ачуулуу ишара кылгандыгынын себеби ушул жагдайга байланыштуу. Анткени бул экөөсү азыр деле ири каржылык ресурсту колдо кармап турушкандыктан жана экономиканын түрдүү тармактарын көзөмөлдөшкөндүктөн, жаңы президентке чоң коркунуч жаратышат.

 

Бул эки адам өлкөдөн капиталды чет жакка чыгарып кетүүгө байланышкан каржылык көз боёмочулукту толук бойдон көзөмөлдөшөт. Мурда ММКларда өзбек коррупционерлери акчасын латвиялык банктар аркылуу чыгарып кетип жатышкандыгы жазылган. Анын айынан латвияда чоң чыр-чатак болгон. Иноятов ошондой эле мурдагы президенттин кичүү кызы Лола Каримова – Тиллаеванын капиталын сыртка чыгарып кетүүсүнө “жардамдашкан”.  

 

Тимур Тиллаев –  Лоланын күйөөсү. Abu Saxiy Nur транспорттук компаниясынын башкы негиздөөчүсү болуп саналат жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы начальниги Хаёт Шарифходжаевдин жардамы менен мыйзамсыз (дээрлик пошлина төлөбөгөн) жүктөрдү Өзбекстандын аймагына ташып кирүү менен алектенет. Abu Saxiy Nur транспорттук компаниясынын кызматынан пайдаланган ишкерлер бажы пошлинасын иш жүзүндө Тимур Тиллаев жана анын жубайы Лола Тиллаевага төлөшөт.

 

Лола Каримова жана Тимур Тиллаевдердин бизнес-түзүмдөрү Рустам Иноятов менен байланышкан Asia Аlliance Bankтын ишмердүүлүгү менен тыгыз кызматташат. Бул банк өз учурунда кылмыштуу каражаттарды адалдоону негизинен латвиялык банктар аркылуу жүргүзөт (бул тууралуу тагыраак төмөндөгү даректен окуп алсаңыз болот: http://cacompro.blogspot.com/2016/04/blog-post_68.html)

 

Тимур Тиллаевдин фирмалары жана ага караштуу Ташкенттеги ири Абу Сахий базары аркылуу Өзбекстанга ташылган дээрлик баардык импорт буюмдар өтөт. Бирок бул жерде эч кандай пошлина жана бюджетке башка төлөмдөр тууралуу сөз да жок. Себеби баардык акчалар Тимурдун чөнтөгүнө түшүп турат. Эгер бир коробка ширеңкени да өлкөгө УКМКнын уруксатысыз алып кирүүгө мүмкүн эместигин эске алганда, бул жагдайга комментарий жасоо деле ашыкча болор. Тиллаев импортчуларды тонойт жана ал акчаны УКМК, демек Иноятов менен бөлүшөт.  Бул жерде белгилеп коё турган жагдай, аткезчилик жүктөр Кытайдан товарларды рекспорттоонун ири жолуна айланган Кыргызстандан ташылат.

 

Узак жылдар боюу Жаныш Бакиев менен жакшы байланышта болгон  Рустам Иноятов Кара-Суу базарынын ири үлүшүнө ээ болуп келген. Иноятов Максим Бакиев көзөмөлдөгөн латвиялык-инвестициялык “Mavl Aktivi“ холдингинин 30%на ээлик кылат. 

 

Ошондуктан Кудай өзү Кыргызстанды акча жана башка товарларды мыйзамсыз ташып өткөрүүчү пункт катары түзүп койгон. Бул өлкө Өзбекстандын жогорку кызматтагы ууруларынын капиталын чыгарып кетүүнүн негизги багыттарынын бири да  болуп калган.

 

Бирок Бакиевдер бийликтен кулагандан кийин бир топ кыйынчылыктар пайда болду. Мурда жеңил эле, Таллаевдердин акчалары Максим Бакиев көзөмөлдөгөн банктарга түшчү, андан соң Латвияга жөнөтүлүп, андан ары ар кайсы оффшорлорго түшүп калчу. Кыргызстанда 2010-жылы болгон революция өзүнүн эрежесин киргизди. Кыргызстандын атайын кызматтары бакиевдик көз боёмочулуктардын издерин издей баштап, өлкө аймагы аркылуу үчүнчү тараптарга акчаны жиберип турган курьерлер ким экендигин аныктай баштады.  

 

Андыктан латвиялык олигарх Валерий Белоконго тиешелүү “Манас” банкы жана  “АзияУниверсалБанк” кылтакка илинди. Иш жүзүндө Кыргызстан Бакиевдердин тушунда кылмыштуу кирешелерди, анын ичинде Өзбекстандан мыйзамсыз акчаларды адалдоонун   “мончосуна” айланып калган.

 

2010-жылдагы революциядан кийин деле өзбек финансылары Кыргызстанга жөнөтүлө берди жана андан ары башка жолдор менен үчүнчү өлкөгө кетип жатты. Анүчүн капиталды чыгарып кетүүчү кураторлор дайындалган.  

Алардын бири 2010-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандын аймагында жашаган Хамидов Спартак Мусинович болгон. Хамидовдун негизги милдети Өзбекстандын жогорку кызматтагы чиновниктеринин накталай акчасын алып чыгып, андан ары Кыргызстан аркылуу Россияга жиберүү болгон.  

 

Акчаны жөнөтүүнүн схемасы төмөндөгүдөй түзүлгөн:

 

Хамидов эки кыргызстандыктар – Кульбаев Мирлан жана Халилов Нурзаттар менен жакшы ишкер мамиле түзүп, алар өзбек коррупционерлеринин капиталын чыгарууга макул болушкан.

 

Кульбаев жеке ишкер катары катталган жана “Экс-Им Фуд” ЖЧКны негиздеген. Бул адам жеке өзү “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу Россияга 83 948 300 (сексен үч млн. тогуз жүз кырк сегиз миң үч жүз) АКШ долларын, 529 750 000 (беш жүз жыйырма тогуз млн. жети жүз элүү миң) евро акчаны жеткирген. Албетте, ага бул акчаны Спартак Хамидов берген.

 

Кыргызстандын каржы министрлигинин билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Нурзат Халилов “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу 104 467 400 (жүз төрт млн. төрт жүз алтымыш жети миң төрт жүз) АКШ долларын алып өткөн. Ага да акчаны Хамидов берген.

 

Бул эки адам – Кульбаев жана Халиловго карата Кыргызстандын каржы полициясы (ГСБЭП) тарабынан кылмыш иши козголуп, иш сотко чейин жеткен.

 

Бирок таң каларлык жагдайда бул экөөнүн кылмыш иши Спартак Хамидовго тиешелүү болгон эмес. Сыягы, байланышы жана таасири бар кайсы бир адамдар аралашкан окшойт. Хамидов кылмыш ишинин материалында бир жерде Фархад деп өтсө, башка жеринде Фарид деп айтылат. Кульбаев жана Халилов унчугушпайт, болду-болбоду алар Хамидовдун артында турган адамдардан коркуп жатышса керек.  

 

Бирок өтө акылдуу жана куу адамдардын карамагындагы Хамидовдун туруктуу байланышы, башкача айтканда акчаны жөнөтүүнүн каналы бар. Азырынча алар көшөгөнүн ары жагында кала беришүүдө.

 

Айрым маалыматтарга ылайык, бул Бурханов Азиз Бахрулович, “Бишкек петролеумдун” вице-президенти, Бишкектеги “Бухара” ресторандар тармагынын ээси жана экинчи адам “Муза” ЖЧКнын директору Мирталиб Мухамедзиев.

Азиз Бурханов 2004-жылы Кыргызстанда өлтүрүлгөн, Ысык-Көлдөгү “Рохат” пансионатынын директору, маркум  Бахрул Бурхановдун баласы болуп саналат.

 

Айтмакчы, “Рохат” жана башка Өзбекстанга караштуу дагы башка үч пансионаттардын кирешеси негизинен Иноятовдун чөнтөгүнө түшүп турган.

 

Ал эми “Муза” ЖЧК 1991-жылы түзүлгөн жана DHLдын Кыргызстандагы агенти болуп саналат. 20 жылдан ашык бул компания экспресс жеткирүү жана жүк жеткирүү рыногундагы лидер катары Кыргызстанда алдыңкы компания болуп таанылып келет.

 

Бурханов жана Мухамедзиев – бул Өзбекстандан акча которуу ишинде чындап эле олуттуу ресурсу бар, мыйзамсыз каржы операциялары үчүн капиталга ээ болгон фигуралар.

 

Мирзиеев мындан ары өлкөдө түзүлгөн оор экономикалык жагдайга байланыштуу капиталды ташып кетүүгө чыдай берүү мүмкүн эместигин түшүнөт. Болгондо да өлкө аймагынан экономиканы көтөрүү үчүн өтө зарыл миллиарддаган долларлар чыгарылып кетүүдө.

 

Жаңы президентке мындан ары элди катаал көзөмөл астында кармоо кыйын болот, андыктан ал кырдаалды өзгөртүүгө милдеттүү. Ошондуктан Өзбекстандын президенти мамлекетти ачык эле тоноп жаткан жогорку кызматтагы коррупционерлердин куйругун түйүп коюшу керек. Балким Мирзиеевдин саясый келечеги ушул маселени чечүүдөн  көз карандыдыр. Мирзиеев ушундай кадамга бара алар бекен?

 

Усман Хакназаров.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.