Кат жаздым сага...

 

Кагылайын калайык калк!

 

Мына эки-үч жумадан бери жаштарыбыздан карыларыбызга чейин чогулуп, аянтта митинг өткөрүштү. Эл сүрмө топтой бирде УКМКга, бирде соттун имаратын көздөй, бирде Ак үйдүн алдына карай чуркашып, убараны ай-да тартышып, кыйналуунун үстүндө болушту. Же бирөөдөн оңдуу жооп угушкан жок. Койгон талаптары жүйөлүү болсо да эч ким аларды укпады. Анан ошол митингге чыккандарга “тамак, акча таратылды” деген жалаа да жабылды.

 

Ал эми биздин күркүл депутаттарыбыз жашынып отурушат. Депутаттардын отурган жери хан сарай. Жылуу олпок. Жеген ичкендери кул жебестер. Аларга көчөдө туруп ачка тургандардын айткан-дегендери бир тыйын. Депутаттардын токуган мыйзамдары кана иштегени. Кана элдин турмушу, экономикабыздын оңолгону, коррупционерлердин тыйылганы. Тескерисинче, түрмөгө кылмыштуулук, коррупция менен отургузулгандар азыр ээн-эркин жүрүшпөйбү.

 

Ушул митингге баш-көз болуп, элди тынчытам деп жүйөлүү сөздөрүн айтып, элдин арасында кадыр-баркка ээ болушкан көрүнүктүү инсандар Садык Шернияз, Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова жана башкалар татыктуу кептерин айтышууда. Бул инсандар мурдатан эле элге белигилүү патриотторубуз эмеспи. Элди козутуп, митингге чыгарбай тынчтыкты камсыздоо сиздин милдет да, урматтуу президент.

 

Элдин үнү: жаштарыбыздын көпчүлүгү көр оокаттын, жумушсуздуктун айынан чет жакта кор болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, жан сактап жүрүшөт. Кана тентигендерди чакырып иштегенге завод, фабрика куруп, иш орундарын түзгөнү. Мекенибизде болсо, депутаттар, чиновниктер, министрлер мошенниктер өтө байып жашап жүрүшөт.

 

Урматтуу президент, сиз оппозицияда жүргөндө чогулуштарыңызга  мен да барып уктум эле. “Мен президент болуп калсам, пенсионерлердин акчасын көбөйтөм. Өлбө жаным өлбө деп араң жашап жүргөн пенсионерлерден уялам” дедиңиз эле. Ырас, акча кошуп жатасыз. 4 миң сом алгандар 5 миң сом алып калды. 50-100 миң сом алгандарга 5-6 миң сомдон коштуңуз, баракелде. Пенсия боюнча теңдештирген мыйзамды мамлекет болгондон кийин оңдоп, түзөп койсо болбойбу. Жок дегенде 10 миң сомго чейинкилерге көбүрөөк, андан көп алгандарга азыраак кошулса, элдин батасын алат элеңиз. Дагы бир маегиңизде: “Менден кийинки президент Аида Салянова болот. Ал бул орунга татыктуу”- дегенсиз. Мамлекет башчысы эки сүйлөбөйт эмеспи. Мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин Аида Салянованы сунуштап койсоңуз эл колдойт. Анткени, Аида аял, эне, өлкөдө тартипти, тазалыкты сактайт. Эч качан көөп кетпейт. Антпесе, илгертеден бери журт башчыларыбыз эки-үчтөн аял алышып, чексиз байлык топтоп, жыргалга батып, карапайым элди ойлобойт экен.

 

Ал эми Өмүрбек Текебаевди чындыкты сүйлөгөн, эч убакта калп айтпаган, жегичтер менен элдешкис күрөшкөн элдин чыныгы уулу катары тааныйбыз. Сиз улуу даражаңыз менен каматпай эле тынчтыкта сурак жүргүзсөңүз, эл дагы дүрбөбөйт болчу. Митингдеги ар кимдин сиз жөнүндө эң жаман сөздөрүн угуп, абдан кейидим. Сизден өлкө башчысы катары Дача Суудагы жарылган жаналгыч самолёттогу баалуу жүктөр, товарлар кимдики, ошону элге кайрылып айтып, жеткирип койсоңуз эл дагы сизге ишенип ыраазы болот эле. Ошол каргашалуу жүк кимдики экенин табуу ушунчалык кыйынбы?

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди президент катары эмес, замандаш ини, калемдеш катары жакшы көрөм, сыйлайм. Негизи жакшы адамсыз. “Датка кемин” электр тармагын курганыңыз бул кылымдын даңктуу курулушу. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен элдешкис душман болгонуңуз калың элге жакпай калды. Элибиздин кедей жашаганы да жаныбызды кейитет. Айылда жашагандардын жегени нан, чай. Чириген байлардын үйүнө кирсең төрдөн босого чейин жайылган тамактардан көзүң жалтанат. Карапайым калктын жашоосун оңдоого көңүл бурулбай, чет мамлекеттен таап келинген акчалар кайда кетет. Ал болду, бул болду деген жоопторго чынында эл ишенбейт.

 

Күзүндөгү шайлоого аттанган эр азаматтарыбыз татыктуу даярдансын. Элибиз тынч болсун. Бир ууч эл сүйлөй берет дебей эл алдына чыгып сүйлөп, түшүндүрүп, тынчтыкты камсыз кылыңыз.

 

Урматтуу президент. Сизди жумуртка менен уруп эч ким кет дебейт. И баса, жанагы Сапар Исаковду ордума калтырам деп жаңыла көрбөңүз. Ал жигиттин элге эмгеги сиңбесе, эч ким аны тааныбаса уят да. Кечээ эле жакында сизди жаныңыздан көрүп жүргөнүбүз болбосо.

 

Чынар Умурова, акын жана журналист

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.