“Стартта” турушат...

 

Президенттик жарышка аз убакыт калганда бийликтин былыгын жараны баскандай чукуп чыккан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камакка алып, бир баш оорудан кутулгансып турган бийликтин кийинки кадамдары кандай болорун аңдыгандар арбын. “Биринчи сөз болгон...” деген сыңары, сокку жакын арада ким тарапка багытталарын бийликтин ырын ырдаган маалымат каражаттары таркатууга өткөн кезектеги ушактардан эле байкаса болот.

 

Учурда Атамбаев бийлигинин бир эле чечилбес көйгөйү бар, ал мураскер үчүн жол тазалоо. Бул багытта реалдуу атаандаш боло турган фигураларды аренадан сүрүп чыгаруу. Эгерде бийликте эл колдоп кете турган талапкер жоктугун эске ала турган болсок, аларда бир гана ушул жол калат – тоскоолдук жараткандарды акырын шыбырап бул оюнан кайтаруу, непадам тил албаса Текебаев тагдыры менен коркутуу.

 

“Ата-мекенчилердин” ызы-чуусу басаңдай баштаган чакта президенттикке башкы атаандаш катары чыкчуларга карата каралоо кампаниясы күчөдү. Мисалы Өмүрбек Бабанов, Темир Сариевди болушунча боктоп жатышат. Ошентсе да, караланган жагынан биринчиликти “үчилтик” ишенимдүү ээлеп келе жатат.

 

Ак үйдүн кареги менен тең айланган жазмакерлер кожоюндарынын түн уйкусун ушул “үчилтик” бузуп жатканын алыс барбай эле токуп чыккан ушактарынан билдирип коюп жатышат. “Камчы минтип айтты”, “Ахмат алдап кетет”, “Адахан башка адамды колдойт”- деген көчө деңгээлиндеги ушак кепти таркатып булар чыныгы ой-максаттары үчөөнүн ынтымагын бузуу экенин жашырышпайт.

 

Мисалы: “президенттик такты эңсеп жаткан Ахматбек Келдибеков өзүн “президенттикке татыктуу мамлекеттик ишмер” катары мактата баштады”, “Келдибековдун кыялынын ишке ашышына досу Камчыбек Ташиев тоскоолдук жаратаары байкалып калды”, “үчүнчү санаалаш Адахан Мадумаров Садыр Жапаровду колдой турганын айтып тескери кетти”, “ошентип үчилтик үч жакты карап турган чак”- деген өңдүү коёндой окшош ушактар жайнап чыга баштаган кез.

 

Дал ошондуктан, үч кыргыз патриотунун ал-абалын билип келүү максатында кабарчыбызды жөнөтсөк, эч нерсе болбой эле, келечек пландарын чогуу чай үстүндө талкуулап жаткан жеринен чыгыптыр. Ак үйдүн балит-технологдору тарабынан эч бир чындыкка дал келбеген ушактар буга чейин да, кийин да көп таркатыла берерин айтышып, “элге айткыла, биз аягына чейин бирге болобуз”- дешиптир.

 

Баса, аликүнчө булардын кимиси президенттикке чыгаары белгисиз. Март айынын башында курултай өткөзүшөрүн айтышты эле, анын качан болору дале белгисиз. Элди кыжалаат кыла бербей, бир фамилияны айтып коюшса жакшы болбойт беле. Же “азыр ачыктасак президенттик шайлоого жеткизбей жыдытып бүтүшөт”,- деген ойдо жашырып турушабы?

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.