Баш кесер желдет

 

Акыркы кезде эркин журналисттер же басылмаларга асылбаган адам сейрек кездеше турган болуп калды. Президенти болобу, депутатыбы, кечээ бул кызматына кимдин колдоосу менен келгенин бат эле унутушуп, айтылган сынды көтөрө албай, тегиз журналист журтчулугун боктоо катардагы көндүм көрүнүшкө айланып баратат. Ал эми Атамбаевдин акыркы массалык маалымат каражаттарын айыптаган билдирүүсү кандайдыр бир репрессиялардан кабар берип жаткан жокпу? Сотторго мындайда миллиондук айып пул төлөткүсү келип кайрылган чиновниктер кезекке туруп калышчу эле...

 

Басма сөз эркиндигине ушундай чоң коркунуч туулап жатканда биринчи “дзотко” төшүн КР Журналисттер союзу тосушу керек. Башка мамлекеттерде эчак Журналисттер союзу ызы-чууга түшүп, “өлдүк” деп жатып калмак. Бирок бизде гана мындай көрүнүш байкалбайт. Эске салып коелу, эркин басма сөздү чектөө аракетин буга дейре Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев да жасаган. Аягы эмне менен бүткөнүн айтпай ак коелу, бирок, айтарыбыз – ошондо да ушул КР Журналисттер союзу “дудуктун” образына кирип, таптакыр башка мамлекетте жашап жаткандай түр көрсөткөн. Мунун баары албетте, бир гана “пендеге” келип такалган жагдай. КР Журналисттер союзун эгемендик колго тийгени Абдыкадыр Султанбаев агабыз “энчилеп” алып, такыр колдон чыгарбай келатат. Журналисттер үчүн бир кыш жылдырып койгон жан эмес. Тескерисинче, бийлик адатынча күчкө толуп, эркин журналисттик коомду тепкилей баштаса, ал кошулуп, “баш журналист” статусун унутуп, кошо көр каза баштайт.

 

Бул сапар да Абдыкадыр Султанбаев журналисттерге карата бийлик тараптан катуу дооматтар коюлуп, миллиондогон доолор ага кошо тиркелип жатканын көрүп туруп, тескери “сийе” баштаганын ачык айтууга туура келүүдө. Билбейбиз, бул кайрылууну ал өзү жаздыбы, же өйдө жактан түшүрүлдүбү, айтор, Султанбаев мырза журналисттерди коргоонун ордуна зекип, акыл үйрөтүп кирди. Кантип акыл үйрөткөнүн айтыштын кажети жок, журналист аты өчүп, чиновник сөлөкөтүн кийип калган адамдан не гениалдуу ой чыкмак эле? Башкасы ойлонтот: Султанбаев кайрылуусунда эркин басма сөз, сайттарды көрө албастыкка айыптоодо. Логикасына таянсак, Кыргызстанда майкөл-сүткөл заман өкүм сүрүп, аны биз, бузуку журналисттер көрө албай, боктоп жатыптырбыз. Ошентип ал акырын, президентти колдоорун билдириптир.

 

Өткөндө Абдыкадыр мырзанын дал ушундай сапаттарына нааразы болуп, журналист журтчулугу кызматынан алуу аракетин жасаган. Ошондо ал тоодой, бирок ишке ашпаган убадаларды берүү менен ордунда калган эле. Бирок чындап келгенде бир гана Абдыкадыр Султанбаев үчүн эле тирүү турган КР Журналисттер союзунун эмне кереги бар? Андай уюмдун барынан жогу. “Баш кесмек..” заман келатса, баш кесер желдеттин ролун аткарып аткан “баш журналисттин” бул кылыгына не дейбиз, урматтуу кесиптеш журналист журтчулугу, үн каткыла!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.