Ой-илик

 

- Президент А.Атамбаев атайын билдирүү менен чыгып, “айрым саясатчылар, эркин журналисттер сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алып, президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатат”- деген оюн билдирди. Ынансак болобу?

 

Асия Сасыкбаева, экс-депутат:

 

“Мамлекетти ойлобосо да, өздөрүн ойлошсо болот эле”

 

- Ынансак болот. Себеби, болушунча  каралап, ойго келбеген нерселерди  жабыштырып келишет. Ошон үчүн эл деле мурункудай гезиттерге ишенбей калды. Сөз эркиндигине жамынып алып, мыйзамды одоно бузуп, элге туура эмес, же бирөөлөрдүн саясатына, акчасына берилип кетип төмөнкү деңгээлине түшүп, ушакка берилген журналисттер көбөйүп кетти. Бул чоң күнөө. Азыр маани беришпегени менен өздөрүнө жана жакындарына эртеби-кечпи жаман таасири тийип калышы мүмкүн. Мамлекетти ойлобосо да, өздөрүн ойлошсо болот эле. Ал эми мамлекеттик деңгээлде алсак, мындай нерсе менен саясый элитабызды талкалап, башкаларга жем болуп калышыбыз мүмкүн деген коркунуч бар. Жер жүзүндө мамлекети жок ар кайсы мамлекетке батпай жүргөн эл аз эмес. Биз ошолорго кошулуп калбайлы. Мамлекеттин башында күчтүү лидер турбаса тагдырыбыз дайыма солкулдап келет. Андай лидерди, “Кыргызстанга таасир этет элем” деген мамлекеттер каалабайт. Ар кандай ыкмалар менен алсыздандырууга аракет кылышат. Ошондуктан биз үчүн парламент күчтүү болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына чечимдерди кабыл алыш керек. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бир муштум болуп мамлекетибизге коркунуч пайда болсо, же мамлекетибиздин тагдырын чечүү иш-аракеттерди талап кылганда туруп бериши керек. Ал эми президентибиз массалык мааламат каражаттары аркылуу жана жеке өзү, жанында иштегендер парламентти алсыздандырып келүүдө. Бул мамлекетибиздин коопсуздугунда алсыздандыруу деп эсептейм. Ошондуктан журналистерибиз көз карандысыз болуп мамлекетибизди өнүктүрүүгө багыт  алса, ошондо аларга таазим этип, ишенимдүүлүктү кайрадан жандандырып, жогорулатса болот эле.

 

Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

 

“Эшегине жараша тушагы”

 

- “Эшегине жараша тушагы” демекчи, акыркы кездеги саясаттын деңгээли өтө төмөндөп кетти. Бийлик тарабы дагы, оппозиция тарабы дагы. Бири-биринин жеке кемчиликтерине асылуу өнөкөт болуп калды. Мурдараак “жер сатылбасын”, “мамлекеттик обьектилер берилбесин” жана башка олуттуу маселелердин үстүндө сындоо болоор эле. Азыр жеке адамга "кличка" коюп алышып, ошол маселенин айланасында талкуу кылышат. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү. Эң эле өкүнткөнү өлкө башчысы президентибиз дагы ушул деңгээлде жүрөт.

 

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Көз карандысыз журналисттер чындыкты айтышат”

 

- Эркин журналисттер эмес,  Атамбаевге көз каранды КТРК жана анын арзыматтары кыргыз атуулдарын негизсиз каралап жатат. Ошондуктан, өздөрүнүн күнөөсүн эркин журналисттерге оодара салбай эле койсун. Эркин көз карандысыз журналисттер тескерисинче бийликтин катачылыгын айтып, чындыкты ачыкка чыгарышат.

 

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” саясый кыймылынын мүчөсү:

 

“Жалган ырдаган жерде чындык чыркырайт”

 

- “Жалган ырдаган жерде чындык чыркырайт”,- деген сөз бар. КТРК, ЭлТР, 5-канал, НТС, радиолордон, дээрлик баардык гезиттерден бүгүнкү бийликти мактаганын, Кыргызстан өнүгүп жатканын, жада калса “карапайым эл күн санап байып жашоосу оңолуп жатат” дегенин көрүп жатабыз. “Азаттык” жана бирин-экин интернет басылмалары кулаган учактагы жүктүн ээси ким, Максим Бакиевдин жерин басып алгандар ким, элдин кыйналганын, бийликтин тайраңдаганын жазып койсо, аларды соттоп, миллиондорго жыгып, айып салып, бузукулар деп жээригени  туура эмес. Эл баарын көрүп, баамдап турат. Акаев, Бакиев убагында да мынчалык болгон эмес деп айтып жатышат. Эл баарына тараза, эртеден кечке калпты чапкылаган КТРК болобу, “Азаттыктан” айтылган фактылар болобу баарын баамдап, көрүп, билип турат. Азыркылардын бийлиги мансапка айланып, көзүн май басып калган учуру. “100 грамм алып коёлу”, “сасык партия”, “мен миллионер” жана башка сөздөр президент, ажо, журт башчы айта турган сөздөрбү? Бүгүн президентти журналистер эмес, президент элди, оппонеттерин каралап, мазактап жатат десек болот. Элди биримдикке, ынтымакка чакырып, саясый маданиятты көрсөтүп, каралоо, жамандоо, коркутуп, камоо эмес, ачык дебат, диалог, саясый компромисс, кыргызча айтканда сөзгө, кепке келүү болуш керек эле. Бул адамдардын ушундай деңгээлинен, кылыгынын айынан бир мамлекет, бүтүндөй кыргыз эли кыйналууда.

 

Асейин Саралаев:

 

“Президентке асылгандар  өтө эле аша чаап кетти

 

- “Ал, бул” дегенибиз менен эки тарап тең бири-бирин негизсиз каралап атышат. Бирок президентке асылгандар  өтө эле аша чаап кетти. Кандай болгон күндө да президент деген атын сыйлоо керек. Шылдыңдап жаткандар өздөрү президент болуп калса, аларды да бирөө шакаба чегип отурса жакшы болобу? Ошон үчүн ага буга асылбай, колубуздан келсе, бири-бирибизге урмат сый менен мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек.

Ч.Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.