Баш маселе

 

Урматтуу Нургазы Анаркулов!

 

Сизге жана гезит жаматынын иштерине ийгилик каалайм!

 

Азыркы заманда жакшылык-жамандык каш кабактын ортосунда болуп, “баш кесмей да бар, тил кесмей да бар” заманда жашап калбадыкпы. Баякында бир акын айткандай, биздин мамлекетке “тар заман” кайра келгендей туюлуп жаткан кез.

 

Калдайган калың, карапайым кыргыз калкыбыз үчүн аман болгула, бар болгула!

 

Силер болбосоңор ак менен караны, жакшы менен жаманды, дос менен душманды, кала берсе эркек менен аялды ажырата албай элибиз караңгы туңгуюкка кептелиши турган кеп эле. Гезитиңердеги макалаларга бир эле мен эмес, бүт гезит окурмандары ыраазы болсо керек.

 

“Майдан.kg” гезитинин 08.03.2017-ж. №08 санында жарыяланган “Кокон ханы – 2” макала боюнча эл арасында талкуу жаратылып, ой-пикир бөлүшүүлөр болду. Кээ бир азаматтар “7 атага жигит бололу” деп айтышса, аял заттары да “кем калбай иштеп берели” деп колдоп жатышат. Элге кеңири болушу үчүн “элге кайрылууну” жарыялап коюуну суранам. Ошондой эле “Майдан.kg” гезитинин №8 санын окуганга издеп таппагандар болууда. Мүмкүн болсо дагы бир жолу “Кокон ханы -2” макаланы жарыялап койсоңор. Силердин бул эмгегиңерди карапайым эл унутпаса керек.

 

Сизди жана “Майдан.kg” гезитинин жамаатын терең урматтоо менен,

“Хан ордо - 7 Ата” тобунун атынан Айтбай Абдыкадыров

 

* * *

 

Карапайым кыргыз элине КАЙРЫЛУУ!

 

Кыргыз малекетинде 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик кызматка шайлоо  жылдын башында эле талапкерлерди көрсөтүү менен башталып кетти. Ал талапкерлер  кыргыз мамлекетинде эле жашап, акча каражатын жыйнаган саясий партиялар, миллионерлер, миллиарддерлер экенин эл көрүп, билип жатат. Жылдын башталышына 3 ай болбой туруп, 4-5 атуул президенттик кызматка талапкер болуп аттанды. Саясий партиялар, миллионерлер, миллиарддерлер элди жана мыйзамдарды сыйлаган жок. Себеби алар “эл эч кайда барбайт, акча менен элди сатып алабыз, а мыйзамдарда тебелесе болот” деген ойдо жүрүшөт.

 

Саясаттын сары шамалына караганда президенттик кызматка шайлоо күздө эмес эле жакын ортодо болчудай. Анткени, анда неге миллионерлер аябай эрте шайлоо жарышына аттанышты? Булардын шайлоо боюнча билген бир мандеми бар.

 

Күнүмдүк тиричилик менен алек болгон карапайым калк шайлоо менен жумушу да жок, эстерине да келбесе керек. Себеби эгемендикке ээ болгондон бери бийлик элди бакпай, эл бийликтин адамдарынын үй-бүлөсүн тууган-уруктары менен кошо багып, кала берсе аларды миллионер жана миллиарддер даражасына жеткизүү менен алек.

 

Бул учурда кыргыз элинен чыккан жөнөкөй аксакалдар тобу 25 жылдан бери эзилген, жумушсуздук айынан турмушу оңолбогон, жакындарынан күтүүсүз айрылган элдин тагдырын ойлоп, “Хан ордо – 7 Ата” тобу түзүлүп жаткан кези. Алар карапайым эл ичинен мыкты азаматты тандап, президенттик кызматка шайлоодо анын талапкерлигин көрсөтүү аракетинде.

 

Улукмандын 100 насыйкатында: “Эй атанын уулу, авал атаң - кудайың экенин тааны”,- деп айтылгандай, 7 ата - калкты калк алдында жер каратпаса керек. Ошондуктан, “кимдин баласы болосуң?”- деген суроого эми жооп берели.

 

Ансыз деле кыргыз эли өз атасын жана ата сөзун ыйык туткан.

 

Конституцияда көрсөтүлгөндөй, эл бийликтин булагы болгон укугубузду кайтарып алуу мезгили келди, эл бийлик адамдарын бакпай, “бийлик элди багат” деген мыйзам орнойт. Азыркыдай бийлик элге кызмат кылбастан, эл бийлик адамдарына кызмат кылып, бийлик адамдарынын  миллионер болушуна көмөкчү болгонду токтотолу. Эгерде бийлик элге кызмат кылганда 1 миллиондон ашуун кайраты тоону бузган эр азаматтар чет мамлекеттерге темселеп кетпейт эле. Эми өлкөдө ишке жарамдуу канча азамат калганын эсептегиле. Кокустан биздин өлкөгө ИГИЛ - баш кесерлери кирип келсе кимдер мобилизация болуп, аларга каршы согушуп, элдин коопсуздугун сактап калышына да акыл калчап көргүлө. Чет элде айласыздан жумуш издеп жүргөн эмигирант күчтөрдү өзүбүздүн жана мамлекеттин келечегине пайдаланалы, жакшылык- жаманчылыкта бирге бололу.

 

Кыргыз эли 25 жыл эгемендик жылдарда кимдердин ким экенин аябай жакшы эле билип калышты. Бирок, “өңдү көрсө жүз таят” болбойлу.

 

Акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан эрчий турган убакыт келди. Убакыт –өсүмдүк, дарактарга жылына бир келсе, адамзатка 50-100 жылда бир эле жолу келет. Тирүү туруп, угуп-көрүп,убакытты текке кетирбейли!

Оо, калайык калк!!! Кайдыгер болбойлу! “Хан ордо – 7 Ата” сөзун уккула!

 

Президенттик кызматка талапкерди карапайым калк арасынан шайлоого аймактык “7 Атанын” аталык иш аткаруусуна ишеним билдирели жана колдоо көрсөтөлү!

(Байланыш телефону: 0555-305-113;  0778-420-585)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.