Кыргыз байларынын рейтинги

 

10. Акылбек Жапаров

 

 

Байлыгы: $250 млн

 

Кызматы:  ЖК депутаты

 

Жашы: 51 


Кыргызстандын мамлекеттик жана саясый ишмери, Жогорку Кеңештин II - V чакырылыштарынын депутаты; 2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору. 2012-жылы августта каржы министри болуп иштеп туруп Акылбек Жапаров иштеген пенсионерлерге пенсиясын бербей коюну сунуштаган. «Мен мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиясын төлөбөөнү сунуш кылам. Биз ашыкча социалдык чыгымдарга мораторий киргизүүнү сунуш кылабыз. Биздин өлкөдө бир иштеген адамга эки пенсионер жана эки жөлөкпул алуучу туура келет»,- деген ал. Акылбек Жапаров өзүнүн бул демилгесин Советтер Союзунда мамлекеттик мекемелерде иштеген пенсионерлер 50% гана маяна алышкандыгы менен түшүндүргөн. 

 

9. Роман Шин

 

Байлыгы: $280 млн.

 

Кызматы: ЖК экс-депутаты

 

Жашы: 68 

 

Ири ишкер, «Хепинес» жана «Арбат» сыяктуу казинолор түйүнүнүн ээси болуп саналат. Жергиликтүү газеталардын бири теги корей саясатчы тууралуу мындай деп жазган: «Роман Шин депутат болуп туруп өзүнүн бизнесин коргогон, бирок кыргыздар үчүн дээрлик эч кандай жакшылык жасаган эмес. Мындай пайдасыз депутаттар толтура. Келерки шайлоодо биз депутаттарды тандоодо жаңылбашыбыз керек». 

 

8. Чыныбай Турсунбеков

 

Байлыгы: $300 млн.

 

Кызматы: ЖК спикери

 

Жашы: 55 

 

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон, бул фракциянын Нарын облусундагы саясый кеңешинин курамына кирет. Филология илимдеринин кандидаты. Чыныбай Турсунбековдун жубайы - Нуржан Тентимишова «Акылинвестбанктын» жалгыз акционери болуп саналат. Ал мындан тышкары «Акун» компаниялар тобунун – ун чыгаруу жана кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын, анын ичинде макарон азыктары, суусундуктар, ичүүчү жана минералдык сууну чыгаруу боюнча ири холдингдин башкы директору болуп саналат.  

 

7. Карганбек Самаков

 

Байлыгы: $320 млн.

 

Кызматы:  ЖК экс-депутаты

 

Жашы: 53 


КРнын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси. Юридика илимдеринин кандидаты. Депутат кезинде экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы болгон. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.  

 

6. Борис Сан

 

Байлыгы: $350 млн.

 

Кызматы: ЖК экс-депутаты

 

Жашы: 66 

 

Оюн бизнеси жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишкер. Жогорку Кеңештин экс-депутаты. 

 

5. Кадыржан Батыров

 

Байлыгы: $400 млн.

 

Кызматы: ЖК экс-депутаты

 

Жашы: 60 

 

Улуту өзбек, белгилүү ишкер, кыргыз парламентинин (Жогорку Кеңеш) экс-депутаты, Кыргызстандын өзбек коомунун лидери болгон. Ал Жалал-Абад шаарында атасынын атындагы Алим Батыров университетин түзгөн жана президенти болгон. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. «Ватан» (Мекен) партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү болгон. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. 2010-жылы 19-майда Убактылуу Өкмөттү колдогондугу үчүн өч алуу максатында Бакиевдин тарапкерлери ага караштуу А. Батыров атындагы Элдердин Достугу Университетин өрттөшкөн. Бирок ошол эле жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган июнь окуясы үчүн айыпталып, К. Батыровго укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон жана ал качып кеткен. Учурда  Швецияда саясый башпаанек алып, жашап жатат. 

 

4. Нариман Түлеев

 

 

Байлыгы: $500 млн.

 

Кызматы: ЖК экс-депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри

 

Жашы: 52 

 

2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон.  Фрунзе политехникалык институтунун «инженер-куруучу» адистиги боюнча жогорку билим алып, 1985-жылы аяктаган. 2013-жылы 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту Бишкектин мурдагы мэрии жана «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын депутаты Нариман Түлеевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Н. Түлеев тергөө органдары тарабынан КРнын КЖКнын «коррупция» жана «кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу» беренелери боюнча айыпталган. 2016-жылы 7-майда Н. Түлеев соттун чечими менен мунапыска ылайык жана мамлекетке келтирилген чыгымды толук кайтаргандыгы үчүн эркиндикке чыгарылган. 

 

3. Алмазбек Атамбаев

 

 

Байлыгы: $650 млн.

 

Кызматы: Кыргыз Республикасынын Президенти 

 

Жашы: 60

 

Үч ирет Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон. Үчүнчү ирет гана – 2011-жылы 30-октябрда биринчи турда Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Президенттик кызматка 2011-жылы 1-декабрда киришкен. Оппозицияда жүргөн кезинде бюджеттик каражатты туура эмес пайдалангандыгы үчүн бир нече сөз болгон. 2009-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Базар-Коргон районунда элдин алдына мас абалында чыккандыгы тартылган видеотасма тарап кеткен. А. Атамбаевдин өзүнүн айтуусунда, ал бизнести Союздун учурунда дүйнөлүк классиктердин китептерин орусчага которуп, Россияга сатып баштаган жана байлык топтогон. Ошондой эле ал азыркыга чейин, чет элдик дипломаттардын ишеним катын алганда жана чет мамлекеттерге расмий сапарга чыкканда биринчи президент А. Акаев «Вольво» менен жүргөндө «Мерседес» мингендигин көп айткан. Ал эми анын атаандаштары Союздун учурунда КРнын жазуучулар союзуна Россиядан берилген ири гранттык акчаны пайдалангандыгын жана «Автомаш» баш болгон бир нече заводдорду менчиктештирүүдөн байыгандыгын айтып жүрүшөт. 

 

2. Аскар Салымбеков

 

 

Байлыгы: $1,2 млрд.

 

Кызматы: КРнын ЖК экс-депутаты, ишкер 

 

Жашы: 61 

 

Борбор Азиядагы эң ири деп саналган «Дордой» базарынын ээси Аскар Салымбеков бир кездеги Москвадагы «Черкизов» базарынын кожоюну Тельман Исмаиловдон айырмаланып, сода жайын тез-тез өзү текшерип турат: кызмат көрсөтүүчү ишкалардын ишин өз көзү менен көрүп, соодагерлердин сунуш, пикирлерин угат. Ушул эле жерде ал базардагылар менен катар отуруп тамактанып да калат. Анын карамагындагы базардын бир жылдык мамлекетке төлөгөн салыгы (ижара, коммуналдык кызмат, күзөт жана башка) $500 млн.го жакын. А. Салымбеков базардан тапкан кирешесинин суммасын ачык айтпайт. «Товардын 70%га жакыны бул жерден Россиянын Челябинск шаарынан тартып Красноярск крайына чейин кетет,- дейт А. Салымбеков. – Бул биздин аймак, ал эми европалык бөлүктү мурда товар менен Черкизов базары камсыздап келген».

 

1. Өмүрбек Бабанов

 

 

Байлыгы: $1,5 млрд.

 

Кызматы: экс премьер-министр, ЖК депутаты

 

Жашы: 46 

 

Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн эң бай адамдары чиновниктер болуп саналары жашыруун эмес. Алардын катарына өзү кедей мамлекет болгон менен Кыргызстандын чиновниктери да кирет. Бул тизмедеги биринчи орунду Өмүрбек Бабанов ээлейт. Ал бийликке келгенче бизнес менен алектенген. Бир катар пахта экспорттоо жана өлкөгө мунай азыктарын ташып келүүчү мамлекеттин капиталдык үлүшү бар ири фирмалардын жетекчиси болгон. 2005-жылы  «жоогазын» революциясынан кийин КРнын ЖК депутаты болуп шайланган.  2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган оппозициянын катарына кошулган. Революциядан кийин жана К. Бакиев өлкөдөн качып кеткен соң Алмазбек Атамбаев жетектеген өкмөттүн курамына кирип, биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеген. 2011-жылы октябрда А. Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин премьер-министр болгон. 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.