Кыргызстандын Президенти КСДП парламенттик фракциясынын катарын тазалоо ниетинде.

 

КСДПнын депутаттарын элге чыгуусун суранышат

 

Депутаттык мандат алган 38 социал-демократтардын сегизи гана саясый аренада өздөрүн аздыр-көптүр көрсөтө алышууда. Ушул сегизинин төртөөсү өлкө президентинин саясатын колдошот, калган төртөөсү каршы сүйлөшүүдө.

Алмазбек Атамбаев масштабдуу ротация жүргүзүп, Жогорку Кеңештеги саны өтө көп фракциянын 2/3 курамын алмаштыруу ниетин билдирүүдө.

 

Азырынча иштеп турган мамлекет башчынын пикиринде, ишенимди актабаган парламентчилердин ордуна КСДПнын резервиндеги жигердүү жана жөндөмдүү саясатчылар келүүгө тийиш.

 

Партиялаштары менен болгон жабык жыйындардын биринде Алмазбек Атамбаев башка да жогорку деңгээлдеги кадрдык алмашууларды кабыл алууга мажбур болорун моюнга алган.

 

Андыктан, Фарид Ниязовдун президент аппаратынын жетекчиси кызматынан отставкага кетиши менен эле иш бүтүп калбайт.

 

Шайлоолор бир туугандар  Жээнбековдорсуз

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кенештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду кайгылуу кабар күтөт. Анткени бул эки бир туугандардын бири да мураскордун ордун ээлөөгө татыктуу эмес.

 

Биринчиси президенттин пикиринде, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмү болбогондуктан, премьер-министрдин милдетин аткара алган жок. Премьер жана анын министрлери эч кандай демилге көтөрбөй, жогор жактан гана көрсөтмөнү күтүп отурушат. Ал эми өздөрүнүн жасаган ишин өкмөт башчы жана анын кол астындагылар президенттен болгон тапшырмалардын саны менен гана баалашат.

 

Жээнбековдор кланынын экинчиси, КСДПдан президенттикке көрсөтүлө турган талапкерлердин запастагы варианты катары саналган Асылбек да кастингден өтпөй калды.

 

Президенттин тегерегиндегилер бир тууган Жээнбековдордун кичүүсү акыркы мезгилде толугу менен динге “кетип калгандыгы” үчүн нааразы болушууда.

 

Анын башкаруусу менен  Кыргызстан экинчи Пакистанга, андан да коркунучтуусу, Афганистанга айланып калуусу мүмкүн экендиги өтө коркунучтуу. Бул аргумент Асылбек Жээнбековдун келечеги тууралуу чечим кабыл алууда чечүүчү жагдай болду.

 

Сыягы, бир тууган  Жээнбековдорго иш жүзүндө түзүлүп калган шайлоо алдындагы штабын таркатууга туура келет го.  

 

КСДПда дагы ким ишенимден кетти?

 

Парламентте жыйын өткөргөн  социал-демократтардын кадыр-баркы акырындап, бирок  ишенимдүү түрдө “Ак үйдүн” өзүндө да төмөндөөдө. КСДП фракциясынын жыйындарында президент аппаратынын жетекчиси бир нече ирет көзөмөл астындагы депутаттардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүн жана начар ишин белгилеген. Ошондой эле өз депутаттарына эгер кырдаал өзгөрбөсө, кескин чаралар көрүлөрүн эскерткен.

 

Кырдаал өзгөрдү, бирок жаман жагына. Бул жагдай Алмазбек Атамбаевдин тынчын алууда.

 

КСДП фракциясынын катарынын бекемдиги да айырмаланбайт. Парламенттеги социал-демократтар үч топко бөлүнүшкөн: бир бөлүгү фракция лидери Иса Өмүркуловду ээрчийт, башкалары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго баш ийет, калгандары экс-спикер Асылбек Жээнбековго ыкташууда.

 

Эксперттердин пикиринде, бул саясатчылардын кимисин болбосун биринчи катарга чыгаруу бүтүндөй КСДПны бир нечеге бөлүп жиберет. Партиянын катарындагы мындай ажырымдык Атамбаевдин баардык пландарын жокко чыгарышы мүмкүн.

 

Азырынча КСДП фракциясынын депутаттарынын бири моюнга алгандай, анын көпчүлүк кесиптештери чемоданын жыйнап турат. Жаман кабарлар тез тарайт эмеспи.

 

Президент талаада жалгыз  

 

Акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаев атаандаштары менен жалгыз өзү салгылашууда.

 

Текебаев жана анын тарапкерлери менен тирешүү баардык жумуш убактысын алууда жана президенттин эмоционалдык маанайына караганда, анын нервине терс таасир тийгизүүдө.  

 

Мындан тышкары өкмөттү да өзүнө тартып, өзүнүн имиджи үчүн иштөөгө туура келүүдө. Ошондой эле пресс-катчы катары.

 

Президенттин жакын тегерегинде резиденцияда өзүнүн милдетин официанттар гана так аткарып жаткандай таасир жаралууда.

 

Президенттин душмандарынын полку толукталышы мүмкүн. “Ата Мекендин” камалган лидеринин тарапташтарына дагы эки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдоочулары кошулуп калары күтүлүүдө. Ал эми жогорку кызматтагы революционерлер өздөрү УКМКнын СИЗОсунун камерасын ээлешет.

 

Жакында Алмазбек Атамбаев кол астындагыларга эки өтө белгилүү “убактылуулар”  $5 миллионду “уурдап кетишкендиги” тууралуу маалымат пайда болгондугун билдирди.

 

Президент бейтарап талапкерди чыгарышы мүмкүн

 

Азырынча  Алмазбек Атамбаев мурдагы шакирттерин ачыкка чыгарганча партияда президенттикке номер биринчи талапкер болуу үчүн күрөш күч алууда.

 

Жогорку кызматтагы социал-демократтар бул тирешүүлөрдү публикага чыгаруудан да тартынышпайт. Өлкөнүн түштүгүндө командировкада жүрүп Иса Өмүркулов менен Асылбек Жээнбеков кантип чырлашкандыгы азыркыга чейин айтылып келатат.

 

Президенттин тегерегинде ишенимдүү, берилген адамдар да бар, бирок кризистик кырдаалда төшүн отко тосо турган эр жүрөк саясатчылар калган эмес.  

 

Бирок эң негизгиси  -  Атамбаевдин жанында шайлоочуларды өлкө үчүн туура жол менен алпараткандыгына ишендире турган саясый оор салмактагы адамдар жок болууда.  

 

Партиянын катарындагы бөлүнүүчүлүк жана улам курчуп бараткан саясый кризис Атамбаевди президенттикке бейтарап талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө мажбур кылышы мүмкүн. Ал мөөнөтү бүткөн президенттин саясый келечегине керектүү кепилдик бере турган саясатчы боло тургандыгы түшүнүктүү.

 

Анткени бир гана КСДПнын кадыр-баркы төмөндөбөстөн, бул жагдайдан улам президент да позициясынан кайтууда. Азыр Алмазбек Атамбаевди жалпы эл колдой тургандыгын Алмазбек Атамбаев жеке өзү гана айтууда.

 

Кабай Карабеков

“24.kg” сайтынан которулду

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.

Тема: