Президенттин аппараты "Ата Мекендин" өкүлдөрү соңку билдирүүсү үчүн жооп берерин да эскертти. 1-мартта "Ата Мекендин" юристтери Өмүрбек Текебаевдин камалышы анын колундагы баалуу документтерге байланыштуу болгонун айтып чыккан.

 

Президенттин аппараты "Ата Мекен" партиясынын юристтери ал билдирүүсү үчүн кылмыш жообуна тартылышы ыктымал экенин да эскертти.

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да 16-январда кырсыкка кабылган учактагы жүк боюнча "Ата Мекендин" маалыматтарын жалганга чыгарды.

 

1-мартта "Ата Мекендин" юристтери Өмүрбек Текебаевдин камалышы анын Кипр сапарына байланыштуу экенин, анын колунда түрк атайын кызматтарынан алынды делген "Дача СУда кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаев менен анын жубайына таандык экенин" билдирген маалымат болгонун айтып чыккан. Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк элчилиги менен жолугуп, дипөкүлчүлүктүн атынан ал жүккө кыргыз президентинин тиешеси жок деген маалыматты таратты.

 

Түрк атайын кызматтарынан алынды делген кагаз.

Түрк атайын кызматтарынан алынды делген кагаз.

 

Президенттин аппараты "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин билдирүүсүнө дароо үн катты. Аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов "Азаттыкка" бул билдирүү үчүн алар кылмыш жообуна тартылышы ыктымалдыгын айтты: "Бул жөн гана абсурд эмес жана дагы бул жөн гана жалган эмес. Бул кылмыш жасагандыгы боюнча жалган билдирүү, ал үчүн, кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. Журналисттер алар тарабынан көрсөтүлгөн «документтердин» реалдуу экендигинен туура күмөн санашкан. Ырасын айтканда, Текебаевдин жардамчыларынын билдирүүсү Текебаевдин иши боюнча тергөөгө кыйыр басым жасоо үчүн багытталган. Бул ушул ишке таза саясый боёк берүү жана коомдук пикирди башка тарапка алып кетүүгө багытталган".

 

"Ата Мекен" партиясынын юристтери айткан жашыруун документтин котормосу.

 

1-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова Түркиянын коопсуздук кызматынын эмблемасы бар деген документтерди көрсөткөн. Ал бул документтерди Өмүрбек Текебаев Кипрге барганда алганын, ошондуктан кыргыз күч органдары бул документтерди биринчи алуу максатында аба бекеттен кармашып, бирок жанынан табышпаганын билдирген: "Бул Түркиянын коопсуздук кызматынын эмблемасы (документтеги). Бул документте анын өзгөчө жашыруундугу тууралуу айтылат. Досьенин номери көргөзүлүп, Түркия Республикасынын президенттик аппаратынын башчысына багытталган. Кыргызстандын борбору Бишкекте 2017-жылдын 16-январында түркиялык жүк ташуучу учактын авиакырсыкка кабылышы боюнча биз тараптан жүргүзүлгөн чалгын-оперативдик иликтөөлөр натыйжада жыйынтык берди. Учактагы жүк: уюлдук телефондор, компьютерлер, буюм-тайымдар, электроника, акча, баалуу металлдар, таштар Кыргыз Республикасынын президентине жана анын жубайына таандык болгон. Жүктү салууну уюштурууга Түркиянын "Заарлуу жылан" (деген лакап ат менен таанымал. ред кошумча) жараны Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен катышкан".

 

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов юристтер камактагы Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчүн гана аткарганын, алардын аракетинде кылмыштын курамы жоктугун айтты: "Алар Өмүрбек Текебаевдин гана салам-дубайын айтып жатат. Ал эмнени айтса ошону жеткирүү адвокаттардын милдети да. Бул жерде адвокаттардын да, юристтердин да күнөөсү жок. Андай маалыматтар кайдан, кантип алынганын Өмүрбек Текебаевден гана суроо керек. Алар бизге Өмүрбек Текебаев ушинтип айтты, ушундай маалыматтарды алып келе жаткан жеринен кармалыптыр деп айтып жатат да. Антип айтканы үчүн адвокаттарды кодулаганга болбойт".

Бул маалымат боюнча 1-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолукканы маалымдалды. Министрликтин маалымат кызматы анда түрк элчиси учактагы жүк боюнча документтер жасалма экенин айтканын билдирди. ТИМ Метин Кылычтын кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын дагы тартылышын каалап жатат, Түркиянын атайын кызматы энбелгиси коюлган жашыруун документти эч кимге бербейт, расмий Анкара башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпейт деген сөзүн келтирди.

 

Текебаевдин өз адвокаттарына жазган каты.

 

Талдоочу Турат Акимов саясий оппоненттердин компроматтар кармашы эми мындан ары күчөйт деген пикирде: "Мунун баары алты-жети жыл мурун болгон окуялар да. Каршылашкан эки күч тең ушунча убакыт жакшы ымалада болушкан. Көп нерсеге көңүл бурушкан эмес. Көп нерсени айтпай, катып жүрүшкөн. "Жоголгон бычактын сабы алтын" дегендей, эми алты-жети жылдан кийин бири-бирине каршы компроматтарды Белизге, Кипрге чейин барып издеп, ичкен-жегенин, тапканынын баарын эстеп, бири-бирин ууру атап жатышат. Эми бул жакында бүтпөйт. Текебаевге булар сөзсүз жаза чегеришет. Салянова, Шыкмаматов дагы соттук иштерди баштан өткөрүшөт. Президент болсо өз оозунан чыккан иштердин чала калып калышын каалабайт. Ал колунан келишинче далилдердин баарын чыгарганга аракет кылат".

 

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңга маал "Манас" аба майданында Австриядан учуп келери менен камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасынын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө берген. УКМК Текебаевге "коррупция" жана "шылуундук" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

 

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

 

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

 

Элеонора Бейшенбек кызы
"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти