Оштуктар эскертет!

 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын алдына топтолгон “Ата Мекен” партиясынын, анын жолбашчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун тарапкерлери УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин токтоосуз кызматтан кетишин, ошондой эле камалган “Ата Мекен” партиясынын жолбашчысынын жана суракка чакырылган анын орун басарынын дароо эркиндикке бошотулушун, буга удаа атаандаштарга саясий куугунтуктун биротоло токтотулушун талап этип тарашты.

 

Абдымитал САТЫБАЛДИЕВ, коомдук ишмер: - 25-февралда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Анын эртеси эле, 26-февралдын таңында, чагылгандай тездик менен  Венадан Европа Кеңешинин Парламенттик ассамлеясынын жыйынынан түз эле Бишкек шаарына учуп конгондо, башкалаабыздагы аба майдандан эл өкүлүн УКМК кызматкерлери кармап кетишти. Ошентип, Өмүрбек Чиркешович улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камалды.  Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясына байланыштуу орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыптап келатат. Баса, орусиялык Леонид Маевскийдин бул иш боюнча видео тасмасы дагы интернет аркылуу кеңири тараган. Анда Маевский 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкүл Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана аларга 1 миллион доллар бергендигин дагы жар салган. Мунун баары – жомок! Беш жылдан бери булар каякта жүрүшкөн, ыя? Эмнеге мурда эле Кыргызстандын, же Орусиянын укук коргооо органдарына кайрылышкан эмес!

 

Абдылда КАПАРОВ, 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптарынын активдүү катышуучусу: - Бул жерге Ош облусунун ар райондорунан өкүлдөр гана келишти. Алар жер-жерлерде чогулушуп, Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкүл Чотоновго карата саясий куугунтук таптакыр токтотулбаса, алар эркиндикке дароо бошотулбаса, аймактарда бийликке баш ийбөө боюнча мөөнөтсүз акция өткөрүшөөрүн дагы улам-улам эскертип жатышат. Ошондуктан, азыркы Кыргыз бийлиги, айрыкча президент Алмазбек Атамбаев акылына кирип, карапайым калктын пикири менен сөзсүз түрдө эсептешүүгө тийиш! Антишпесе, кырдаал барган сайын татаалдашат. Анда элди токтотуу чоң чыгымга жана азапка турат!?!

 

Мырзабек АКМАТОВ, «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы: - Эки ыңкылапты, 2005-жылдын 24-мартын, 2010-жылдын 7-апрелин башыбыздан кечирдик. Эмне таптык? Азабын карапайым калк эле тартып келатат. Ошондуктан, Кыргыз бийлигинин сересиндеги эки дос – Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев өз ара тирешпестен, көздөрүн ачып, элдин дагы убалын ойлошу кажет! Кокус антишпесе, бул тирешүү бара-бара өөрчүп олтуруп, чоң эле чырга айланышы толук ыктымал! Анда, элди токтотуу, албетте кыйын болот.

 

Орозалы ЫСАКОВ, Ноокат районунун тургуну: - Бул кезектеги эле саясий оюн.   Президент Алмазбек Атамбаевдин атаандаштарынан аеосуз өч алуусу. Тилекке каршы, мунун акыры мамлекетибизди жакшылыкка алып барбайт! Саясий тирешүүлөрдөн улам өлкөбүздүн коопсуздугуна дагы чоң коркунуч туулуп жаткандыгын каякка жашырасыңар. баатырлар? Мекенибиздин жаркын болочогу үчүн ар бирибиз жоопкер экенибизди түк унутпайлычы?

 

Замирбек САРЫКОВ, Өзгөн райоунун тургуну: - Президент Алмазбек Атамбаев жана анын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети атаандаштарын тазалоонун эң ыплас жолуна түшүп алышты. Бул өткөн кылымдын орто чениндеги репрессиядан дагы жаман, эй! Андыктан, президент Алмазбек Атамбаев улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматынан токтоосуз шыпырып, ал жерге кесипкөй,  Мекенин сүйгөн жана саясий интригадан таптакыр алыс жетекчини дайындоосу кажет! Антпесе, бул Сегизбаев акыры дагы бир балээнин  башынан чыгат. Анда кантебиз?

 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын алдына топтолгон «Ата Мекен» партиясынын, анын жолбашчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун тарапкерлери булардын койгон талаптарыц бийлик тарабынан аткарылбаса, мыйзам чегинде башка кадамдарга дагы барышаарын укук коргоо органдарына бекем эскертип тарашты.

 

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

 

Баса, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген маалда «Манас» аэропортунан кармалып, УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып береээин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок, Өмүрбек Текебаев өзүнүн үстүнөн  козголгон иш УКМК тарабынан атайын эле пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин байма-бай көтөргөн. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов дагы сурак берип жаткан чагы.  Өмүрбек Текебаевдин жакын санаалашы Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген. Ал дагы өзүнө тагылган  айыптарды караманча четке кагып келатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити