А.Атамбаев: “Кудай бар, Кудай бар! 25 күн калды, эч нерсе кыла албайсыңар! Кудай бар! Сазайыңарды беребиз! Менин программам Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкарууну жок кылуу. Убагында Аскар Акаевичти да ушул үчүн көчүккө тепкем”...

 

Атамбаевдин кандай маараке-салтанат болбосун, ал турмак мектептин ачылышында да саясаттагы атаандаштарынын, каршылаштарынын короосуна таш ыргытып алмай жайы бар. Ага беш жыл ичинде көнүп деле бүттүк. Жакында Конституциянын жаңы вариантына кол коюу аземинде да баштапкы адатын таштаган жок. Мында да Башмыйзамдын өзгөртүлүшү Кыргызстан үчүн кандай гана жетишкендик болгонун белгилеп келип, андан ары каршылаштарынын “короосуна” өтүп кетти.

 

11-декабрда жалпы элдик референдум аркылуу өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Ал кандай болуп өткөнүнө, жалпы эл кандайча “колдоп” бергенине токтолбой эле коелу. Токтоло берип чарчагандай деле болдук.

Баарынан кызыгы – өлкөнүн Башмыйзамынын текстине кол коюу учурунда президенттин жаңы Конституциялуу болгон кыргызстандыктарды куттуктап атып, айткан сөздөрү болду.

 

“Конституциябыз Кыргыз элинин адеп-ахлагына төп келбеген нерселерден тазаланды. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, Башмыйзамдын кыргызча-орусча текстиндеги алтымыштан ашык карама-каршылыктар бурмалоодон арылды”, - деп орундуу сүйлөп баштаган Атамбаев анан эле алдын-ала кагазга жазылып, колуна карматылган билдирүүдөн чыгып, адаттагысындай таарынычын төгө кетти:

 

“Биз, кыргыздар, тизелегиче тик туруп өлгөнүбүз жакшы! Билип алгыла, тыштан карыз алып, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын саткан маңкурттарга айтат элем, өз балдарыңардын убалына каласыңар! Балдарыңар, неберелериңер элден уялып көчөгө чыга албай калат! Бул сөздү ар кандай шылтоо менен элдин биримдигине булүк салган сасык саясатчыларга да айтат элем.  Өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, башка мамлекеттердин кызыкчылыгын ойлоп, элибизди, журтубузду бөлүп-жарам деп, намысын тебелегенге даяр болгон сасык саясатчылар тарыхта Абыке, Көбөштөй жаман ат менен калат. Урпактары көчөгө чыккандан уялып калат, ишенип койгула!”

 

Президент сөзүндө каргашалуу окуяга себепкер болуп, оордон турган акыбалды ансайын көбүртүп-жабыртып, адам канын агызганы үчүн өмүр бою абакка кесилген адамды эл аралык уюмдун кийлигишкенине карабай эркиндикке чыгарбай койгон Кыргызстандын эркинин күчтүүлүгү тууралуу айтты. Бул сөзүндө калет жок. Анан да кыргыз мамлекетинин бутүндүгүнө коркунуч келтирген адамды коргоп-жактап чыккан кыргызстандык укук коргоочуларды маңкуртка теңеди. Анысына да туура эмес деп баш чайкай албайбыз. Бирок, өлкөнүн Башмыйзамын бекитип аткан салтанаттуу сааттарда саясаттагы каршылаштарын дагы бир жолу каралап алуу керек беле?

 

Буга чейин да Атамбаев ар кандай жыйындарда, ачылыш аземдерде, деги эле эл алдына чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк болгон кездеринде элге кайрылууларын саясий өңүткө буруп келген. Атаандаштарын ар кандай аталыштар менен атап, башынан ылдый жугунду куйганга аракет кылган. Учурдагы кыргыз саясий айдыңында болуп аткан кырдаалдан, окуялардан кабардар ар бир киши президенттин оюндагы “сасык саясатчылар” ким экенин жакшы билет. Алар - өлкө башчысына жакпаган чындыкты айткандар, мамлекетте демократиянын, сөз эркиндигинин сакталышына жан үрөгөндөр, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулуп, партиялык башкарууга тутулган мекени үчүн жан күйгүзгөндөр.

 

Атамбаевдин пикиринде, “жок, андай эмес, мындай” деп, чындыкты айтып койгондор эл-журттун биримдигине бүлүк салганга аракеттенгендер болуп калат экен. Саясатты сасык деп билебиз, бирок, ага аралашкандардын баары “сасып” кетишерин, биринчи жолу өлкө башчысынын оозунан угуп отурабыз.

 

Соцтармактарда жакында Атамбаевдин өткөн турмушунан калган бир видео пайда болду. Окуя учурдагы президентибиздин оппозицияда жүрүп, президенттик шайлоого катышып аткандагы кези экен. Коомдук каналдан өзүн жарнамалоого мүмкүнчүлүк ала албай жаны карайып атканы билинип калды. Баамдашыбызча, КТРКнын кызматкерине албууттанып: “Кудай бар, Кудай бар! 25 күн калды, эч нерсе кыла албайсыңар! Кудай бар! Сазайыңарды беребиз! Менин программам Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкарууну жок кылуу. Убагында Аскар Акаевичти да ушул үчүн көчүккө тепкем”, - деп салды.

 

Оппозицияда жүргөн кезде го, кандай айтса жараша берет. Адамдын дене-түзүлүшүндөгү ар бир органды ачыктан-ачык атап, кимдин кайсы жерине тепкенин айтса да, анчалык  жер каратпайт. Бирок, мамлекет башчысы болгондон кийин, бир мамлекеттин эң жогорусунда, Иса Өмүркулов айткандай “журт атасы” болуп отургандан кийин кекчилдик, ойлонбой сүйлөө сапаттарын оңдогонго, кенен, терең болгонго аракет кылышы керек эле. Өзү деле бул жылды ыйман, адеп жылы катары жарыялады го. Дүйнөдөгү бардык президенттердин ашыкча сүйлөп жибергенин кошуп келгенде да биздин президенттин бир эле жолку “балп этмесине” жетпей калаар. Башкасын айтпайлы, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын президенттеринин бири өлкөгө маанилүү иш чаранын алкагында, элге жасаган кайрылуусун саясий атаандаштарына чабуул жасамай айдыңга айландырып алды эле? Бул бизде гана болууда, тилекке каршы...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити