Бишкек, "Саясат.kg". Чоң кызматта иштеген, бирок коррупционер эмес адам - бул фантастика эле.

"Элита" деген терминдин өзү парадоксалдуу. Бир жагынан тандалма, мыкты дегенди түшүндүрсө, экинчи жагынан саясий элита - бул жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын тобу болуп саналат. Бул синоним деп ким айта алат? "Мыкты" жана "жогорку кызматты ээлөө" - айрыкча Кыргызстанда жакынкы жылдарга чейин бири бирине такыр шайкеш келчү эмес. Кызматы бар адам сөзсүз түрдө коррупцияга батып, криминал менен тыгыз байланышып, ар кандай кылмыштарга барган, айтор, "мыкты эмес" эле да. 

Жакынкы жылдарга чейин кыргыз элитасы так ошол жаман иштерге аралашкан же жаман иштерде көрүнгөндөр болчу. Жогорку катмарга жеткендин көбү мыйзамсыз жолдор менен байлык топтошкон. Бирөөсү пара алса, бири белгилүү кылмышкерлердин колдоосуна таянган. Ушул "элита" сый-урмат жана кадыр-баркка ээ болуп, эл бир убакта жек көрүп да, коркуп да келген. 

Эл арасында "тигиге пара беришти" деген имиш кептер көп айланып жүрчү. А айтылган сумманы жада калса кайталоодон да коркосуң. Мына ушул нерсе коомчулуктагы кадыр-баркы болчу: аа тиги ири суммада пара алат экен, демек кыйын. 

Чоң кызматта иштеген, бирок коррупционер эмес адам - бул фантастика эле. Андайлар жаратылышта болгон эмес же кыргызстандыктар андай адамды тирүү эч убакта көрүшпөгөн. 

Анан эле капысынан... 

"Юрист аларга айтты: Ташиев акча берсеңер бардык маселеңерди чечип берет. Ошентип, алардан ири суммадагы акча алган", - деп УКМК төрагасы маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун эки кызынын көз боемочулукка шектелип камакка алынышы боюнча маек бергенде айткан. 

Мына ушул көрүнүш дагы буга чейинки мыйзам ченемдүү болуп калган абал: сени жасаган кылмышың үчүн камакка алышты, бирок кайгырбай деле койсоң болот, тийиштүү кызматтарга ишенимдүү адамыңды жөнөтүп кой. Кыргыз адвокаттарынын биринин визиткасындагы "Юрист мыйзамдарды окуйт... Жакшы юрист сотту түшкү тамактанууга чакырат" деп жөн жерден жазылган эмес да. Ушул жол менен бардык кылмыш иштери чечилчү: фигурантты камашат, анын адвокаты керектүү адам менен тамактанат, анан "келишим" түзүлөт. 

Ири көлөмдөгү көз боемочулукка шектелген маркум депутаттын кыздары азыр башка учур экенин биле элек көрүнөт. Юристке беш миллион доллар беришкен, аны Камчыбек Ташиевге жеткирмек имиш, анан кыздар кылмыш жоопкерчилигинен бошонуп, эркиндикке чыга келишмек. Шектелүүчү/ айыпталуучулар кыязы бул аз эмес суммага жогорку чиндеги адам ыраазы болуп, маселе өзүнөн өзү чечилет деп болжолдошкон. 

Кыргызстанда ушул сыяктуу илгерки түшүнүк менен жашап, маселесин акча менен чечүүгө болот деп ишенген канча адам бар болду экен! 

Ташиев акчаны алдыбы? Акылсыз суроо. Анын жообу белгилүү да. Алмак турсун, акча сунган юристтин үстүнөн кылмыш ишин козгоого тапшырма берди. 

"Мен пара албайм, мен держава үчүн ызаналат", - белгилүү тасмадагы бажычы Верещагиндин сөзүн УКМК төрагасы Ташиев дагы кайталаса болот. Каалоо жана муктаждык болсо кооз кептер айтылат. А Ташиев чыныгы генерал катары так жана кыска сүйлөйт. Ташиевдин жетегиндеги УКМК - принципиалдуу жаңы күч түзүмү - иштейт, сабаттуу, сатылбайт. Анткени - элита. 

Ал эми дагы бир күч түзүмү ИИМ катарын "элита эмес" кызматкерлеринен тазалоого канчалык аракеттенбесин, азырынча жакшы жыйынтык бере элек. А УКМК ага жетише алды. 

- Арабызда коррупционерлер бар, - деп моюндаган генерал Ташиев, - бирок алар аз. Жакында такыр эле жок болушат. 

Өткөн жылы УКМК отуздан ашуун колу кир чекисттерден кутулду. Ашыкча чегинен чыгып кеткен бешөөсү камалды. Бул жылы тазалоо уланууда: пара алганың билиндиби - өз азабың өзүңө. Эң жолдуу болгонуңда кызматтан кетесиң, болбосо коррупциялык схема беренеси боюнча уят болуп сотко барасың. 

Генерал Ташиев келечектеги Кыргызстанда бир дагы паракор сот, прокурор, тергөөчү, аймактык милиционер калбасын деп аракеттенип жатат. Бирок эң көп талап өзү жетектеген кызматкерлерге болууда. Алар түшүндө кимдир бирөө пара сунуштап жатканын көрсө, муздак тер басып чоочуп ойгонгудай эле болуп калышты окшойт.

Июль айынын соңунда Салык кызматынын бир аткаминери УКМК кызматкерине бир жарым миллион сом пара берүүгө аракет кылган.

Ушул эле айда Жер жана суу транспорту департаментинин транспорттук көзөмөл кызматынын башкы инспектору УКМК кызматкерине 200 миң сом пара карматууга умтулган. 

Жазында Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы УКМК кызматына ушул эле маселе менен кайрылган. Ал 100 миң сом сунуштаган. 

125 миң сом параны Кочкор районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы бергиси келген. 

 Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөт башчысы өзүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу максатында чекитке 20 миң доллар карматууга аракеттенген. 

Пара бергичтердин баары кармалды, баарына коррупция боюнча айып тагылды. Жогорудагы чекиттердин бири дагы акчага азгырылбады, мундирин уят кылбады. 

"Же паракорлор мени жеңет же мен аларды жеңем", - деп айткан Камчыбек Ташиев маалымат жыйындардын биринде. Аны жеңе алышпайт. А коррупционерлерди Ташиев жеңээрине күмөн жок.