Т.Келдибаев: Ош облусунун дыйкандары  2000-жылдары тамеки өстүрүү 7722 га аянттан 20 миң тонна тамеки өндүрүп турушкан.

Ош облусун өнүктүрүү үчүн Союз мезгилинде жолго коюлган, тамеки, пахта өндүрүү тармагын кайрадан өнүктүрүү керек. Бул тууралуу аталган облустун мурда агрардык секторунда иштеген адиси жана саясат таануучу Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Анын айткандарына ылайык, облусту мындан да өнүктүрүү үчүн мурда иштеп жаткан ушул сыяктуу тармактарды кайра иштетип, аларды жолго салуу зарыл.

– Төлөгөн мырза, саламатсызбы? “Кыргызстанда экономикалык өнүгүү байкала баштады” деп коомчулукта сөз айтылып жатат. Анткен менен өлкөдөгү облустардын абалы кандай азыр? Айтайын дегеним, өзүңүз да мурда агрардык тармакта иштегенсиз, ошондуктан Ош облусун мындан да өнүктүрүү үчүн кандай багыттарды тандап алыш керек болуп турат?

– Саламатчылык. Туура, Ош облусу мындан ары, эл колдоого алган, так аныкталган, максаттуу багыттарсыз өнүгө албайт. Калктын көпчүлүгү колдоого алган дөөлөттөрсүз туруктуу боло албайт. Бүгүнкү күндө Ош облусу келечекти алдын-ала көрө билүүнү чагылдырган, беш жылдык мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык документке өтө муктаж болуп турат. Алар кайсылар болушу мүмкүн?

Биринчиден, Кыргызстанда тамекичиликке көңүл бурулбай калды. Бул тармак экономиканын негизги профилдеринин бири болуш керек болчу. Ош облусунун дыйкандары  2000-жылдары тамеки өстүрүү 7722 га аянттан 20 миң тонна тамеки өндүрүп турушкан. 2023-жылы 300 гектардын айланасында гана өстүрүштү. Ошентип тамекинин аянты кескин азайып кетти. “Ош-Дюбек” деген акционердик коом бар эле. Ал 10 миң тонна кубаттулукка ээ болчу. Жылына 18 миң тоннага чейин тамекини ферментациялап, 500 адамды жумуш орун менен туруктуу камсыздап турган.

Тамеки – Ош облусунун экономкасынын 2,5%ын түзүп, суугат айдоо жердин 5%ын тамеки өстүрүүгө багытталып турган. 2019-жылы Кызыл-Кыя тамеки ферментациялоо заводу аркылуу тамеки сатуу экспорт ферментацияланган 922 тоннасы 2 миллион долларга жакын акчага ишкерлер тарабынан Россия жана Испанияга, Грецияга сатылган.

2000-жылдары өлкөгө тамеки өндүрүү тармагына ири инвестициялар тартылган (болжол менен 60 млн АКШ доллар). Немистердин «Реемстма» компаниясы жана «Бишкек тамекиси» ААКсы (Бишкек тамеки фабрикасы) тарабынан биргелешкен ишкана түзүлгөн. Тамеки өндүрүү 2001-жылы ишке киргизилгенден кийин 8 миллиард даанага чейин көбөйүп, Бишкекте жаңы тамеки заводунун курулушу пландаштырылып, 2000-жылы ишке киргизилген кубаттуулугу менен республиканын түштүгүндөгү жаңы тамеки заводду ачуу планы ишке ашпай калган. Ал үчүн Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында завод үчүн жер маселеси чечилген эле.

Бүгүнкү күндө элибиздин 1 миллионго жакыны тамеки тартат жана ар күнү болжолдуу түрдө 1 миллион куту тамеки керектелет. Ар бир кутусу 150 сомдон сатылат. Демек, миллиарддаган сомдор казынага түшпөй, чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат. Тамеки өстүрүүнү жана аны кайра иштетип, фермантация кылып заводдорубуз аркылуу элибизди тамеки менен камсыздоо менен өлкө ичинде 120 миңге жакын жумушчу орун түзсө болот. Муну менен бюджетке 12 миллиард сомдон ашык каражат туруктуу түшүрүп турса болот.

Экинчиден, 1990-жылдары 2300 га тыт плантациясы болгон. Ошого 845 тонна кокон өндүрүлгөн, жыл сайын 150 тонна жибек өндүрүлүп турган. Ушундан 1,5 миллион метр нукура жибек материалдар чыгып турган. Биз азыркы кезде пилла жибек тармагын өнүктүрүүбүз зарыл. Анткени биздин климаттык шарттарыбыз аны өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Ошону менен бирге текстилдик жибек комбинаттары кайрадан иштей баштайт. Бүгүнкү күндө жибектен токулган кездеме жана башка буюмдар өтө жогору баада сатылып жатат.

– Пахта өндүрүү тармагычы?

– Пахта өстүрүү  аянты да эки эсеге түшүп, кескин азайып кеткен. 2003-жылы 13 миң га эгилсе, 2023-жылга карата 8 миң га жерге эгилип жатат. Мунун негизги көйгөйү пахта баасынын төмөн болушу.  Ош облусунда 10го жакын пахта заводу бар. Алар 40 миң тонна пахтаны кайра иштетүү кубаттуулукка ээ. Азыркы күндө бул заводдор пахта жоктугунан иштебей калды. Пахта өстүрүүнү жана чет өлкөлөргө сатууну бийлик тарабынан уюштуруп жардам берсек, 10 миңдеген жумушчу орундар түзүлмөк.

Пахтадан сырткары, өсүмдүк майын өндүргөн завод азыр иштебей калды, түштүктө жалгыз беде урук даярдаган стратегиялык завод да жакында сатылып, чет өлкөдөн келген тамеки сигареттин склады болуп калды. Бул тармакты колго алып, пахта майын өндүрүүнү жандандыруу керек. Ал эми Бишкектеги Кыргыз коньягына вино жана спирт даярдаган мурдагы Кыргызстан мөмө-жемиш совхозунун дыйкандарына вино сорттогу жүзүмдөрдү кайра өндүрүүнү колго алса болот эле.

– Ош облусунун сугат тармагынын абалы кандай азыр?

– Бул жакта да абал жакшы эмес. Сугаруу каналдарын реконструкциялоо жана өнүктүрүү иштерин колдоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, айыл чарба өндүрүшү үчүн ушул чечүүчү багыттардагы иш жакшырбай турат. Иштеп жаткан каналдардын узундугу талап кылынган керектөөлөрдү канааттандырбайт. Алардын кайсы бир бөлүгү каржылоонун жетишсиздигинен жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери өз учурунда жүргүзүлбөгөндүгүнөн улам капиталдык оңдоого муктаж. Үрөн жана асыл тукум материалынын сапаты төмөндөп жатат. Мунун бардыгы айыл чарбасы жана калк үчүн олуттуу жоготууларга алып келет. Ирригациялык каналдардын техникалык абалынын канааттандырарлык эместигинен улам, суу тосмосунан талаага чейин аккан суунун коромжусу 40%дан ашыкты түзөт.

Ош облусунун Кара-Суу районун элин суугат суу менен камсыздап келген Отуз-Адыр каналы 18 миң куб суу берип, 16100 га. аянт жерди суугат суу менен камсыздап келет. Бул Отуз-Адыр каналына дагы 6 миң га. жер аянтын көбөйткөнгө толук мүнкүнчүлүк бар. СССР убагында талкалаган латокторду калыбына келтирүү жана ички канал арыктарды тазалоо аркылуу жана жер астындагы суу тунелди кеңейтүү зарыл. Анткени 18 миң кубдан ашык сууну сыйдыра албайт. Отуз-Адыр каналына кошумча дагы 10 миң куб суу берсе болот. Ал үчүн 1949-жылы курулган тунелди кеңейтсе, түшүмдүүлүк дагы 10% жогорулайт. Мунун негизинде ички жана сырткы миграция азайганга салым болот.

Сезондо суугат сууну кезектешип пайдаланууну атайын инспекция же ирригациялык полиция түзбөсө көп дыйкандар суусуз калып, түшүм ала албай жатат деп ойлойм. Негизги Ош облусунда 10го жакын талкаланып кеткен суу насостук станцияларын калыбына келтирсек 100 миңдеген жаңы суугат жерлер өздөштүрүлүп, жаңы конуштар пайда болот.

– Өлкөдө инвестициялык жагдай кандай деп ойлойсуз? Чет элдиктерди кызыктыра алабыз деп ойлойсузбу? Дегеле, ата-мекендик жана чет өлкөлүк бизнес үчүн эң чоң тобокелдик кайсылар деп ойлойсуз?

– Негизи инвестициялык жагымдуу шарттарды жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду  инвестициялоо негизги максат болуш керек.

Мисалы, ар бир жигердүү жаран өзүнүн бизнесин ачууну кааласа, мамлекеттин колдоосун сезүүгө тийиш. Ош облусунда чакан жана орто бизнес ишканалары негизинен соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеп жатышат. Өндүрүш чөйрөсүндө иштегендер өтө эле аз. Чакан жана орто ишкердиктин мындай өнүгүү жолу экономиканы көтөрүү фактору боло албайт, ал жаратылыштык, эмгектик, интеллектуалдык жана өлкөнүн башка ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга алып келет.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн кыйла көйгөйлүү маселеси анын атаандашууга жөндөмдүүлүгү тууралуу маселе болуп саналат. Анткени Ош облусунда зарыл өндүрүштүк, адамдык жана илимий потенциалга ээ айрым фирмаларды кошпогондо ири ишканалар такыр жок.

Ата-мекендик жана чет өлкөлүк бизнес үчүн эң чоң тобокелдик – бул ишкердик иш-аракетти укуктук жактан коргоону жана алардын эркиндигин, менчиктин мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу боюнча мамлекет тараптан толук өлчөмдө кепилдиктердин жоктугу болуп атат. Ушуларды жолго коюш керек.

– Рахмат маегиңизге.

Маектешкен А.Белеков, Булак: "Майдан.kg" гезити