Бийликтин аракетин колдойлу!

Буга чейинки мамлекет жетекчилери тарабынан саясий чайкоочулукка айланып, элдин көңүлүн жазгыруу үчүн пиар катары айтыла калып келген “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу эки жылдан бери кеңири талкууга алынып, жакында эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрдү. Атай айтсак, Австрия Республикасынын Вена шаарында өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда сөз болду.

Аталган форумга Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы боюнча кеңири маалымат берип, аны куруу долбоорун сунуштады. Ал жерде Азиядан, Европадан, Жакынкы Чыгыштан делегациялар, жеке инвесторлор, ири инвестициялык банктардын жана компаниялардын өкүлдөрү, электр станциялары жана иш аткаруучу уюмдар, гидроэлектрстанциялар үчүн жабдууларды чыгаруучу алдыңкы компаниялар бар эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дешибиз керек, форум Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча Координациялык донордук комитетти түзүү менен аяктап, ага Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка финансылык институттар жана уюмдар кирди.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров буга чейин энергетика тармагы боюнча бир нече кайрылуу жасап, чечүү жолдору менен катар, көйгөйлөрүнө да токтолгон. Анын биринде 30 жыл мурда биз электрэнергиясын экспорттоп келсек, бүгүнкү күндө импорттоп жатканыбызды айтып, 30 жыл ичинде ГЭС курулган эместигин билдирген. Албетте, электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтүү милдети курч турганы эч кимге жашыруун эмес. Суу башында туруп электрэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш экени бүгүнкү күндүн кашкайган чындыгы. Муну мамлекет башчысы ачык белгилеп, мындан ары өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдалануу менен Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго аларын ачыктаган.

Эч кимге жашыруун эмес, бүгүнкү күндө биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Акыркы он жылдан бери, өзгөчө кыш мезгилинде электр кубаты көп колдонулган учурда “Токтогул суу сактагычынында мынча көлөмдө суу колдонулду, мынчасы калды” деп санааркап отурганыбыз баарына маалым. Эгер “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизип, андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, буга чейинки коркунуч жоголот. Кубаттуулугу 1000 мегаватт электр энергиясын өндүрө баштайт. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот.

30 жылдан бери билсе, билбесе деле оозун чоюп көнгөндөр ар нерсени дөөрүп, акылга сыйбаган сөздөрдү таратып жатканын да билебиз. “Камбар-Ата-1” иштеп калса, биздин Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Маселен, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Муну эч качан эстен чыгарбашыбыз шарт. Жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Кыскасы, бизге энергия керек болсо, кошуна мамлекеттерге сугат учурунда суу зарыл. Масштабдуу ГЭС курулуп бүтсө эки маселе тең чечилет.

Бул жерде белгилеп кетишибиз керек, 2012-жылы Атамбаев жетектеген бийлик орусиялык «РусГидро» компаниясы менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана Нарындын жогорку агымында төрт ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон. Бирок көп өтпөй инвестордун ишти баштабай жатканына шылтоолоп келишимди жокко чыгарышкан. «РусГидро» долбоорго 37 млн долларды сарптаганын айтып, каражатты кайтарып алуу дооматын биздин өлкөгө артканы маалым. Мындайча айтканда, иштин көзүн билбеген эргулдар ГЭСтин курулушун баштоонун ордуна стартегиялык өлкөлөрдүн ортосундагы мамилеге көлөкө түшүрүп, жок жерден миллиондогон долларлык дооматка калтырган. Эртеби-кечпи аларга зыяндын ордун толтуртуп, элден кечирим суратуу керек.  

Памир Манас, Булак: "Майдан.kg" гезити