Б.Абдималик: 3 жылга жетпеген убакыттын ичинде “Кыргызстан илбирс секирик жасады”- деп айтууга толук негиз бар.
- Кыргызстанга жаңы бийликтин орногонуна 4-жылга аяк басты. Анын ичинен 1 жылды эсепке алуунун кажети жоктой. Анткени 1 жыл убакыт Баш мыйзамды өзгөртүү, башка мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө жаатындагы иштерге сарпталды.
Анадан кийинки 3 жылга жетпеген убакыттын ичинде “Кыргызстан илбирс секирик жасады”- деп айтууга толук негиз бар. Бир убакта айрым дүйнө лидерлеринин өз өлкөсүндө болуп жаткан ар бир иштен кабардар экенине таң калып келсек, азыр Кыргызстанда да президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кабардар болбогон бир дагы тармак калган жок.
Кандай маселе болбосун, өтө ыкчамдык менен маселени жеринде көрүп, илгиртпей чечүү өлкөнүн күн санап алдыга сүйрөп жатканы чындык.
“Калк тараза, калк сынчы” демекчи эл баарын байкап, баамдап турат. Адатта мурдагы президенттердин убагында бийликке болгон элдин ишеними бир жарым жылда солгундай түшчү.
Ал эми жаңы бийликтин орногонуна үч жылдан ашуун убакыт өтсө да, бийликтин рейтинги кудум жаңы шайланып келгендей, эч өзгөрбөй сакталып келе жатканын - эл аралык серепчилердин пикирлери, чет элдик абройлуу уюмдардын сурамжылоосунун жыйынтыктары да тастыктап турат.
Баары салыштырууда билинет. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин биргелешкен аракети эл арасында лакапка айланып кеткендей отуз жылда чечилбеген маселерди заматта чечип, мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга жетише алды.
Эң негизгиси, кошуна өлкөлөр менен чек ара маселелерибиз дээрлик толук түрдө чечилүүсүнө аз гана убакыт калды. Бул өз кезегинде, кошуналарыбыз менен ынтымак-ырашкерликте өмүр сүрүүгө бардык шарттарды түздү.
Кошунаң сенден бакубат болсо, теңсинбеген сыяктуу эле, буга чейин орой айтканда, өтүгү жыртык, курсагы чала тойгон, аскердик техникасы жокко эсе армиябызды кошуна өлкөлөрдүн аскерлери “бучкагына теңебеген” учурлар болгону чындык. Жаңы бийлик келгени кыргыз армиясында абал мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Аскерлердин жашоо шарттары жакшырып, “Колчактын солдатындай” кычыраган аскердик формалар менен камсыз болуп, кадимкидей духу көтөрүлүп калды.
Жалпылап айтканда, президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Кыргыстанда унутта бир дагы тармак калган жок:
- Маданият тармагынын кызматкерлеринин маяналары эки эсе жогорулап, буга чейин унутта калган китепканачылардын айлыгынан бери көтөрүлдү.
- Руханий байлыгыбыз, улутубуздун өзөгү болгон Манас эпосун даңазалоо жаатында “ат көтөргүс” иштер аткарылды. Манас театры, Манас академиясы ачылып, бардык муктаждыктары чечилип берилди.
- Спортко колдоо болуп көрбөгөндөй күч алды. Ага ылайык, спорттун көпчүлүк түрлөрү боюнча ийгиликтерибиз да арбын.
- Мугалимдердин маяналары көтөрүлүп, жылына жүздөгөн жаңы мектептер ишке берилүүдө.
- Жакыр үй -бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз жөлөк пул берилүүдө. Идиреги барларлары туура пайдаланып, кирешеге чыгып, өз жашоолорун жакшыртып жатышат.
- УКМК жетекчиси, генерал Камчыбек Ташиевдин темирдей бекем саясий эрки менен кримдүйнөгө жана жемкорлорго элдешкис күрөш жүрүп, натыйжада 100 миллиард сомдон ашуун каражат өлкө казынасына келип түштү.
Эң негизгиси - бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги орной баштады. Мурда карапайым калкка эле иштеген мыйзамдар азыр министрлерге, прокурорлорго, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, “караларга” да иштей баштады.
Башта мамлекеттик кызмат бай болуунун бир жолу болуп келсе, азыр андай эмес. Мыйзамды аттасаң, машаяктын баласы болсоң да жооп бересиң. Бул бүгүнкү күндүн айныгыс чындыгы.
Баса, эгемендиктен бери чет жактан басылып “үлкөндөрдүн” чөнтөгүнө түшүп келген паспорт мафиясынын да күнү бүттү. Азыр паспорт өзүбүздөн басылып калды.
“Тилинен чаң чыккан” саясатчылар “алалбайсың” деген менен “Кумтөр” дагы Кыргызстанга өтүп, элдин, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштөөдө.
Кыскасын айтканда, акыркы үч жылда өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн эч ким тана албайт.
Булак: "Майдан.kg" гезити